Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстан онунчу орунда


V Ислам шериктештиги оюндарында фехтованиеден жеңүүчү болгон Роман Петров. 15-август, 2022-ж. Конья, Түркия.
V Ислам шериктештиги оюндарында фехтованиеден жеңүүчү болгон Роман Петров. 15-август, 2022-ж. Конья, Түркия.

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында 15-августта кыргызстандык спортчулар эки алтын жана эки коло байгеге ээ болушту. Алтын байгелерди фехтованиеден Роман Петров менен салттуу жаа атуудан Ынтымак Мурадил уулу алды. Ал эми коло байгелер оор атлеттер Канымжан Алмазбек кызы менен Бекдөөлөт Расулбековго таандык.

Бул байгелерди кошкондо учурда Кыргызстандын эсебинде сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге чогулду.​ Байгелердин басымдуу бөлүгү балбандарга таандык. Кыргызстан медал алган 56 мамлекеттин арасынан азырынча 10-катарда келе жатат.

15-августка караган түнү сууда сүзүүчү Денис Петрашов 200 метрге брасс боюнча сүзүп, бул оюндардагы экинчи коло байгесин алды. Ал буга чейин бир күн мурда 50 метрге брасс менен сүзүүдө дагы 3-орунду ээлеген. Денис алдыда дагы 100 метрге жарышка чыгат.

Денис Петрашов V Ислам шериктештиги оюндарында. 13-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.
Денис Петрашов V Ислам шериктештиги оюндарында. 13-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.

Ушул эле күнү 19 жаштагы оор атлет Эмил Молдодосов күмүш байгенин ээси болду. Ал 89 килограмм салмактагылар арасында жулкуп көтөрүүдө 161 килограмм, түртүп көтөрүүдө 193 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы эсепте 354 упай менен 2-орунду ээлеп, күмүш байге алды.

Жаш спортчу таймаштын жүрүшү тууралуу төмөнкүдөй пикирин айтты:

"Ислам шериктештиги оюндарында 89 кг салмакта чыктым. Бул мага жаңы салмак. Буга чейин 81 кг салмакта чыгып жүргөм. Абдан кубанычтамын. Атаандаштар күчтүү экен. Бирок, ага карабай мээнетим чоң болчу. Агайларга, оор атлетика федерациясына чоң рахмат. Бизде үчкө бөлүнөт: жулкуп көтөрүүдө коло, түртүп көтөрүүдө коло, анан жалпы эсепте күмүш байге алдым. Агайларыма, кыргыз элиме чоң рахмат. Алыстан болсо дагы колдоону сезеип турдум".

Спорттун бул түрүнөн 15-августта оор атлеттер Канымжан Алмазбек кызы менен Бекдөөлөт Расулбеков коло байге алышты. Канымжан Алмазбек кызы 87 килограмм салмактагылар арасында жулкуп жана түртүп көтөрүүдө жалпы 171 килограмм салмакты көтөрүп, коло байге алды.

Ал эми Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограмм салмактагылар арасында жулкуп көтөрүүдө 169 кг, түртүп көтөрүүдө 216 килограммды көтөрүп, жалпы 385 килограмм салмакты эсебине жазып, 3-орунду ээледи.

Бул күнү кыргызстандык спортчу Роман Петров фехтованиеден (шпага) 1-орунду ээледи. Ал финалда азербайжандык Руслан Хасанов менен беттешип, 15:11 эсебинде жеңишке жетти. Спортчу жалпы сегиз беттеш өткөрдү. Ал жарым финалда өзбекстандык Нодирбек Муминовду 15:10 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Салттуу жаа атуу боюнча Ынтымак Мурадил уулу V Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду. Ал эркектер арасында 70 метрге жаа атууда 1-орунду алган. 16-августта спорттун бүл түрүнөн командалык беттештер болуп, сыйлоо аземи өтөт.

Балбандардын дүбүртү

Жогоруда аталган спортчулардан сырткары Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбандар да байге алышты. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы жети байге: эки алтын, төрт күмүш жана бир коло, эркин күрөшчүлөр бир алтын, бир күмүш жана бир коло, кыз-келиндер күрөшүнөн балбан кыздар үч алтын, бир коло байгеге ээ болду.

Атап айтсак алтын байгелерди: эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг), грек-рим күрөштөн Акжол Махмудов (77 к), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) алды.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, V Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду. Финалга чейин Тыныбекова алгач казакстандык Ирина Кузнецованы, жарым финалда сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалга чыккан.

"Азия чемпионатынан кийин эл аралык мелдештерге катышпай калган болчумун. Бутум бираз кокустап калган. Дүйнөлүк чемпионаттын алдында машыктыруучум менен Ислам шериктештик оюндарына келип отурабыз. Анча даяр эмес болсом да мелдешке чыгып, алтын медел тагынып турам. Жалпы элиме терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Ислам шериктештиги оюндарында экинчи жолу жеңишке жетип жатат. Ал 2017-жылы Бакуда өткөн мелдеште дагы алтын байге уткан.

Күмүш байгелерди эркин күрөш балбаны Алмаз Сманбеков (57 кг), грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү Тынарбек Шаршеев (63 кг), Калидин Асыкеев (86 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), коло байгелерди эркин күрөштөн Нуртилек Карыпбаев (86 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Дилназ Сазанова, грек-рим күрөшүнүн өкүлү Атабек Азизбеков (87 кг) алды.

Медалга бай күрөшчүлөр

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоков кыргыз спортчулар Түркияга чоң дымак менен келгенин белгиледи.

"Биздин даярдыктар эң жакшы болду деген ойдомун. Жалпысынан жети медал алдык. Анын алтоосу финалдык беттештерден алынды. Эки алтын, төрт күмүш жана 1 коло уттук. Бул биз үчүн эң жакшы жыйынтык деп эсептейбиз".

Күрөш боюнча таймаштар 13-августта жыйынтыкталган. Алдыда 18-августка чейин кыргызстандык спортчулар өзүн сынай турган бир нече спорттон беттештер бар.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Марат Аскарбеков:

"Дүйшөмбү күнү кыргыз спортчулары оор атлетика, сууда сүзүү, көркөм гимнастикадан ат салышат. Ал эми шейшембиде кикбокс боюнча курама команда беттешке чыгат. Жаа атуу жана каратэ боюнча да спортчулар Кыргызстандан келе жатышат. Алар Коньядагы мелдештерди улантышат", - дейт Аскарбеков.

Түркияда бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат.

Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн катышууда. Оюндар 18-августта аяктайт.

Медалдардын саны боюнча тизменин сап башында Түркия, Иран, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Индонезия жана Бахрейн бар. Түркиялыктар 90 алтын, 81 күмүш, 63 коло байге алышкан. 2-катардагы Өзбекстанда 40 алтын, 28 күмүш жана 44 коло бар. Ирандын спортчулары 37 алтын, 31 күмүш, 42 коло байге менен 3-орунга чыкты.

Кыргызстан сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге менен 10-орунда келе жатат.

Кыргызстандык спортчулар Ислам шериктештиги оюндарына 2005-жылы алгачкы жолу катышып, ал кезде сегиз байге уткан. Иран жана Индонезияда болгон экинчи жана үчүнчү оюндарга катышкан эмес. Азербайжанда өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарынан Кыргызстандын курама командасы жалпы 17 медал утуп, 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG