Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Кыргызстандын элчиси Жапониянын мурдагы өкмөт башчысына кол салууну айыптады  


Мирлан Арстанбаев жана Синдзо Абэ.
Мирлан Арстанбаев жана Синдзо Абэ.

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев ал өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэге кол салууну кескин айыптай турганын билдирди.

“Биз адамкерчиликсиз аракетти чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Синдзо Абэ мырзанын ден соолугу үчүн тынчсыздануудабыз жана амандыгын тилек кылуудабыз”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Жапон өкмөтүндө мурдагы премьер-министр Синдзо Абэге кол салуу болгонуна байланыштуу кризистик штаб түзүлдү. “Киодо” маалымат агенттиги билдиргендей, штабды өкмөт башчы Фумио Кисида жетектемей болду, ал Ямагата префектурасында шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу иш сапарын токтотуп, борбор калаа Токиого чукул кайтып барды.

Окуя Нара шаарында, Синдзо Абэ эл алдында сүйлөп жаткан учурда болгон. NHK телеканалынын кабарчысы жеринен маалымдагандай, алгач ок атылгандай добуш чыгып, мурдагы өкмөт башчы кансырап жатып калган.

Дароо ооруканага жеткирилген Абэнин абалы азыркы тапта үмүттөндүрөрлүк эмес экенин жазып жатышат. Полиция кылмышка шектүү адамды кармап, азыр суракка алууда. 67 жаштагы Абэ 2015-жылы жубайы менен Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен. Ал жапон өкмөтүн 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары башкарган.

Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында өзү мурда жетектеген Либералдык-демократиялык партияны колдоп сүйлөп жаткан. Азыр бул партияны азыркы өкмөт башчы Фумио Кисида жетектөөдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG