Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Роман Петров Ислам шериктештиги оюндарында алтын медал тагынды


Роман Петров.
Роман Петров.

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык спортчу Роман Петров фехтование боюнча алтын медал тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Петров 15-августта финалда азербайжандык Руслан Хасанов менен беттешип, 15:11 эсебинде жеңишке жетти.

Соңку жыйынтыктар боюнча V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында жети алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар. Медалдар көрсөткүч боюнча Кыргызстан азыр 9-орунда бара жатат. Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Түркиялыктар 90 алтын, 81 күмүш, 63 коло байге алышкан. 2-катардагы Өзбекстанда 40 алтын, 28 күмүш жана 44 коло бар. Ирандын спортчулары 37 алтын, 31 күмүш, 42 коло байге менен 3-орунга чыкты.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG