Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Байден америкалык баскетболчуга Орусияда чыккан өкүмдү айыптады


Бриттни Грайнер
Бриттни Грайнер

АКШнын президенти Жо Байден америкалык баскетболчу Бриттни Грайнерге чыккан айыптоо өкүмүн “кабыл алынгыс” деп атады жана Орусияны аны токтоосуз түрдө бошотууга чакырды. Ал ошондой эле өзүнүн администрациясы Грайнерди үйүнө кайтаруу үчүн “тынбай аракет кыла берерин жана мүмкүн болгон жолдордун баарын карап көрөрүн” айтты.

4-августта Москванын жакасындагы Химки шаарынын соту америкалык баскетболчу Бриттни Грайнерди тогуз жылга колонияга кести. Ал баңгизатты контрабандалык жол менен ташууга күнөөлүү деп табылды.

Грайнерди быйыл 17-февралда Москванын Шереметьево аэропортунда кармашкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, багажында электрондук тамекинин кара куурайдын майы менен толтурулган картриждери табылган.

7-июлда Химки райондук сотунда өткөн жараянда ал күнөөсүн моюнуна алып, бирок мыйзам бузуу ниети болбогонун айткан. Ал алып жүргөн заттар Орусияда жүгүртүүгө тыюу салынган, АКШнын айрым штаттарында алып жүрүүгө уруксат бар.

Грайнер Екатеринбургдагы УГМК аялдардын баскетбол клубунда ойноп жаткан. АКШнын улуттук курама командасында ал эки жолу Олимпиада оюндарын уткан.

Мурдараак АКШ президенти Жо Байден Орусияда камалган америкалык эки жаранды курал-жарак соодасы үчүн соттолгон орусиялык Виктор Бутка айырбаштоо сунушун колдоду. Ал баскетболчу Бриттни Грайнер менен Орусияда соттолуп жаткан башка бир америкалык жаран Пол Уиланга алмаштырылганы жатат. Bloomberg басылмасы кабарлагандай, Москва Грайнерди Бутка гана, болбосо эки адамга эки адамды алмаштырууну көздөп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG