Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Eurovision сынагы эмки жылы Украинанын ордуна Британияда өтөт


Украиналык ырчылар жеңиштен кийин. Турин, 14-май 2022-жыл
Украиналык ырчылар жеңиштен кийин. Турин, 14-май 2022-жыл

2023-жылкы Eurovision ыр жарышы согушка байланыштуу Украинанын ордуна Британияда өтөт. Европанын Телеберүүлөр биримдиги (EBU) 25-июлдагы билдирүүсүндө белгилегендей, эмки жылы конкурсту өткөрүү укугу быйыл Украинадан кийинки экинчи орунду жеңген Британияга берилди. Ал эми кайсы шаарда болору ушул аптада белгилүү болот.

“2023-жылкы Eurovision Украинада уюштурулбайт, бирок Украинаны колдоо иретинде өтөт”, - деп билдирди ал өлкөнүн Мамлекеттик телеберүүлөр компаниясынын жетекчиси Николай Чернотытский.

Буга чейин Британия төрт жолу түрдүү шарттарга байланыштуу конкурсту башка бирөөнүн ордуна өткөрүүгө аракет кылган. Андан тышкары ырчылары төрт жолу мелдешти жеңген.

Би-Би-Синин башкы директору Тим Дэйви: “Украинадагы кесиптештерибиз жана досторубуз 2023-жылкы жарышты уюштура албасы абдан өкүнүчтүү. Биз ал иш-чаранын Украинанын маданиятын кеңири чагылдыргыдай кылып, ошол эле маалда британ музыкасын жана чыгармачылыгын көргөзүүгө аракет көрөбүз”, - деп билдирди.

Май айында Италияда 66-фестивалды украиналык "Калуш Оркестра" тобу “Стефания” деген ыры менен уткан. Орусия кошунасына ачкан согуш үчүн жарыштан четтетилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG