Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Кыргыз балбандары дүйнөлүк таймашта


Учурда Македониянын Скопье шаарында кикбоксингден дүйнө чемпионаты өтүүдө. Кыргыздын атактуу балбандары АКШга мелдешке аттанып кетишти.

28-октябрда Финляндиянын Турку шаарында фехтование боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык Лариса Андреева күмүш байгелүү болду.

Андреева беш ирет таймашка чыгып, фин, швед, эстон атаандаштарын артыкчылык менен утуп алып, финалда эстониялык Эрика Кирлуга аз упай менен алдырып койду.

Баш байге уткан футболчу кыздар

Бишкекте футболдон кыз-келиндердин “Үмүт” эл аралык турнири жыйынтыкталды.

Мында баш байгени кыргызстандык футболчу кыздар жеңип алышты. Алар финалда тажикстандык кыздар менен беттешти. Мында 6 команда мөрөй талашты.

Дүйнө чемпиондугу үчүн сыноо

Учурда Македониянын Скопье шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан 7 жигитке башкы устат Александр Воинов баш-көз болуп жүрөт.

Алардын катарында дүйнөнүн эки жолку чемпиону Сүйүмбаев Мирбек (60 кг), Сыдыбеков Канат (67 кг), Дарканбаев Сталбек (71 кг), Офойе Ален (71 кг), Дүйшембиев Айбек (63 кг), Ибраимов Мирлан (67 кг), Жалиев Кумар (75 кг) мөрөй талашууда.

Дүйнөлүк чемпиондук үчүн 50дөн ашык мамлекеттен 200дөн ашык спортчу күч сынашып жатат. Дүйнөлүк таймаштын жеңүүчүлөрү 30-октябрда аныкталат.

АКШга аттанган балбандар

28-октябрда грек-рим күрөшүнөн Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канатбек Бегалиев, 16-Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов жана 15-16-Азия оюндарынын коло байге ээси Жанарбек Кенжеев АКШда өтө турган эл аралык мелдештерге катышуу үчүн жөнөп кетишкенин “Азаттыкка” башкы устат Эмил Алыкулов маалымдады:

- Бишкектеги Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык турниринен кийин балбандарды Ысык-Көлдө кайрадан машыктырууну улантып жатабыз. АКШнын күрөш федерациясы биздин үч балбанды биргелешип машыгуу үчүн расмий чакырган эле. Алар менен бирге 10 күн магышып, анан 12-ноябрда Нью-Йорк Гран-при турнирине жана дагы 2-3 мелдешке катышып, тажрыйба алмашып келебиз.

Африкадагы дзю-до дүйнө чемпионаты

3-ноябрда Түштүк Африканын Кейптаун шаарында дзю-до күрөшүнөн жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталат.

29-октябрда бул дүйнөлүк таймашууга 4 спортчу жөнөп жатышат. Алар: быйыл Азия чемпиону болгон, былтыр Сингапурда өткөн дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан Канат Токталиев менен Салтанат Ахметжанова жана Азия биринчилигинин коло байге ээси Юрий Краковецкий.

4 балбанды өлкөгө эмгек сиңирген устат Абдразак Шаршенов Африкага баштап баратканын “Азаттыкка” маалымдады.

Футболдон Азия кубогунун финалы

28-октябрда Азия футбол конфедерециясынын президенти Жан Жилонг Ташкентке келди. Ал 29-октябрь күнү АФК кубогу үчүн Каршы шаарында өтө турган финалдык беттешүүгө күбө болот.

АФК кубогу үчүн финалдык мелдеште Каршынын "Насаф" жана Кувейттин "СК Кувейт" командалары баш байге үчүн мөрөй талашат.

Дүйнөлүк акыл таймашы

Учурда Түркиянын Измир шаарында шахматтан жаштар арасында дүйнөлүк олимпиада өтүүдө.

Мында 26 өлкөнүн жаш шахматчылары мелдешүүдө. Кыргызстандыктар акыл таймашында азырынча 16-17-орундарда келатышат.

Билеги күчтүү жаштар

Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык спорт чебери Сооданбек Дүйшеевди эскерүү турнири өтүүдө. Бул жаш балбандардын күч сынашуулары тууралуу оор атлетика спорт мектебинин жетекчиси Улан Молдодосов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул мелдеште жаш балдарды сындан өткөрдүк. Келечегинен үмүткөр кылган балдар бар экен. Азия чемпионаттарына катышуучу жаш балбандарды тандап алдык. Эми алардын чеберчилигин жогорулатуу үчүн мелдештерге катыштырып туруу зарыл.

Казактардан сабак алган дурус

Учурда Казакстандын Актау шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Мында Кыргызстан, Украина, Азербайжан, Өзбекстан, Ирак, Армения баштаган 10 өлкөнүн спортчулары күч сынашууда.

Кыргызстандын намысын 4 жигит коргоп жатат. Алардан биринчи беттешүүнү жеңил салмактагы Медер Мамакеев менен 60 кг. салмактагы Сыймык Абдылдаев утуп алышты. Каныбек Азамат уулу жеңилүү ызасын тартты. Нурсултан Осмонов да рингде өнөрүн көрсөттү.

Былтыр ушул турнирде баш байгени Чыңгыз Борбашев жеңип алган.
Казакстанда бокс өнүгүп, Азия, дүйнө чемпиондору, ал түгүл Атланта олимпиадасынан бери бардык олимпиадалык оюндарда жеңүүчү болгон спортчулары болгондуктан алардан үлгү алып, такталуу мектебинен өтүү зарылдыгын адистер да айтышууда.

Жаш баскетболчуларды эскерүү мелдеши

Учурда Токмок шаарында 2008-жылы авиакырсыктан каза болгон жаш баскетболчуларды эскерүү эл аралык турнири өтүүдө. Мында Кыргызстан менен Казакстандын 8 командасы мөрөй талашууда.

Ат жалында - хорсбол мелдеши

29-октябрда Бишкекте хорсбол ат оюну боюнча Кыргызстан менен Франция өлкөлөрүнүн командаларынын жолдоштук беттешүүсү болот.

Франциялыктар Таласта да бул спортту таанытуу мелдешин өткөрүү демилгесин көтөрүүдө.
XS
SM
MD
LG