Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Министр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды


Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.
Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди. Мунун алдында Бейшеналиевге окшош адамды атайын даярдыктагы чүмбөттөлгөн ыкчам кызматкерлер министрликтин имаратынан кармап, автоунаага салып жатканы тартылган видео интернетке тараган эле.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан, Казакстандан жана бир катар эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары 451 миң 560 доза вакцина берилери макулдашылганы айтылган. Ошондой эле Кытай менен Орусиянын башчылары менен кошумча 6 млн. дозадан ашык вакцинаны акысыз берүү сүйлөшүлгөн.

"Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

"Натыйжада, гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар экенине карабастан, кызмат адамдары өз кызыкчылыгы үчүн 2 млн. 460 миң доза вакцинаны ашыкча сатып алгандыктан, алардын сактоо мөөнөтү эскирип, 243 миң 223 доза керектен чыккан. Мындан улам мамлекетке 1 млрд. 581 млн. сом зыян келтирилген",- деди прокуратура.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн беш коррупциялык кылмыш иштери тергелип жатканын маалымдады.

Бейшеналиевдин тарапташтарынын бири, жарандык активист Атай Бейшенбек министрдин күнөөсү жок деп эсептейт.

“Эгерде министрликтин функцияларын карай турган болсок, вакциналарды орун басарлары карайт. Алардын сатып алуусун дарыларды сатып алуу департаменти жүргүзөт. Бул атайын уюштурулган иш-аракеттер деп айтсак болот. Бул жерде ачык саясат бар, кайсы бир кишилердин өч алуусу”, - деди ал.

Министрдин камрмалышы коомчулук үчүн бир жагынан күтүүсүз болду. Бейшеналиев 1-июнда Ысык-Көлдө жайгашкан "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин ачылышына катышкан. 2-июнда президенттин басма сөз кызматы президент Садыр Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Ысык-Көлдө талантуу балдар үчүн салынып жаткан мектеп менен таанышканы тууралуу маалымат тараткан эле.

“Мына ушунун баарын уюштуруп, күнү-түнү талбай бир жылдан ашык эмгектенген куруучуларга, ар тараптар демөөрчүлөрдү таап, курулуш иштерин бүтүргөн министрге терең ыраазычылык билдирип кетели”, - деген болчу Жапаров.

Саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу “Азаттыктын” талкуусунда сүйлөп жатып, Бейшеналиевдин кармалышын бийлик ичиндеги саясий күчтөрдүн тирешинен кабар берет деп божомолдойт.

“Чынында түшүнүксүз болуп калды. Президент ал жерде мактап жатат. Анан келери менен бул жерде камап жатат. Демек, бул жерде саясий күчтөрдүн арасында тиреш болуп жатабы? Мунун кесепети эмне болушу мүмкүн? Коррупцияга күрөш болсо буга чейин эле кармабайт беле”, - деди Айданбек Акмат уулу.

Генерал Токон Мамытов бул кырдаал мамлекеттик башкаруудагы системасы көлөкө түшүрөт деген пикирде.

“Протокол менен коопсуздук кызматынан кемчилик кетип калдыбы дейм. Мындай көп эле болчу. Президентти ар кайсы жакка чакырышчу. Аким, губернатор, ишкерлер чакырат. Аларды алдын ала карап, жеке бийликтен сурабай, элден сурап маалымат чогултат элек. Анан “урматтуу президент бул жака барбаңыз, бул жак текшерилген жок, шек бар экен” дечүбүз. Андыктан бул саясий жактан максатсыз болуп калат дегенбиз. Чынында, кечээ ишин көрсөтүп, бүгүн камап койгону маселе жаратат”, - деди Мамытов.

Эки апта мурун министр чет өлкөгө иш сапары менен чыгып кетип, Германияда он күндөн ашык жүргөн. Ал кеткенде анын орун басарлары жана бөлүм башчылары маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнгөн.

Анда "министрдин этикасы, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы" өңдүү себептер айтылган. Министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткенин, сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканын" жүйө келтиришкен.

Бейшеналиев кайтып келгенден кийин, 27-майда аталган министрликтин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алды.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алымкадыр Бейшеналиевди өткөн айда Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон. Ал Германияда жүргөндө кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалган. Андан мурда Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалган.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Өткөн жылы 16-апрелде брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо “уу коргошун” деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын билдирген. Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш ага ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган. Анын ишине, реформаларына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет.

“Мен министр болуп келатканда төрт максат койгом. 38 жылдан бери дарыгер болуп иштеп, кичинекей медициналык кызматкерден баштап академикке чейин жеттим. Андыктан ооруканада эмне болуп жатканын бүт билем. 90-жылдары “Манас”, “Манас таалими”, “Ден соолук” деген программалар болуп, мурдатан түптөлгөн саламаттык сактоо системасы талкаланган. 2020-жылы жаңы жылдын астында президентке кирип, реформа тууралуу айтып бердим”,-деген Бейшеналиев “Азаттыкка” курган маегинде.

Буга чейин министрдин жүрүм-туруму жана сүйлөгөн создөрү боюнча көп талкуу болгон. Ага бир нече эскертүү, кийин сөгүш берилген.
17-майда министр Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон дарыгер, жарандык активисттер Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чогулган эле. Алар министрди колдоо зарылдыгын, ал коррупция менен күрөшүп баштаганын, кызыкдар тараптар аны кызматтан кетирүү аракетин көрүп жатканын айтышкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG