Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Оор атлет Канымжан Алмазбек кызы Түркиядагы мелдеште коло байге алды


Канымжан Алмазбек кызы V Ислам шериктештиги оюндарында. 15-август, 2022-ж. Конья, Түркия.
Канымжан Алмазбек кызы V Ислам шериктештиги оюндарында. 15-август, 2022-ж. Конья, Түркия.

Кыргызстандык Канымжан Алмазбек кызы Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Алмазбек кызы бүгүн, 15-августта оор атлетикадан 87 килограмм салмакта күч сынашты.
Алгач жулкуп көтөрүүдө 76 килограмм, түртүп көтөрүүдө 95 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 171 килограмм салмак менен Ислам шериктештиги оюндарында 3-орунду ээледи.

Буга чейин спорттун бул түрүнөн 89 килограмм салмактагылар арасында Эмил Молдодосов күмүш байге алган.

Ушул учурда Кыргызстандын спортчуларында алты алтын, алты күмүш жана алты коло байге бар.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG