Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Хорсбол: Кыргыз спортчулары колдоого муктаж


Кыргызстандын хорсбол боюнча курама командасы. Франция, 30-июль, 2022-жыл.

Ушул тапта Франциянын Сен-Ло шаарында хорсбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Чемпионат 15-августтан 20-августка чейин уланат. Ага 17 мамлекеттен спортчулар катышууда. Катышуучу мамлекеттердин арасында Кыргызстан дагы бар. Бул Кыргызстандын хорсбол боюнча командасы катышып жаткан алгачкы дүйнө чемпионаты.

Хорсбол – ат үстүндө топ ойноо

Хорсболдун мекени - Франция. 1970-жылдардын аягында Франция ат оюндар федерациясы хорсболду жаңы дисциплина катары тааныйт. Ушундан тарта ал кеңири жайыла баштайт. Айрыкча, аймактарда кулачын кенен жаят. Эрежелери 1978-жылы кабыл алынганы менен эл аралык деңгээлде 90-жылдардын башында гана өнүгө баштаган. 1992-жылы хорсбол боюнча эл аралык комиссия түзүлүп, ага Франция, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Италия, Португалия өлкөлөрү кирген. Ошол эле жылы Европа кубогу өткөрүлгөн. 1999-жылы Хорсбол боюнча эл аралык федерация (FIHB) түзүлөт. Учурда ага 17 мамлекет расмий мүчө. Францияда өтүп жаткан дүйнө чемпионаты – хорсбол тарыхындагы 4-чемпионат.

Эл аралык хорсбол федерациясына мүчө мамлекеттер.
Эл аралык хорсбол федерациясына мүчө мамлекеттер.

Хорсболдо алты оюнчудан турган эки команда беттешет. Ал регби, баскетбол, поло жана нетболдун элементтерин камтыйт. Командада жалпы алты, оюн талаасында төрт оюнчу болот. Оюнчулар алкак менен капталган топту үч метр бийиктиктеги шакекчеге салып ойношот.

Хорсбол – Кыргызстан үчүн жаңы маданият

Кыргыз хорсбол федерациясы 2011-жылы уюшулуп, эл аралык хорсбол федерациясына (FIHB) толук кандуу мүчө болгон. Андан бери Токтогул районунда төрт эл аралык мелдеш жана Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында үч хорсбол шоу өткөрүлгөн. Ошондой эле Кыргыз хорсбол федерациясынын көмөгү менен Франциянын көк бөрү командасы 2018-жылы III Көчмөндөр оюндарына катышкан. Эми кыргыз курамасы биринчи ирет дүйнө чемпионатына катышып жатат.

Аталган чемпионатта Кыргызстандын намысын Ырыскелди Шамшиев, Болсунбек Болотбек уулу, Абдулла Эрмекбай уулу, Эрулан Бакытбек уулу жана Максатбек Кенжекараев коргойт. Кыргыз хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев кыргыз курамасы бул чемпионатка катышууну 2016-жылы максат кылып, ошондо эле даярдык башталганын айтат.

«Даярдыктар жакшы. Машыгуулар күндө болуп жатат. Бул балдар хорсболду бирини жолу ойноп аткан жок. 12-13 жашынан баштап ойной башташкан. Белгилей кетчү нерсе, чет өлкөгө биринчи жолу чыгып, профессионалдык оюнду алгачкы жолу көрүп жатышат. Ошондуктан, болгон аракеттерин жумшашат», - дейт Кулданбаев.

Хорсбол боюнча курама команда жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз.
Хорсбол боюнча курама команда жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз.

Хорсбол кайсы бир деңгээлде кыргыздардын улуттук оюндарына окшошуп кеткени менен, анын да өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү жок эмес. Хорсбол эл аралык федерациясынын да ат минүүгө байланыштуу өзүнүн талаптары бар. Машыгуу учурунда кыргыз курамасы бул талаптарга ылайык даярдыктардан өтүштү. Мунарбек Кулданбаев бул айырмачылыктарды автоунаа башкаруу менен салыштырат.

«Бизде мисалы, көк бөрү ойногондо же жөн эле ат мингенде, эч кандай эрежесиз эле минебиз. Ал эми классикалык ат минүүдө ар бир нерсенин өз эрежеси бар. Минип, башкаруусу да бөлөкчө. Мисалы, ар кандай автоунааны бардыгыбыз айдай беребиз, бирок «Formula-1» машинесин башкаруу үчүн өзүнчө жөндөм, тажрыйба керек. Ат минүү да ошондой эле нерсе».

Оюнчулардын бири Болсунбек Болотбек уулу да бул пикирди кубаттап, француздардын атка жасаган астейдил мамилесин өзгөчө белгилейт. Ошол эле маалда кыргыз чабандестеринин жөндөмү, ат үстүндө өзүн эркин сезиши аларды таң калтырганын айтат. Ал бул чемпионат оюнчулар үчүн чоң ачылыш жана тажрыйба болду деп эсептейт.

«Бул чемпионатка Азия боюнча катышып жаткан биринчи мамлекетпиз. Ошондуктан, бизге бул чемпионат чоң ачылыш болуп жатат. Айырмачылыктары да чоң экен. Биз атты өзүбүз каалагандай башкарсак, булар аттын каалоосуна жараша башкарышат экен. Бизде аттарга урмат чоң, бирок булар да көп кыйнабай, бөтөнчө камкордук көрүшөт экен. Ошол эле учурда аттарга спортчулардай мамиле жасап, ошондой иштетишет экен».

"Кыргыз хорсболуна колдоо керек"

Хорсбол олимпиадалык оюндардын катарына кирбегендиктен жана Азия чөлкөмүндө анчалык белгилүү болбогондуктан, бул спорт жөнүндө көп киши биле бербейт. Ал эми ат спорту кымбат спорттордун бири экени айтылып жүрөт. Мындан улам, аталган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Кыргыз хорсбол федерациясы элден жардам сурап, каражат чогултууга киришкен.

Учурда Leetchi.com сайтында жарыяланган краудфандингдин негизинде үч жарым миң евро чогулду.

«Чемпионатка катышуубуз каржылык маселеден улам үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Элчиликтин, эл аралык федерациянын жардамына карабай, жол киреге, тамак-ашка, жайгашууга, аттарды ижарага алууга каражат жетпей жатат. Учурда 5000€ керек» деп айтылат сайттагы билдирүүдө.

Хорсбол боюнча курама жарыялаган краудфандинг.
Хорсбол боюнча курама жарыялаган краудфандинг.

Мунарбек Кулданбаев краудфандинг жарыялоонун себебин мындайча түшүндүрдү:

«Бул жакта жакшы натыйжа көрсөтүш үчүн оюнчуларга хорсболго чыгып жүргөн мыкты аттар керек. Мындай аттарды ижарага алуу кымбатка тургандыктан, элден жардам сурадык».

Келечеги бар, каражаты жок ат спорту

Кыргызстандагы ат оюндарын эки топко бөлсө болот: классикалык (олимпиадалык) ат оюндары жана улуттук ат оюндары. Бул тармактагы адистер акыркы жылдары улуттук ат оюндарына көп басым жасалып, классикалык түрлөрүнө көп көңүл бурулбай калганын белгилешет. Кыргызстанда ат оюндарынын потенциалы бар экендиги 1980-жылы өткөн Олимпиадада фрунзелик Александр Блинов алтын медал алганда билинген. Бирок кымбат спорт делип, жетишерлик колдоо болбогону үчүн бул тармакта алгылыктуу жетишкендиктер боло элек.

Александр Блинов.
Александр Блинов.

Ат спорту боюнча федерациясынын мүчөсү Самат Лесбеков ат спортун өнүктүрүүдө, чет өлкөдөгү ар кандай таймаштарга катышууда жарала турган кыйынчылыктарга токтолуп, кандай колдоо керектигин айтып берди.

«Эмне үчүн бул спорттун түрү кымбат? Биринчиден, аттын өзү кымбат. Башка спортто мээлей же атайын форма эле алыш керек болсо, мында ат алыш керек. Андан тышкары чабандестин формасы, ат жабдыктары өзүнчө алынат. Эгерде чет өлкөлүк беттештерге катышып калсак, аттарды ал жерге алып баруу маселеси бар. Мында бажылык, ветеринардык талаптар сакталышы керек.

Анын үстүнө, ЕАЭБдин ичинде талаптар башка, Европада башка. Кыргызстандын ветеринардык сертификаты ал жерде кабыл алынбайт. Уралдан берки чөлкөм аттар үчүн жагымсыз деп эсептелет. Ошондуктан, биз алгач Москвага барып 40 күндүк карантинде жатышыбыз керек. Ушул 40 күндө эле атты карагандарга, аттын өзүнө эле бир топ каражат кетет. Мындан өткөндөн кийин гана европалык чоң турнирлерге жол ачылат. Кокус океандын ары жагына барыш керек болуп калса, аттарды учак менен алып өтүүгө туура келет. Бул өтө кымбат».

Лесбековдун айтымында, эгер тиешелүү колдоо болсо, Кыргызстанда ат спортунун потенциалы чоң. Эл аралык федерация тааныган ат оюндарынын 7 түрүнүн 3 түрү Кыргызстанда келечектүү деп саналат. Алар: конкур, ат ойнотуу (выездка), аралыкка ат чабуу. Учурда бул түрлөр боюнча чабандестер жергиликтүү жана эл аралык сынактарга катышып жүрүшөт. Кыргызстанда жалгыз ат спорту мектеби ьар. Чабандестер ошонун алдында даярдалат. Самат Лесбеков өлкө боюнча мындай мектептердин санын көбөйтүү керектигин айтат.

«Зарылдык бар. Бирок буга чоң каражат салуу керек. Биздин акчалуу байкелер акчасын көк бөрүгө, ат чабышка же өзү кайсы түрүнө кызыкса, ошого сала беришет. Бизге да колдоо болсо, чоң жыйынтыктарга жете алабыз».

Франциянын Сен-Ло шаарында өтүп жаткан хорсбол боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан 15-августта Франция менен беттешти.

Оюн 19:1 эсебинде жергиликтүү команданын пайдасына аяктады. Чемпионаттын жүрүшүн түз эфирде эл аралык хорсбол федерациясынын ютуб каналы чагылдырууда. 16-августта кыргыз хорсболчулары Италиянын командасы менен ойнойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG