Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Энергетика компанияларын бириктирүү, ирилештирүү аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясы энергетика тармагын реформалоонун алкагында бир катар компаниялар бириктирилгенин билдирди.

Анда "бул жараян энергетика ишканаларындагы өндүрүштү жана башкарууну автоматташтырууга, чыгымдарды азайтууга, бири-бирин кайталаган кызматтарды кыскартууга багытталган. Ишканаларды бириктирүүдөн болжол менен бир миллиард сомго чейин үнөмдөлөт. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат", деп белгиленген.

Реформага ылайык, энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" (КУЭТ) акционердик коомуна бириктирилип, абоненттерди тейлеген бир мекеме түзүлдү.

Аталган мекеме облустарда "Чүй электр тармактары", "Ош электр тармактары", "Талас электр тармактары", "Жалалабат электр тармактары", "Ысык-Көл электр тармактары", "Нарын электр тармактары" жана "Баткен электр тармактары" түзүмдөрү аркылуу иш жүргүзөт.

Ошондой эле "Бишкекжылуулуктармактары" акционердик коому "Электр станциялары" компаниясына кошулду.

Былтыр ноябрда Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Өткөн айда өкмөттүн жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев бул тармактагы жалпы каржылык тартыштык 15 милллиард сомдон ашканын билдирген.

Кыргызстан бир канча жылдан бери энергетика тармагын реформалоого аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG