Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Ислам шериктештиги оюндары: оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков коло байге алды


Бекдөөлөт Расулбеков V Ислам шериктештиги оюндарында. 15-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.
Бекдөөлөт Расулбеков V Ислам шериктештиги оюндарында. 15-август, 2022-жыл. Конья, Түркия.

Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Расулбеков бүгүн, 15-августта оор атлетикадан 102 килограмм салмакта күч сынашты.
Алгач жулкуп көтөрүүдө 169 килограмм, түртүп көтөрүүдө 216 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 385 килограмм салмак менен Ислам шериктештиги оюндарында 3-орунду ээледи.

Буга чейин спорттун бул түрүнөн 89 килограмм салмактагылар арасында Эмил Молдодосов күмүш, Канымжан Алмазбек кызы 87 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.

Ушул учурда Кыргызстандын спортчуларында алты алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар. Медал алган өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан 9-орунда бара жатат.

Көч башында Түркия, Иран жана Өзбекстан турат. Түркиялыктар 80 алтын, 74 күмүш, 57 коло байге алышкан. 2-катардагы Иранда 36 алтын, 30 күмүш, 41 коло бар. Өзбекстандын спортчулары 35 алтын, 24 күмүш, 37 коло байге менен 3-катарда бара жатышат.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG