Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

COVID-19: Бир аптада миңге чукул бейтап катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир апта ичинде, 18-июлдан 24-июлга чейин, COVID-19 менен 981 бейтап катталды, алардын 128и соңку бир күндө аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 71и ооруканада, калган 910у үйүндө дарыланууда.

COVID-19 эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын апрель айында оору дээрлик катталбай калган, май айында кайра каттала баштаган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп болду. (RK)

XS
SM
MD
LG