Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Бишкек мэриясы: мектеп формасын алууга мажбурлагандар жазаланат


Кыргызстанда айрым мектептерде окуучулар кийген форма. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда айрым мектептерде окуучулар кийген форма. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы ата-энелерди окуучулардын формасын алууга мажбурлаган мектеп директорлоруна кызматтан алууга чейин чара көрүлөрүн эскертти. Мунун алдында укук коргоочу Назгүл Турдубекова айрым мектептерде сегиз миң сомдон форма сатып алууга мажбурлап жатканынын айтып чыккан.

Билим берүү жана илим министрлиги 15-августта мектептерде 1-11-класстардын окуучуларынын формасы тууралуу талапты бекиткен. Ага ылайык, мектеп формасы классикалык кийим болушу керек жана аба ырайы, сабак өткөн жер менен бөлмөнүн температурасына жараша болот.

"Аз камсыз болгон катмардагы ата-энелерди мектеп белгилеген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган үстү ачык, асты кара түстөгү форма менен камсыздаса болот", деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.

2015-жылы өкмөт мектеп окуучуларынын жаңы бирдиктүү формасын эмес, жалпы стандарттагы кийимин бекиткен токтом кабыл алган. Анын негизинде өлкөнүн бардык мектептеринде милдеттүү түрдө окшош формага өтүү тууралуу буйрук жокко чыгарылып, ошол элде учурда бирдиктүү мектеп формасы катары жактырылган кочкул кызыл, көк, боз түстүү костюмдарды кийүүгө да уруксат берилген.

Көпчүлүк мектептерде окуучулардан кара түстүү шым, юбка жана ак, көгүш түстүү көйнөк кийүү талап кылынып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG