Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Крымда кайрадан жарылуулар катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Жанкой шаарынан 20 чакырым алыстыктагы Майское айылында катар-катар жарылуулар катталды. Окуянын сүрөтү жана видеосу Телеграм-каналдарда тарады.

РИА Новости маалымат агенттигинин булагы кабарлагандай, Жанкой районундагы жарылуулардан соң электр көмөк чордондору өрттөндү. ТАСС басылмасы болсо кампалардагы курал-жарактар тутанып кеткенин билдирди. Майское кыштагынын администрациясы маалыматтарды ырастап, жашоочулар эвакуацияланып жатканын тактады.

"Крыминформ" маалымат агенттиги эки инцидент эки башка жерде болгонун – биринде көмөк чордон өрттөнгөнүн, экинчисинде курал-жарак кампалары жарылганын кабарлады. Бул маалыматты “Азаттыктын” орус кызматынын өзгөчө кырдаалдар кызматтарындагы булактары да тастыктады. Аннексияланган жарым аралдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксёнов окуя болгон жерге барып, эки адам жабыркаганын маалымдады.

9-августта Крым жарым аралындагы орусиялыктар колдонгон "Саки" аскердик аэродромунда удаа жарылуулар катталган. Орусиянын бийлиги анда бир адам өлүп, 14ү жараат алганын билдирген. Бир нече үйлөр талкаланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги анда аэродромдун аймагында авиациялык дүрмөттөр детонация болуп, жарылып кеткенин жарыялаган. Мекеме сырттан чабуул болгонун танып чыккан. Украинанын бийлиги да бул жарылуулар тиешеси бар экенин тактаган эмес. Украин аскердик чөйрөсүндөгү анонимдүү булактар бул соккулар Украинада иштелип чыккан куралдар менен аткыланганын батыш маалымат каражаттарына билдиришкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG