Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Казакстан: кумшекер кымбаттаган жагдайдан улам министр иштен кетти


Бахыт Султановго мындан бир ай мурда сөгүш берилген.
Бахыт Султановго мындан бир ай мурда сөгүш берилген.

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчынын орун басары - соода-сатык жана интеграция министри Бахыт Султановду кызматтан алды. Мындан бир ай мурда ага жана айыл чарба министри Ербол Кармашукеевге кумшекер кымбаттаган, анын таңкыстыгы жаралган жагдайдан улам сөгүш берилген.

Султановдун “кумшекер кааласаң дагы, каалабасаң дагы кымбаттайт”, “мен шекер колдонбойм, чайды бал менен ичем” деген сөздөрү талкуу жараткан.

Казакстанда март айынан тартып шекердин баасы кескин көтөрүлүп, таңкыстык жаралган.

Украинадагы согушка чейин Казакстан кумшекердин дээрлик 70% Орусиядан алчу. Батыштын Москвага санкцияларына улам Орусия шекерди сыртка экспорттоого чектөө киргизген.

Расмий Нур-Султан өзү дагы май айынан тартып жарым жылга кумшекерди сыртка чыгарууга тыюу салган.

Кумшекер Кыргызстанда дагы кескин кымбаттап, анын тартыштыгы орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG