Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

ТИМ Орусиядагы миграциялык каттоо тууралуу маалыматтарды төгүндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үч айлык миграциялык каттоого турушу керектиги тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды.

Анда "социалдык түйүндөрдө Орусияда үч айга миграциялык каттоого туруу талабы бар мыйзам кабыл алынганы, анын негизинде Кыргызстандын жарандары 3-сентябрга чейин "кирди-чыкты" жол-жобосун кылышы керектиги тууралуу маалымат тарап жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул чындыкка дал келбесин билдирет" деп жазылган

ТИМ кыргызстандыктар Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) өлкөнүн жараны катары Орусияга кирген убактан тартып 30 күндүн ичинде жашаган жеринде эмгек келишимдин негизинде бир жылдык мөөнөткө миграциялык каттоого тура аларын кошумчалады. Мындан улам "кирди-чыкты" жол-жобосун жүргүзүүгө негиз жок экенин белгиледи.

Буга чейин Орусиядагы айрым кыргызстандык жарандар полиция кызматкерлери миграциялык картаны жаңыртып, сыртка чыгып, кайра кирүүнү талап кылып жатканын айтып даттана башташкан.

Ушул тушта расмий маалыматка ылайык, Орусияда бир миллиондон ашык кыргыз жараны жашап, иштеп жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG