Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Абактан чыккан, кызматка кайткан чиновниктер


Башкы прокурор Курманкул Зулушев (солдо), Алымкадыр Бейшеналиев (оңдо)
Башкы прокурор Курманкул Зулушев (солдо), Алымкадыр Бейшеналиев (оңдо)

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришип, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты.

Ал тапта эки чиновниктин айланасындагы окуяларды иликтеген комиссия да ишин аяктады. Президент түзгөн комиссия "Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине сот баа бериши керек" деген чечим чыгарып, андан башка эч кандай маалымат берген жок.

Бейшеналиев эркиндикте, Зулушев кызматында

Бишкек шаардык соту коррупцияга шек саналып бир айга камалып, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди 16-июнда үй камагына чыгарды.

Анын адвокаттары Октябрь райондук сотунун чечимине каршы шаардык сотко арыз берип, убактылуу тергөө абагында Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтышкан.

“Биздин апелляциялык арыз жарым-жартылай канааттандырылып, Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Бишкек шаардык соту анын өздүгүн эске алды жана ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөрттү”, - деди Бейшеналиевдин жактоочусу Кайсын Абакиров.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогон. Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров кылмыш ишинин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн эле.

3-июнда өлкө башчы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен. Мындай чечимге эки чиновниктин ортосунда түзүлгөн жеке мамиле себеп болгону айтылган.

Алымкадыр Бейшеналиев 16-июнда үй камагына чыккандан көп өтпөй Курманкул Зулушев кайра өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзамдуулук маселеси көтөрүлдү

Зулушевдин жумуштан убактылуу четтетилишинин мыйзамга шайкештиги бир топ суроолорду жараткан. Саясат талдоочу Айданбек Акматов Зулушев менен Бейшеналиевдин чырында мыйзам тебеленгенин айтты.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

“Кыргызстанда түшүнүксүз эле ашмалтай саясат болуп жатат. “Биринчи адам” өзүнүн субъективдүү ойлору менен эле баарын каалагандай кылууда. “Булар жогорку кызматтагы адамдар. Алардын дайындалышы, кызматтан четтетилиши мыйзам менен болот” деген киши жок. Бир эле адам оюна келгенин жасап атат. Ал кимди кааласа кызматка коёт же алат. Кимдер бирөөнө айып коюлса да аны камактан чыгарып коёт. Мунун кесепети менен эми мамлекетте мыйзам иштебей бир адамдын субъективдүү пикири менен баары боло берет деген түшүнүк жайылат. Бул жакшы эмес. Башкы прокурор, сот, тергөө, бардык мыйзам да бир кишинин ой жүгүртүүсүнө көз каранды дегенди билдирет”.

Зулушев менен Бейшеналиевдин тиреши башталганда социалдык тармактарда аларды колдогон же аларга каршы иштеген баракчалар азыр деле активдүү. Ар кандай компроматтар жарыяланып, бири-бирин айыптаган билдирүүлөр чыгууда.

“Тандем” юристтер коомчулугунун жетекчиси Таттыбүбү Эргешбаева Курманкул Зулушевдин кызматтан убактылуу четтетилиши башынан эле мыйзамсыз экенин айтып келатат. Анын кайра кызматка кайтып келишин “саясаттагы оюн” деп баалады.

“Башкы прокурордун кызматтан убактылуу четтетилиши да, кайра кайтып келиши да мыйзамсыз. Анткени аны жумуштан алууга эч кимдин укугу жок болчу. Президент кандай чечим кабыл алганда да өзүнүн кызматын аткарыш керек эле. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши тергелип жатат жана анын бөгөт чарасын сот аныктады. Тергөөгө алтернатив катары комиссия түзүү мыйзамсыз. Бул тергөөнүн акыйкат жүрүшүнө тоскоол боло турган механизм”.​

Комиссия түзүү өнөкөтү

Ал тапта Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерин иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров түзгөн комиссия ишин жыйынтыктады. Ал коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет жактан келген гуманитардык жардам, министрликтеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге “Коррупция” беренеси менен бир, “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Билип туруп пайдасыз контракт түзүү” менен төрт, “Опузалап пара алуу” беренеси менен эки кылмыш ишин козгогонун тактады. Башкы прокуратура жети кылмыш ишин ачканы буга чейин эле белгилүү болчу жана комиссия ошону эле тизмек берди.

“Конституциянын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан комиссиянын жыйынтыгында.

Коомчулукта резонанс жараткан ишти иликтеген комиссиянын курамы дагы деле айтылган жок. Анын чын эле түзүлгөнүнөн, иштеп-иштебегенинен күмөн санагандар бар.

Себеби Зулушев менен Бейшеналиевдин айланасындагы жагдайды, козголгон кылмыш иштерин иликтөө үчүн президент түзгөн комиссияга кимдер киргени, кандай иштегени тууралуу бир да маалымат берилген жок.

Беш жыл мурдагы Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу да президенттин чечими менен коомдук комиссия түзүлүп, азыр иштеп жатат.

Дал ушул комиссиянын мүчөсү, саясат талдоочу Адил Турдукулов комиссия түзүү өнөкөткө айланып баратат дейт.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Комиссия укук коргоо органдарынын ишин алмаштыра албайт жана алардын функцияларын аткарууга мыйзам да жол бербейт. Аларда кимдер бирөөнү жоопко тартуу же иштен алуу укугу жок. Ошондуктан Бейшеналиевдин иши боюнча түзүлгөн комиссия чыгарган чечим туура эле. Экинчи жагынан дегиле комиссия түзүүнүн зарылчылыгы бар беле деген суроо чыгат. Укук коргоо органдары, соттор үн катса жакшы болмок. Алар болсо бийликтин каарына калбайын деп эле унчукпай турушат. Чын-чынына келгенде соттор, прокурорлор коомдук, мамлекеттик комиссиялар алардын ишине кийлигишип жатканын түшүнүп эле турушат. Тергөө жүрүп жатканда комиссия түзүүгө болбойт деп үн катып коюшса жакшы болот эле”.

Февраль айында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиевдин чырында да президент Садыр Жапаров комиссия түзгөн. Бирок анын жыйынтыгы эмне болгону белгисиз.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев комиссиянын курамы тууралуу кабары жок экенин айтып, бул топтун жашыруун иштегенинин себебин мындайча боолгоду.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

“Комиссиянын курамы жарыяланса, ага таасир этүүчү топтор же адамдар чыгышы мүмкүн. Ошондуктан ага кимдер киргени президент өзү эле билген сыр катары калды. Бул туура болду. Анткени чырга тиешеси бар эки киши тең белгилүү адамдар. Анын үстүнө бул ишке саясий боёк да берилип калды. Президент комисссия ишин жыйынтыктагандан кийин баарын ачыкка чыгарат деген ойдомун”.

Кылмыш иштеринин чоо-жайы

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козгоп, 2-июнда кармаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.

Бирок Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынган. Башкы көзөмөл органы бул каражат офшордук аймакка которулганын, өлкөдө вакцина турганына карабай министрликтин кызматкерлери пайда табыш үчүн кошумча сатып алышканын билдирди.

Вакцина сатып алуудагы коррупцияга шек саналып саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков да кармалган.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтык этиканы бузганы үчүн министр Алымкадыр Бейшеналиевге чара көрүү өтүнүчү менен Министрлер кабинетине эки сунуш берген.

Бейшеналиев болсо Германияда иш сапарда жүргөндө “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Кыргызстанда аны камоо аракети болгонун, генералдардын бири аны абак менен коркутканын” айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG