Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

COVID-19: Эмдөө көрсөткүчү 19% болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандар жалпы калктын 19 процентине жетти. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова 11-майда билдирди.

Анын айтымында, эмдөөдөн биринчи кезекте өтүшү керек болгон категориялар боюнча көрсөткүч 65 процентке жетти, ал эми жалпы калктын эсебинен алганда 19 процент болууда.

Өлкөгө коронавируска каршы 6 миллиондой вакцина келген, анын 3 миллионго жакыны сайылды.

COVID-19 эпидемия Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталган. Андан бери бул инфекция 200 миңден ашуун адамга жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду.

Соңку он күндөн бери Кыргызстанда бул оору расмий каттала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG