Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Бишкекте мектеп директору коррупцияга шек саналып кармалды


Низовскийдин тарапташтары. УКМКнын имаратынын алды. Бишкек. 9-август, 2022-жыл.
Низовскийдин тарапташтары. УКМКнын имаратынын алды. Бишкек. 9-август, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын ырастады.

Мекеме тараткан маалыматта директор окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема аныкталганы айтылат.

“Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана биринчи класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн каражат алган фактылар аныкталды. Ошентип, Х.Ю.Н. системалуу негизде пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылып турган”, - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат шектүү мыйзамсыз мүлкүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө "анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк – жер тилкелери, коттеждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер бар экени аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын деп бааланууда".

УКМКнын билдирүүсүндө мектеп директорунун кеңсесин, жашаган жерин тинткенде ири суммады чет элдик валюта, мүлктүн документтери табылганы көрсөтүлгөн.

Азырынча УКМКнын жогорудагы айыптоосуна Низовскийдин адвокаты же жакындары комментарий бере элек. Өзү болсо атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Юрий Низовскийге таандык экени айтылган үйлөрдүн сырткы көрүнүшү. Сүрөттү УКМК таратты.
Юрий Низовскийге таандык экени айтылган үйлөрдүн сырткы көрүнүшү. Сүрөттү УКМК таратты.

Юрий Низовский атайын кызматта сурак берип жатканы 9-августта кечинде белгилүү болгон. Анын 30га жакын тарапташы УКМКнын алдында чогулган. Түнкү саат 11ден өткөндө шектүү УКМКнын шаардык башкармалыгында экен деген маалыматтан соң ошол жакка жөнөп кетишкен.

Топтолгондор УКМКдан Низовский эмнеге камалганын жана анын ден соолугу тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты. Өзүн Ирина Попова деп тааныштырган жаран келгендердин арасында №61 мектепти бүтүргөндөр, окуучулардын ата-энелери бар экенин айтты:

“УКМКга алып кирип кетишти, мектептин эшигине мөөр басылыптыр, ага эмне деген айып коюлган билбейбиз, ал-акыбалы белгисиз. Бул жакта чогулдар ал качанкыга чейин кармаларын, кандай айып коюлганын жана анын ден соолугу жөнүндө маалымат берсе деп суранабыз”, - деди.

Тарапташтары директордун мүлкү жөнүндөгү маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтышууда.

Юрий Низовскийдин ысымы Кыргызстанда быйыл июлда президент Садыр Жапаров көп жыл иштеген мектеп директорлорун иштен алуу жана мектеп жетекчилерин атайын сынак аркылуу дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин жамы журтка кеңири белгилүү болду.

27-июлда Бишкекте өткөн нааразылык акциясына негизинен Низовскийдин тарапкерлери чыккан. Алар мектеп директорун өз ордунда калтырууну талап кылышкан.

Жаңы эреже боюнча сынакка мурдагы директорлор деле катыша алат.

Низовскийдин өзү сынакка катышууну "кемсинтүү" деп кабыл аларын билдиргени соцтармактарда бир топ талкуу жараткан.

"Сынак тууралуу жободо билимдин сапатын көтөрүү максатында жасалып жатканы айтылган. Эгер биздин сапат талапка жооп бербей жатса, мен кетмекмин. Биздин мектеп өлкөдөгү мыкты мектептердин бири. Мен аны кимдир бирөөгө далилдешим керекпи?", - деген ал серепчи Руслан Акматбекке жооп берип жатып.

67 жаштагы Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келатат. Ал дээрлик 30 жыл жетектеген мектепте 2016-жылы да чыр чыккан. Ал кезде окуучулардын бири директор менен мугалимден токмок жегени тууралуу маалымат тарап, талкууга түшкөн. Маселе парламентте да көтөрүлгөн.

№61 мектеп-лицей Бишкектин чок ортосундагы Абай көчөсүндө жайгашкан. Физика жана математикага басым жасап билим берет. Баш калаадагы мыкты деген мектептердин бири.

Билим берүү жана илим министрлиги президенттин жарлыгынын негизинде 2022-жылдын 26-июлунда атайын буйрук чыгарган. Анын негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык, өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталды.

Мындай чечимге көп жыл бою мектептерди бир эле кишинин жетектегени туура эместиги жана орто билим берүү мекемелериндеги окуунун сапатына нааразылык, коррупция тууралуу сын-пикирлер түрткү бергени айтылган.

Жаңы эрежеге ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек. Низовскийдин иштен кеткени расмий кабарлана элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG