Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Түлөбердиев “Манастын” жаңы жетекчиси Самидиновдун иш тажрыйбасы жетиштүү экенин айтты


Манас Самидинов.

““Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна башкы директор болуп жаңы дайындалган Манас Самидиновдун бул жумушту аркалап кетүүгө тажрыйбасы жетиштүү деген пикирин 7-июлда “Азаттык” радиосуна ишкананын Директорлор кеңешинин мүчөсү Ренат Түлөбердиев билдирди. Ал жаңы директор президенттин туугандарына жакын адамдардын бири деген сөздөрдү четке кагып, андайды эч качан укпаганын, “биринчи жолу угуп жатканын” айтты.

“Тажрыйбасы жетет. Азыр аэропортто иштеп жаткан команда жакшы. Иштин баарын чогуу алып барабыз. Аэропортто абдан жакшы команда түзүлгөн. Чоң-чоң ийгиликтерге жетишип жатабыз. Чогуу иштеп, ийгиликтерге жетебиз”, - деди Түлөбердиев.

Ал жаңы жетекчи Манас Самидинов буга дейре “Манас менежмент” компаниясын башкарып турганын жана “иши жакшы болуп жатканын” кошумчалады.

Түлөбердиевдин айтымында, аэропорттун буга чейинки башкы директору Бакыт Шаршеев кызматынан “башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу” кетти.

7-июлда “Манас” аэропортунун Директорлор кеңешинин отурумунда мекеменин башкы директору чукул алмашкан.

Жаңы жетекчи Манас Самидинов жөнүндө интернетте дээрлик маалымат жок. Айрым маалымат булактары ал президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун уулу Азаттын досу экенин жазып чыгышкан.

Буга чейинки жетекчи Бакыт Шаршеев “Манас” аэропортуна жетекчи болуп 2021-жылы 9-февралда дайындалган.

Ишкананын жетекчисинин алмашуусу кыргыз өкмөтү "Манас" жана "Ош" аэропортторун сырткы башкарууга берүүгө аракет кылып жаткан учурга туш келди. Эки аба майданын түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында билдирген. Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан.

Коомчулуктагы талкуудан кийин Акылбек Жапаров "Манас" жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча азыр сүйлөшүү гана жүрүп жатканын айткан.

““Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен» эл аралык, ал эми алтоо –«Жалал-Абад», «Исфана», «Караван», «Казарман», «Нарын» жана «Талас» аймактык деген макамга ээ.

Беш адамдан турган Директорлор кеңеши башкарган бул ачык акционердик коомдун акцияларынын 87,51% (79,05% Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда, ал эми 8,46 % Социалдык фонддо) мамлекетке таандык. Калганы башка юридикалык жана жеке жактардын колунда. (EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG