Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

АКШ маймыл чечегин өзгөчө кырдаал катары жарыялады


Маймыл чечегине шектелгендердин анализдерин текшерүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Маймыл чечегине шектелгендердин анализдерин текшерүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ саламаттык сактоо тармагында маймыл чечегин өзгөчө кырдаал катары жарыялады.

Өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар боюнча министри Ксавьер Бесерра билдиргендей, бул кадам инфекцияга каршы күрөшүүгө кошумча каражат бөлүүгө жана көбүрөөк адистерди тартууга шарт түзөт.

Кошмо Штаттарда маймыл чечегин жуктуруп алгандардын саны 6600дөн ашты. Алардын баары эркектер.

Дүйнөлүк саламаттык уюму 23-июлда маймыл чечеги боюнча абалды "саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал” деп жарыялаган. Май айынан бери бул ооруну 70тей мамлекеттен 16 миңдей киши жуктуруп алган.

Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо - бул өкмөттөрдү кандайдыр бир чектөө киргизүүгө эмес, көбүнчө вакцина өндүрүүгө каражат бөлүү маселесине багытталат.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталганы үчүн ушундай аталып калган. Вирустун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот.

Ооруну жугузуп алган киши алгач өзүн чарчаңкы сезип, булчуңдары, далысы ооруй баштайт. Андан кийин дене табы көтөрүлүп, башы ооруйт, бездери шишийт. Көп өтпөй адамдын бетинде бүдүрлөр пайда болуп, ыйлаакчага айланып, алаканга жана таманга жайылып, дененин башка бөлүктөрүн басып кетет. Ыйлаакчалар кычышып, оорутушу мүмкүн. Оору эки же төрт жумада өзү айыгат, адам каза болгон учурлар дагы бар. (ErN\EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG