Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Украинадагы согуш: жикчил “ДНР” чет өлкөлүк беш жаранга айып койду


Украин легионундагы чет элдик аскерлер Северодонецк аймагындагы операция маалында, 2-июнь 2022-жыл.
Украин легионундагы чет элдик аскерлер Северодонецк аймагындагы операция маалында, 2-июнь 2022-жыл.

Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" ("ДНР") деп атап алган жикчил түзүмдүн эл аралык коомчулук тааныбаган соту дагы беш чет өлкөлүк жаранга украин тарапта согушка катышканы үчүн айып койду.

Ага ылайык, Швециянын, Хорватиянын жана Британиянын жарандары Матиас Густавссон, Векослав Пребег менен Жон Хардингге ”бийликти куралдуу басып алуу аракеттенүүгө" байланыштуу кине тагылды. Алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Дагы эки британ жараны Эндрю Хилл менен Дилану Хилге согуш аракеттерине катышуу, жалданмачылыкка айыпталып жатат жана алардын келерки соту октябрда өтөт.

Эл аралык коомчулук бул чечимди айыптап чыкты.

Донецктеги талаштуу сот өткөн айда украин тарапта согушкан алгачкы чет өлкөлүктөргө өкүм чыгарган. Анда британ жарандары Шон Пиннер менен Эйден Эслинди жана марокколук Брагим Саадунду жалданмачылыкка жана Донецктеги бийликти куралдуу басып алуу аракетине айыптуу деп таап, аларды өлүм жазасына кескен.

Орус тарап бул чет өлкөлүктү "жалданма аскерлер" деп мүнөздөсө, эл аралык коомчулук, расмий Киев, Британия сыяктуу Батыш өлкөлөрү жана соттолгондордун жакындары бул аскерлер согуш туткундары экенин билдирип келет.

Женева конвенциясына ылайык, согуш туткундары кол тийбестикке ээ болот жана урушка катышканы үчүн жоопко тартылбашы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG