Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Элчи Бекназаров өкмөттүн Кумтөр боюнча чечимин сындады


Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп 2019-жылы декабрда дайындалган.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров жергиликтүү медианын бирине курган маегинде Кумтөр кенине байланыштуу жаңы келишимди сындап чыкты. Анда Кыргызстан канадалык "Центерра Голд" компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө кое албаганын, экологиялык доодон баш тартканын "утулуу" катары сыпаттады.

Өткөн аптада президенттик администрация "Кумтөрдү" өткөрүп берүү жараяны биротоло аяктаганын билдирген. Жаңы келишимди жактагандар Кыргызстан бул жагдайда чоң утушка ээ болгонун айтып келишет.

Азимбек Бекназаров маегинде жаңы келишимге байланыштуу бир катар жагдайларды белгилеген. Анын негизинде Кыргызстан коррупцияны далилдеп, доосун өндүрүп ала албай калганын айткан.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

"Кыргызстан "Центеррага" же башка кимдир бирөөгө, "Кумтөрдөгү коррупциялык схемалар" боюнча эч кандай күнөө коё алган жок! Кылмышкер жокпу? Демек, кылмыш жок, болгон эмес! Жок дегенде "кустурулганы" да жок! Экинчиден, Кыргызстан экологиялык доодон баш тарттыбы? Демек, экологиялык зыян болгон эмес! Үчүнчүдөн, "Центеррадагы" 24% акцияны да албай турган болдукпу? Демек, Кыргызстандын үлүшү баштапкы 67%, 13,5%, анан 24% туура түшүрүлгөн! Демек, келишим "коррупциялык" эмес! Төртүнчүдөн, 2009-жылдан берки "Центарранын" башка өлкөлөрдөгү объектилериндеги биздин 24% акциянын ээлери, Кыргызстан болгон эмес! Болсо аны доолайт элек да! Биз 30 жыл бою "Камекодо", "Центеррада" жөн эле "акциябыз бар" деп жүрүптүрбүз. Кыргызстандын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун негизинде, эл аралык сотто башкача чечкенге толук мүмкүнчүлүк Кыргызстанда бар болчу! Андай жол менен чечүү үчүн биз: "Кумтөр" алтын кениндеги чет элдик компаниялар, Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келген "коррупциялык келишим" менен иштеп келгенин, анын кесепетинен Кыргызстанга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык, экологиялык жана моралдык зыян келтирилгенин, алар кимдер тарабынан кантип келтирилгенин айныксыз далилдер менен (алар комиссиялар тарабынан далилденген) тастыктап, күнөөлүүлөрдү өзүбүздүн сот аркылуу жазалап, анан эл аралык сотко барыш керек болчу!",- деген Бекназаров.

Бийлик өкүлдөрү элчинин мындай дооматтарына азырынча жооп кайтара элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков Фейсбуктагы баракчасына Бекназаров бийликтин аракетин сындагандан кийин кызматын тапшырышы керек деп жазды.

"Азике (Азимбек Бекназаров - ред.) ачуу чындыкты какшык аркылуу катыра айтыптыр. Бирок бийликтин саясатына каршы пикир айткандан кийин, ал кызматын тапшырып кетсе болмок. Равшан Жеенбеков 2007-жылы ошол Азике отурган элчиликте отуруп, ал кездеги Бакиев бийлигин саясатына каршы чыгып, кызматын тапшырып берген эле. Бийликте отуруп, бийликти сындаган жигитчиликке жатпайт. "Ачык пикирим үчүн алып койду" дегенге жеткен менен, "убагында унчукпай эле отургансың" дегенден кайда качат? Өлкө башчыбыз алабы же өзү арыз жазабы, отурганы туура эмес",- деп жазган Момбеков.

Саясатчы Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кылып 2019-жылы декабрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков дайындаган.

Ал буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2015-жылы жана 2010-жылдагы бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылаптарга катышкан.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев кыргыз өкмөтү бардык жагдайларды карап, чечим кабыл алганын айтып жатат.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Мен Бекназаров кандай эсептерди алып айтып жатканын түшүнгөн жокмун. Бирок экономикалык эсептер боюнча буга чейин Канадага, башка инвесторлорго кетип жаткан кирешенин эсебинен кен бизге өткөндөн кийин кирешебиз эки-үч эсе көбөйдү да. Биз экономикалык жактан уттук. Мен буга толук ишенем. Башка мамлекеттердин алтын кендериндеги акцияларыбызды жоготтук деп жатышат. Эми ал кендер канчалык деңгээлде иштейт эле, канчалык деңгээлде ийгиликтүү долбоор болот эле, киреше алат беле деген суроолор, божомолдор бар. Биздин өкмөт деле эртеңки чоң ийгиликтен көрө реалдуу ийгилик бүгүн болсун деген идеологияны тандадыбы деп ойлойм. Менимче абдан туура кылышты".

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Орозайым Нарматова президенттин оппозицияда жүргөндөгү Кумтөргө байланыштуу берген убадаларын эске салды:

Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

"Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин "Кумтөрдө" алтын калбай калды деп баса белгилеп айтып жүргөн. Эгер ал жакта алтын калбай калса, анда эмнеси утуш болду? Кенди иштеткен тараптарга ал койгон талаптар Кыргызстанга экономикалык жана экологиялык чыгымдарды төлөп берүү болгон. 2017-жылы ал биз сыяктуу жаштарды чогултуп, өзүнүн "Мекенчил" деген партиясын ачып, жалпысынан 1,5 миллион элден кол топтогонбуз. Анда "Канададан коррупцияга байланыштуу 3,5 миллиард доллар, экологиялык чыгымдар үчүн 7 миллиард долларды эл аралык соттор аркылуу өндүрүп алабыз деген саясат жүргүзгөн. Бул азыркы президенттин айткан сөздөрү. Биз бул келишимде толугу менен уттурдук. Анткени канадалык компания Кумтөрдүн алтынын күрөөгө коюп, фабрикаларды куруп, техника алган. Эгер өзүбүздүн алтыныбыздын эсебинен фабрикаларды куруп жатса, бир сом акча кеткен эмес да".

Садыр Жапаров Кумтөр Кыргызстанга биротоло өткөнүнө байланыштуу өзү кандайдыр бир билдирүү жасай элек. Анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына муну "тарыхый окуя" катары сыпаттаган.

"Күткөн күн келди, элибиздин үмүтү акталды. “Кумтөр” кенинин кийинки тагдырына, ага ээлик кылуу боюнча талаш-тартыштарга байланыштуу акыркы жаңылыкты эки ооз сөз менен ушинтип айтат элем. Болгондо да кубанычтуу жаңылык экенин баса белгилеп кетким келет. “Кумтөрдүн” Кыргыз Республикасынын менчигине өтүшү менен тарыхый адилеттүүлүк орноду десем аша чапкан болбос. Мында Садыр Нургожоевичтин ролун бардыгы эле түшүнүп турат. Президенттин эрки, убагында элине берген убадасынын өтөсүнө чыкмайынча санаасы тынчыбаган өжөрлүгү чоң роль ойноду",- деп жазган.

Былтыр апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26% акциясын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Жыл башында Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 2021-жыл үчүн отчёту бекитилгени жөнүндө тараткан билдирүүсүндө кенде өткөн жылы 14 миң 561 килограмм алтын казып алынганы, алтынды сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. долларды түзгөнүн билдирген. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынган киреше 621 млн. доллар болгон. Бирок кийинчерээк өкмөттүн сайтындагы бул маалымат алынып салынган.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк май айынын ортосунда “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирген. Ал жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалаган.

“Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса, бери дегенде 3-4 тонна алтын берет. Калдык сактоочу жайдагы жана жер алдынан казылган алтынды кошсок эле жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз”, – деген анда Бөлтүрүк.

Садыр Жапаров өзү мурдараак Кумтөрдүн ишине аудит дайындалганын, жалпы маалыматтар ошонун жыйынтыгында берилерин билдирген. Мамлекет башчы да, Министрлер кабинетинин төрагасы да, Тенгиз Бөлтүрүк өзү да “Центерра” менен ажырашуу жараяны толук аяктагандан кийин бардык маалыматтар ачык жарыяланарын убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG