Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Жогорку Кеңештин сайты хакердик чабуулдан кийин иштей элек


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин расмий сайты ишке кире элек. Учурда аны калыбына келтирүүгө аракет уланып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Алардын айтымында, сайтка хаккердик чабуул болгон.

Парламенттин расмий сайты иштебей жатканына 15 күндөй болуп калды. Сайтта парламент депутаттарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтардан сырткары, коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлору дагы бар. Эс алуудан кийин Жогорку Кеңеш ишин күзүндө баштайт.

Кыргызстанда өкмөт, мамлекеттик органдардын сайттары бузулган учурлар көп болгон. Акыркы жолу Жогорку Кеңештин сайты 2020-жылдын октябрь айында бузулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG