Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

"Сынакка даяр эмес". Мектеп директоруна болушкан митинг


Бишкек шаарындагы айрым мектептин директорлорун алмаштырууга ата-энелер нааразы болууда. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы миңге чукул мектеп директорунун кызмат ордуна сынак жарыялаган.

Акцияга чыккандар президентке, министрге кайрылып, алдыңкы мектеп директорлоруна артыкчылык берилиши керектигин белгилешти.

Балдары Бишкектеги №61 мектепте билим алган 100дөй ата-эне директор Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылып, Горький сейил багында акция өткөрүштү.

Акцияга чыккандар президентке кайрылып, жарлыкты кайра карап чыгууну өтүнүштү жана документте Низовский сыяктуу директорлорду ордунда калтырган пункт болуш керек деген пикирин айтышты.

Ата-энелердин бири Гүлбара Барктабасова мектеп республикалык жана эл аралык сынактарда жакшы жыйынтык көрсөтүп жүргөнүн жүйө келтирди.

"Бул кишинин эмгегин бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жакшы билебиз. Канчалаган эл аралык сынак, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү ушул мектептин окуучулары. Алтын сертификат, медаль алышты".

Ушул эле күнү "Билим берүүнү коргоо боюнча ата-энелердин коомдук кыймылы" деген уюм да акция өткөрүп, мектеп директорун тандоо жобосун кайра карап чыгууну талап кылышты.

Бул кыймылга Бишкек жана Чүй облусундагы мектептерде балдары окуган ата-энелер кирет. Алар да ишинде мыкты жыйынтык көрсөткөн, рейтинги жакшы мектептин жетекчилерин ордунда калтыруу зарыл экенин белгилеп жатышат.

Кыймылдын мүчөсү жана укук коргоочу Анара Дауталиева мындай пикири менен бөлүштү:

Анара Дауталиева.
Анара Дауталиева.

"Министрликтин өзү сынакка даяр эмес. Союз тарагандан кийин директорлорду кайра даярдап, окуткан жок. Болбосо бул багытка канчалаган донорлор каражат бөлгөн. Азыр 20-30 жыл иштеген директорлорду эшикке түртүп чыгарды. Сынактан өтпөй калса ушунча жыл өмүрүн ошол мектепке, балдарга арнагандар пенсия курагына туура эмес кетип жатат. Азыр директорлордун 90% сынакка катышууга даяр эмес. Биз такыр эле жок деген жокпуз, министрликке аларды бир жыл даярдап, убакыт бергиле деп талап коюп жатабыз. Ошондон кийин өтпөсө биз директорлорго өзүбүз деле айтабыз, коом дагы даяр болот".

Мектеп директорлорун тандоого байланыштуу акцияга чыккан ата-энелерди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана анын орун басарлары кабыл алып, талаптарын укту.

Мунун алдында мекеменин 2022-жылдын 26-июлундагы №1484/1 буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялаган. Ага ылайык, өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин жетекчилигине сынак башталды. 12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде беш жылдан ашуун иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек.

Сынакка квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат:

  • жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар;
  • атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдары үчүн);
  • соттолбогондор;
  • Соттун чечими менен педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер;
  • Ишти пландаштыруу багытында Конституцияны жана мыйзамды билгендер;
  • билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологияларды жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алууну, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана эл алдында сүйлөөнү билгендер.

Сынакка катышууну каалаган талапкер комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап он жумуш күн аралыгында тиешелүү документтерди тапшырышы керек.

Министрлик коомчулуктун пикирин эске алып, директор тандоо жобосуна өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, талапкердин жаш курагы боюнча чектөө алынып салынган. Жобого ылайык, узак убакыттан бери иштеп келаткан директорлор дагы кайрадан сынакка катышып, жеңип чыкса ордуна кайтып келсе болот.

№61 мектептин директору Юрий Низовский сынакка катышууну кемсинтүү катары кабыл аларын серепчи Руслан Акматбекке жооп берип жатканда айткан.

"Сынак тууралуу жободо билимдин сапатын көтөрүү максатында жасалып жатканы айтылган. Эгер биздин сапат талапка жооп бербей жатса, мен кетмекмин. Биздин мектеп өлкөдөгү мыкты мектептердин бири. Мен аны кимдир бирөөгө далилдешим керекпи?".



Министр Алмазбек Бейшеналиев сынак боюнча нааразы топтор уюшуп, министрликтин үстүнөн арыздангандар да бар экенин буга чейин маалымат жыйында билдирген.

"Сынак баарына ачык, ким татыктуу болсо өтүп келе берсин. Абдан жакшы иштеген директорлорду сөзсүз эске алабыз. Аларды райондук, шаардык билим берүү, Билим берүү академиясында, республикалык квалификацияны жогорулатуу институтунда жана министрликте бош орундарды сунуштайбыз. Келип иштеп беришсин. Мен "ушул мектепти 28 жыл башкардым эле, дагы 28 жыл иштешим керек" деген директорлор канчалык керек деген суроону коомчулуктун өзүнө коем".

Министрлик буга чейин мектепти 40 жылдан ашуун башкарган директорлор бар экенин ырастаган. Ал эми ата энелер ордунда калтырууну талап кылган Юрий Низовский №61 мектепти 1993-жылдан бери жетектеп келет.

Эл аралык билим берүү боюнча эксперт Мырза Каримов узак убакыттан бери иштеп жаткан директорлорду алмаштыруу заман талабы деп эсептейт.

"Жашырганда эмне, эгемендикке 30 жыл болсо ушунча жыл мектепти, окуу жайды жетектеп, "түшпөс хан" болгондор бар. Жаштардын мугалимдикке тартылбаганын бир себеби дагы ушул. Алардын сынакка катышууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бир жерде бир киши он жыл эле иштегенде стагнация, жаңылануу болбой калат. Экинчи жагынан, көп нерсе мектеп жетекчилеринен көз каранды. Анын кантип иштеп жатканын ата-эне же жамаат көрүп, билип турат. Алардын дагы пикирин эске алуу керек. Адам фактору катышпайт деген менен тестирлөөдө баары бир болот. Ошондуктан өтө этияттык менен мамиле кылуу керек. Үчүнчүдөн, ар бир жетекчи өзүнүн ордуна мыкты кадр даярдайт. Алмаштыргыс адам болбойт. Низовский деле өзү канча жылдан бери иштеп жатат, устат катары бирөөнү даярдап жаткандыр. Такыр эле менден кыйын киши жок деген болбош керек. Балким №61 мектепке жаңы жетекчи келсе азыркыдан дагы жакшы болуп кетет".

Билим берүү багытындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров директорду тандоодогу негизги беш талапты атады.

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

"Тандоону дагы, иштегенди дагы, кийин баалоону дагы мектепти өнүктүрүү программасына байлаш керек. Анда беш багыт негизги болсо жакшы болот деп эсептейм. Биринчиси -жалпы билимдин сапатын көтөрүү. Мыкты окугандар биздин жардамыбыз жок эле окуп кете берет. Мында окуусунан аксап, кыйналып жаткандарды кандай кылып чоңойто алабыз. Ошого көңүл буруу керек. Экинчи - мугалимдер жамааты менен иштешүү, алардын чеберчилигин өстүрүү. Анткени билим сапатын ошолор көтөрөт. Үчүнчү - коом менен болгон байланыш, ата-энелер менен кызматташууну алдыга жылдыруу. Төртүнчү - мектептин каржы маселесин көтөрүү, башка булактардан каражат таап, мектепке буруу. Бешинчи - мектепти чыныгы билимдин, агартуунун очогу кылуу үчүн жамаатка кызмат кылуу".

Коомчулукта чоң шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат. Аларды Билим берүү министрлиги кызматтан алып кое алчу эмес. Бул жолу президенттин буйругу менен ишке ашууда.

Билим берүү жана илим министрлиги өткөн аптада Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өткөгөн. Ага жети талапкер катышып, тандалып алынган төртөөнүн бирөө гана сынактан өткөн.

Билим берүү жана илим министрлиги муну мектептерде кадр тандоону акыйкат жүргүзүү, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу аракети менен байланыштырууда. Айрым директорлор көзгө көрүнөрлүк иш жасоого беш жылдык мөөнөт жетишсиз экенин белгилешкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG