Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Бейшеналиевдин медициналык окуу жайлардын лицензиясы боюнча буйругу жокко чыгарылды


Жаркынбек Касымбеков.
Жаркынбек Касымбеков.

Саламаттык сактоо министрлиги айрым медициналык окуу жайлардын лицензиясын жокко чыгаруу процессин токтотконун бүгүн 25-июлда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Ал министрлик кызматтан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев чыгарган чечимдер боюнча аудит уланып жатканын, анын лицензиялар боюнча буйругу жокко чыгарылганын айтты:

«Министрликте лицензия берүү же чакыртып алуу укугу жок. Бирок ошого карабастан медициналык коллеждердин лицензиясын чакыртып алуу тууралуу буйрук болгон. Биз ал буйрук жараксыз деп эсептедик жана жокко чыгардык”.

Касымбеков Саламаттык сактоо министрлигинин окутуу ишмердүүлүгүн лицензиялоого зарыл болгон №6 форманы жокко чыгарууга да укугу жок экенин, андыктан окуу жайлар эч кабатыр болбостон ишин уланта берсе болорун кошумчалады.

Медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17син жабууну көздөп жатканын Бейшеналиев быйыл февралда айтып чыккан. Ал “Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алды” деп айткан.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козгоп, 2-июнда кармаган. Жалпысынан ага жети иш козголгону белгилүү болгон. 16-июнда Бейшеналиев үй камагына чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG