Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 14:33

“Марадонанын” шагын сындырган кайдыгерлик


Иллюстрация сүрөт.

Каргадай бала кезде бөртүп чыккан ышкы пенде баласын алдыга үндөп, жашоо-турмушунун шамчырагына айланат. Султан Жумагуловдун “Марадона” аңгемесинин каарманы ошондой ышкылуу бала.

Боорун жерден көтөргөнү кыймылга жакын, чуркамайын-секирмейин турбаган тентек балдар болот. Алардын денесине батпаган энергия спортко сарпталып, шарты келип, бактысы ачылып калса оголе зор ийгиликтерди жаратарын, улуттук сыймыкка айланарын көрүп жүрбөйбүзбү. Биз бала кезде спорттун көп түрүнүн ичинен - футбол өзгөчө барктуу эле, күйөрмандардын оозунан түшпөгөн кумири Пеле болчу.

Спортко өзгөчө кызыгып, оюн десе ичкен ашын таштаган өтөле ышкылуу балдардын бири Замирбек деген классташым эле, ал сабак бүткөндөн кийин деле үйүнө шашпай мектептин спорт талаасынан кетпей жүрө берчү. Дене тарбия сабагы болгон күн ага өзгөчө майрам эле, райондук мелдештер деп дене тарбия агайыбыз оюнга шыктуу балдарды машыктырып, кыйла убакты-саатын аянтта өткөрүшчү. Бир өкүнткөн жагдай, классташым мектепти аяктагандан кийин дене тарбия институтуна тапшырбай, туугандарынын кеңеши менен Алматыдагы токой чарба институтуна өттү. Бир жылга жетпей каалабаган окуусун таштап айылга баса берди. Ал жерде чарбанын жумушчусу, совхоздун белдүү тракторчусу болуп иштеп жүрүп кырсыктан каза болуп калды. Султан Жумагуловдун “Марадонасын” окуп жатканда жаштык кездин ошол өкүттүү учурун эстедим.

“Марадонанын" тобун жарган чоң ата

Ал эми Султан Жумагуловдун каарманын жалаң топ менен жашаган ышкылуу тестиерди айылдаштары "Марадона" деп атап алышкан. Азан чакырганда койгон Эсен деген аты унутулуп, көпчүлүк деген көпчүлүк экен, ушул ысымды коюп алышкан. Марадонанын машыгуусунун азабын чоң атасынын шыбагы аз-аздан көчө баштаган эски үйүнүн дубалы тартты окшойт. Жаны тынбаган Марадона акиси эчак күбүлүп, ансыз да шамал менен жамгыр кейпин кетирип койгон дубалга колу бошосо эле резинке тобун тебе берип, кыйла жерин оюп салды. Мунусу машыгуу, топ таамай тебилиши керек, маңдайдан тебилеби, капталдан тебилеби – кайдан тебилсе да көздөгөн жерге тийиши керек. Жалаң тепсе эле бир жөн, ыңгайы келсе сүзүшкө да уруксат берилет.

Токтолго таппаган тоголок топ менен Марадонанын эки аягы тынбай, бири чимирилип тоголонуп, экинчиси секирип тээп, тынымы жок кыймыл уланганы уланган. Резинка топту Марадона тепчү чаарала топко окшотуп боёп салган. Чыныгы оюнчу ошондой топту тебиш керек. Анан да бу резинка топ катуу секирет, аны кубалап жүрүп эсиң оойт. Эсен да анын эбин тапты. Кичине көзөнөк жасап койду эле асман-айга секирчү тобу бираз “жоошуп” бийик секирбей калды. Иши кылып, баланын ойлогон ою ушул топко гана байланган. Топ да кыйла бышык экен. Бут кийим, батинкенин түтүшү кыйын го. Чоң атасы менен чоң энеси топту ташта деп небересине айта берип тили тешилди. Анан бир күнү Ысмайыл акенин да чыдамы түгөндү окшойт, топту эки тизесине кыпчып туруп макиси менен шылып салды.

“Марадона” тобунун “быш-ш” деп барып, чүрүшүп калганын алая карап турганда, өңү заматта кубарып, көчө өйдө безип жөнөбөйбү. Ошол бойдон жоксун алып жок. Ысмайыл аке менен чоң апа Чолок көчөдөн баштап кыштакты түрмөтүр кыдырып, натыйжа чыкпаган соң аркы айылдагы чоң апанын төркүндөрүнүкүнө чейин издеп, таң аткыча беймаза.

Эртеси эми жер жарылганда тегирменчи Кыдырбай аба Эсенди тору жоргосуна учкаштырып жеткирди.

“Каш карайган маалда Ортоктун секисинде эрбеңдеген караан бар. Ат чалдырып турдум эле. Бул мурдуңду урайын тетигиле төрдөгү атасына баратыптыр. Жөө жетеби анча жерге? Алдап-соолап араң дегенде үйгө кондурбадымды, ушундай да көк болобу, мурдуңду урайын”, - деп божураган тегирменчи.”

Марадонанын тобуна окшоштуруп алган чаарала тобунун таарынычы ошентип аз жерден Эсендин атасына качып кетишине жеткирген. Ысмайыл аке ошондон кийин небересине кой-ай дегенди токтоткон. Өз балаң болсо урушуп, какыс-кукус кылсаң боло берет, небереге антиш мүмкүн эмес турбайбы. Дагы жакшы жолдон Кыдырбай аксакал жолугуп алдап-соолап алып калыптыр, бала эмес чоң киши жөө жеткис жерге барам деп кете берсе эмне болмок?! Аны ойлогондо чал-кемпирдин оозунан келмеси түшүп, кадимкидей чочулашты, ойлогондон коркчу нерсе го.

Көк майсаң

Резинка топтун айынан небересин таарынтып алган чоң ата эртеси район борборуна барып Эсенге бир эмес эки топ алып келип берди. Аны менен эле тим болбой Ысмайыл чалдын небереси чолок көчөлүктөрдү топко көндүрдү. Мунусу да бар. Айылда деле билинбеген менен кыйла түйшүк туру го, мал карамай, суу апкелмей, отун жармай, сарай тазаламай, жер казмай – иштейин десең жумуш толтура. Бирок да бул жердегилер мурдагыдай божурашып отурмайды токтотуп, топтун гана кебин сүйлөп калышты.

“Колу-жолу боштордун баары төрт кошконго чогулуп, караан көбөйө калганда Ысмайыл аке актана минтет: “Биздин тукумда оюнга ышкыбоз жан жок эле, бу таң оозуна урайын кайдан оюнкарак чыкты билбейм. Же тайларын тартканбы? Жанагы куркут таякеси балибол чаба калчу эле, ыя?”. “Ысмайыл аке, аман болсо мындан бутболис чыгат, ошондо телевизордон көрөбүз, буюрса, - дечү бирөөсү. – Мектеп боюнча кыйын ойнойт экен”.

Мектепте футболго анча назар салбагандарына Эсендин куйкасы курушчу. Футбол аянтын да эптеп салып койгондорун кара. Чийиндери такыр көрүнбөйт, бир дарбазасынын үстүңкү устуну жок, мешке жагабыз деп көтөрүп кетишсе керек. Физкультура агай да кызык, волейболдон башканы билбейт. Футболду жакшы ойногондун көбү да ошоякка ооп кетпедиби. Кечинде төшөктө жатып санаса жетөө эле калыптыр: Сүйүндүк, Алмаз, Мурат, Ыйса, Токо, Ороз, анан өзү. Бир команда болуш үчүн дагы төртөө керек. Районго барганда ойногонду көрсөтүшөт эле. Баягыда агайга айтса: “Футболдон башкасын эле кыйраткылачы, мен кудайга салпылдап кетейин”, - деп кагып койгон.”

Оюнга азгырылган жан башканы ойлойбу. Эсен да басса-турса жалаң топ, футболду гана эстеп, ошонун кам-чомуна башын оорутат. Уктарда оюнчуларды кандай жайгаштырууну ойлойт. Баары эле чабуулчу болгусу келет, коргоочулукка, дарбаза тосконго кызыкканы аз. Сүйүндүк баарынан мыкты ойнойт, бирок өзүмчүл, топту мага узат деп кыйкырат да турат. Ал эми өзү пасты эч кимге бербейт. Топ тийсе болду башкаларды карабай алдыга кетет. Бою чоң, жогорку класста окуган балага эч ким каяша айта албайт. Сүйүндүк го мейли, талашып-тартышканы менен оюндан калбайт. Калган төртөөн кайдан табышат? Төмөнкү класстын балдары кичинелик кылышат. Ал байкуштарды районго барганда чоң балдар жөөлөп кетишет. Чоң балдардын жетпей атканын карачы. Эсенди да акыры уйку басат. Марадона деле уктайт да, уктабаса кантип ойной алат? Эсендин түшүнө жалаң футбол кирет, эмнени ойлосоң ошол кирет экен.

“Көк шибер, апаппак кийинип алышкан. Стадиондо аба жарган эл. Кадимки беш бурчтуктардан куралган булгаары топ. Оме-ей, Блохин, Чивадзе, Яковенколор жүрөт да. Бир убакта көк шиберге оонап, уктагысы келет. Бирок жатууга болбойт да. Кайсы бир чет өлкө менен беттешип жатышкансыйт. Бир топ кишинин: “Ой, карагылачы мобу кичинекей баланы! Өлө алдайт экен”, - деп сүрөгөнү кулагына жетет.

Аңгыча чаарала топ бутуна тийди. Алдын торой бирөө чуркап келатат. Топту чебердей алаасынан өткөрүп ийип, анан дагы бирөөн буйтап өттү эле: “Ой азамат, өнөрүңө баракелде, кыргыз Марадона!” – деп чуулдап калышты. Блохин жетип келип, башынан сылап койду. Бир нерсеге эле жанатан бери башы жетпей жатат – чабуулчу же коргоочу экенине. Далысында номуру болуш керек, телевизордогуларда сөзсүз номур болот. Же далысын өзү көрө албайт, Блохинден сурайын деп уялат. Э кокуй, Сүйүндүк менен Алмаз да жүрөт го?

Эсепти билбей койду. Элдин дуулдаганына караганда, кыязы, утуп атышкан окшойт. Көк шиберде ойногон жыргал турбайбы, такыр күйүкпөйсүң. Анан эч ким да сөгүнбөйт экен. Ойной беришти, ойной беришти. Бир маалда Эсендин уйкусу келди, шибердин берки четине чыгып жата кетти. Караса, чоң атасы бери келатат. Колунда тобу бар. “Таңоозуна, жүрү эми үйгө кетели, - деп эркелетет. – Жакшы ойнойт деп булгаарыдан тигилген топту беришти саган”.

Мыкты оюн түшүндө гана болду, көк шиберде булгаары топту талашып, кимиси күлүк, ыктуу болсо топ ошонун бутуна оролушуп, жыргап ойношот.

Ошондой кызык түштөрдөн кийин Марадона Алмаз менен торпок издеп Ийри-Сууга түшкөн. Сай бойлоп төмөн басышса айылдын аяк тушунда футбол аянтына гана ылайыкталгандай жайкалган көк шибер жайык жер бар экен. Эсендин көзү жайнап кетти, мына ушул жерде футбол ойнош керек. Ушул жерди айылдын футбол аянты кылыш керек. Анын эни канча болору Сүйүндүктүн чиймесинде бар. Мурда эмнеге байкабады экен?!


Эсен жакшы ишти кийинкиге калтырбай дем алышта балдарды ээрчитип майсаң жерге келип, футбол аянтын курууга киришти. Алгач чийиндерди оюп алышса, кийинкисинде устун таап келип эки дарбаза орнотушат. Жайыктын жанындагы дөңгө көрүүчүлөр, айылдыктар келип отурушат. Баарысы дугдуңдап иш кызуу жүрүп жаткан. Марадона айтпаса деле балдар мыкты футбол талааны элестетип, телевизордогудай оюн болоруна баары ишенип иштеп жатышкан. Анан “Уазигин” дөңкүлдөтүп айдап колхоздун агроному келип калбаспы. Машинадан түшүп-түшпөй эле кыйкырды:

“- Ой чунак балдар, биерди эмне кылып атасыңар? Кудай урбадыбы, сокого жеткирбей оё башташканбы?
- Футбол аянтын куруп аттык эле.
- Бутбол дейби? Атанын гана де, булардын бышыктыгын көр, - агроном аке салаасындагы чылымынын күлүн чертип койду. – Мектебиңерге барып ойнобойсуңарбы?
- Мектептики туура эмес салынган, түз эмес, кичине, шибери жок такыр...
- Анда эмне ишим бар, анан ушу калкоздун талаасын бутбол кылганы атасыңарбы, деги силерге ким уруксат берди ыя?
- Бу жер ээн эле жатпайбы, эмне болмок эле? - деп күңк этти Сүйүндүк.
- Эмне болмок эле деп, бу сен Маамыттын баласы топ деп жүрүп бир күнү шыйрагың сынар бекен! Бу балдарды баштаган сенсиң го. Чыймыт чүкөдөй болуп мобуга эмне жок? Тамыңды жыртып бүтүп, эми калкоздун талаасынын тамтыгын чыгарайын дедиңби? Ысмайыл акеге айтып, жазаңды окутуш керек экен сенин. Давай, көр-жериңерди алып, бу жерден кеткиле. Тимеле Пеле болуп кетишет.

Балдар бозала болуп тарай баштады. Сүйүндүк куркуюп алдыга түштү, “Марадона” балдардын артында кабагы суз солбуйт. Агроном аке чылымын чертип таштап, машинеге отурду. “Уазикти” дөң калкалап калган кезде “Марадона” шиберге көмөлөнүп түшүп, үн чыгарбай ыйлап жиберди. Балдар бир саам шылкыйып, унчукканы болгон жок”.

Колхозго футбол, футболчулардын кереги жок эле. Эгин план, тоют план дегенди аткарыш үчүн башкармасы баш, агроному, зоотехниги төш болуп чуркап жүрүшкөн. Бирок колхоз Марадонанын түшүнө тоскоолдук кыла албайт эле. Түшүндө ал ысымын угуп, өзүн телевизордон гана көргөн оюнчулары менен жолугушат. Арыта айылдаштары дуулдайт, “биздин Марадона накта бутболис болгон турбайбы” дешип сүйүнүшөт.

Футболду айыл четиндеги көк майсаң үстүндө ойноп жатышыптыр, Блохин, Чивадзе, Сүйүндүк, Алмаз жүрөт. Марадона Эсенди далысынан таптап, бирдеме дегенсийт, элдин уу-чуусунан сөздөрү угулбайт. Анысы да жакшы болду, Эсен азырынча анын тилин үйрөнө элек.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG