Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

Ош: колу жука 350 үй-бүлөгө чакан бизнеске 100 миң сомдон берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлүнүнүн орун басары Эрнис Толтоев кабарлады. Ага ылайык, өкмөт өткөн айда кабыл алган “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомуна жараша ар бир райондон чакан ишкерликти өнүктүрүүгө ынтызар үй-бүлөлөр тандалып алынат.

“Айыл өкмөттөрүндө, райондордо комиссиялар түзүлдү. Бул саамалыкка кызыккан үй-бүлөлөр чакан бизнес долбоорлорун даярдап, комиссияларга тапшырып жатат. Комиссия карап чыгып, макулдук берген долбоорлорго ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Облустагы жети райондон 50дөн үй-бүлө тандалып алынат”,-деп айтылат маалыматта.

Ош облусунда 16 жашка толо элек балдары бар 32 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр калктын акчалай кирешеси жалпысынан 542 миллиард сомду түзгөн.

2020-жылы эң бай катмар жалпы калктын болгон кирешесинин 41,6 пайызын алса, 2021-жылы бул көрсөткүч 43,9% жеткен.

Жакырчылыктын деңгээлине ылайык Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтө калууда.

Өлкөдө кээ бир аймактарда, маселен Баткен, Жалал-Абад жана Нарында калктын 35% жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG