Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Улут аралык ынтымакты чыңдоо боюнча ЕККУ менен кызматташтык талкууланды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Улуттук азчылыктардын иштери боюнча жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов бул күндөрү Бишкекте иш сапарда болууда. Бүгүн 25-июлда ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады.

Байсалов өз сөзүндө өлкөдөгү улут аралык ынтымакты чыңдоо өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, 2021-2026 жылдарга «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүктүн концепциясы кабыл алынганын, улуттук азчылык өкүлдөрүнүн өлкөдөгү шайлоо жана саясий процесстерге инклюзивдүү катышуусун камсыздоо боюнча мыйзамдар кабыл алынганын айтып берди. Этност аралык ынтымакты бузуу аракеттерине жол бербөө боюнча мамлекеттик саясатка өзгөчө басым жасап, ар кандай чагымчыл билдирүүлөр жана аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келерин билдирди.

ЕККУнун жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов Кыргызстанда мамлекеттик түзүлүш жаатында жүргүзүлүп жаткан саясатка жогорку баа берип, этнос аралык ынтымакты чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын тастыктады.

ЕККУ - дүйнөдөгү коопсуздук жаатында иш алып барган эң ири аймактык уюм. Ага 57 өлкө кирет. Кыргызстан 1992-жылы кошулган. Бишкекте 1998-жылы ачылган анын борбору ​2017-жылы макамын өзгөртүп, учурда программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзүп келе жатат. Бул уюмга мүчө өлкөлөр кезек-кезеги менен төрагалык милдетти аткарышат. (RK)

XS
SM
MD
LG