Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Еревандагы жарылууда каза тапкандар 16га жетти


Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы өрт.
Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы өрт.

Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министри Армен Памбухчян Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан каза болгондор кеминде 16 адамга жеткенин маалымдады.

Дагы 18 киши дайынсыз болуп жатат. Алардын арасында жергиликтүүлөрдөн сырткары Ирандын жана Орусиянын жарандары да бар экени маалымдалды.

Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Алгач бийлик бир адам өлүп, 30дай адам жабыр тартканын маалымдаган. Урандылардын астында дагы деле адамдар калган болушу мүмкүндүгү айтылган. Өрттү өчүрүү жана куткаруу иштери 15-августта да уланды.

Расмий бийлик баштапкы изилдөөлөрүнө таянуу менен бул террордук акт эмес экенин, кокустук болгонун билдирүүдө.

"Сурмалу" базары шаардын борборунан 2 чакырымдай аралыкта жайгашкан. Андагы кырсык тартылган видеолор интернетте тарап жатат. Тасмадан кара түтүн базардын үстүн толук каптап калганы көрүнүп турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG