Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Ислам шериктештиги оюндары: кыргызстандык үч балбан алтын медал утту


Мээрим Жуманазарова Ислам шериктештиги оюндарында. 13-август, 2022-ж. Конья, Түркия.
Мээрим Жуманазарова Ислам шериктештиги оюндарында. 13-август, 2022-ж. Конья, Түркия.

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбандар 13-августта үч алтын, бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына караганда, алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг) алды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда казакстандык Жамиля Бакбергенованы жеңди. Финалга чейин Жуманазарова тайпалык беттештерде Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандын балбандарын, жарым финалда түркиялык Демир Аслини 11:0 эсебинде уткан.


Бул күнү грек-рим күрөшүнөн үч кыргызстандык балбан финалда күрөштү.
60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалда азербайжандык Мурад Маммадовду 10:2 эсебинде жеңди. Ал финалга чейин Өзбекстан жана Ирандын балбандарын утуп алган.

67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов күмүш байге алды. Ал финалда азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилди. Исмаилов ага чейин алгач марокколук Бахжа Билалды, жарым финалда өзбекстандык Аброр Атабаевди жеңип, финалга чыккан.

77 килограмм салмакта Акжол Махмудов финалда азербайжандык Санан Сулеймановду 5:2 эсебинде жеңип, Ислам шериктештиги оюндарынын чемпиону болду. Ал буга чейин алгач түркиялык Фурка Байракты, андан соң жарым финалда өзбекстандык Арам Варданянды 7:5 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Мындан сырткары 87 килограмм салмакта Атабек Азизбеков коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн таймашта азербайжандык Махаммад Ахмадияевди 3:2 эсебинде утту.

Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 3-орунду ээледи. Ал брасс боюнча 50 метр аралыкка жарышты. Денис Петрашов мындан сырткары 200 м аралыкка брасс боюнча жарышат.

Ушуну менен V Ислам шериктештиги оюндарында күрөш боюнча таймаштар жыйынтыкталды.

V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган. Ушул учурда Кыргызстандын эсебинде алты алтын, беш күмүш жана төрт коло байге бар.

Буга чейин алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) алган. Күмүш байгелер эркин күрөш балбаны Алмаз Сманбеков (57 кг), грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү Тынарбек Шаршеев (63 кг), Калидин Асыкеев (86 кг) жана Үзүр Жусупбековго (97 кг) таандык. Коло байгелерди эркин күрөштөн Нуртилек Карыпбаев (86 кг) менен кыз-келиндер күрөшүнөн Дилназ Сазанова алышты.

Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңдей спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу барды. Мелдештер 18-августка чейин уланат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG