Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 06:28

Окуучунун жүрөгүндө калган мугалим


Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалимдин ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.

Райборбордогу сегиз жылдык мектеп

Эмне үчүн мугалим алдында окуучу өзүн уяттуу, күнөөлүү сезе берет? Мектепте го белгилүү, андан кийин деле устатын көргөндө ким болбосун уят каны жүзүнө тээп, өзүн ыңгайсыз сезишинин сыры эмнеде?

Валентин Распутиндин белгилүү аңгемеси мына ушул суроонун жандырмагын чечүүгө багытталган.

Аңгеме лирикалык "мендин" баяндоосу аркылуу өтөт. Айылындагы башталгыч мектепти аяктап орто билимди район борборунан алууга келген баланын көргөн кыйынчылыгы, кендирди кескен жетишпестик, ачкалык, сабакты мыкты билген таланттуу балага жардам берүүнү чечкен боорукер мугалимдин аракети мектеп жетекчисине жакпай, кызматын таштап кетүүгө мажбур болот. Чыгармада сибирлик кедей үй-бүлөнүн оор жашоо-турмушу сүрөттөлгөн.

Айылда башталгыч гана мектеп бар эле. Аны аяктагандар билим алууну токтотуп, колхоздун жумушун кылып, ошону менен бир келген өмүрдү өткөрүшчү. Бир гана баланын зээндүү экенин көрүп айылдаштары айтып, апасы да билим алышы керектигин ойлоп элүү чакырым алыс райборбор Подкамендеги сегиз жылдык мектепке окууга жөнөтүп атышпайбы. Согуштан кийинки оор мезгил, каржалган эл эптеп күнүн көрүп, баары ач калбоонун аргасын жасап жүргөн кез. Толгон кыйынчылыкка карабай апасы билимге зирек уулун он бир жашында окуусун улантууга жөнөттү.

Аудиосун бул жерден угуңуз:
Окуучунун жүрөгүндө калган мугалим
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:08 0:00

Колхоздун жалгыз полуторкасын айдаган Ваня абасы аны болжошкон жерге жеткирип, далысынан таптады да өз ишине кетти. Чиедей үч баласын кантип багыштын амалын күндүр-түндүр ойлогон апасы кол арага жарап калган уулун тамак-аш менен камсыздап туруу милдетин алып райборборго жөнөттү, билим албаса болбойт. Азаптуу согуш аягына чыкканы менен элди ачкалык тооруп, айласы куруган бир туугандар жегиси келгенде шилекейин жутуп, аш-тамакты эсинен чыгарып коюшка аракет кылышчу. Ансыз деле тууганынын үч баласы бар экен, аларга кошуп дагы бир тамак ичерди чогуу отургузбай, айылдан алып келген тамак-ашын өзү даярдап, өзүнчө бол деп бөлүп койду.

Айылдан райборбордогу сегиз жылдык мектепке келген бала сабакты жакшы окучу. Айылда кары-картаңдарга келген кат-кабарды окуп, жооп жазып, айылдык китепкананы жадыбалдай жаттап калган бала курбалдаштарынын алдына келгенде билгендерин кызыктуу кылып айтып берчү. Айрым жерлерин өз оюнан чыгарып кошуп койчу, анысын тигилер байкашчу эмес. Баарынан да чал-кемпирлерди кызыктырган согуш кезинде элдин баарына тараткан облигациялар эле. Утуш чыгып калса энтеңдеп баланы издеп калышчу. Айылдагы зыкым эсептелген Илья деген кексе чал 400 рубль акча утуп алганда сүйүнгөнүнөн бир чака картошка салып берген. Ал кезде мынчалык оокат кыйла жардам болчу. Жыбыраган облигация сандарынан адашпай окуган баланы баары жакшы көрүшчү, апасына “уулуңду окут, мындан акылдуу бала чыгат” дешчү.

Апасы аябай оор болорун билип туруп ишенген баласын райборборго окууга жөнөтүп атпайбы. Буга чейин айылынан бир да бирөө анчалык алыска барып окуй элек экен. Жердештеринин ишенимин актап ал жаңы мектепте да жакшы окуду, бардык сабагынан “беш”, жалгыз француз тили сабагынан гана жетише албады. Сөздөрдү, курулмаларды тез жаттап алганы менен сүйлөөгө келгенде эле тилин жутуп айта албай, алыскы европалык тил ангаралык баланы аябай кыйнады. Эжекеси Лидия Михайловна бардык сабагынан мыкты окуучусунун жөнөкөй сөзгө тили бурулбай жатканына деле таң калбай, деле эрикпеген жан экен, ар бир сөзүн оңдоп-түзөп жатчу. Акыры кыйноо сабак да аягына чыкчу. Жалаң окууну ойлогон бала мектептен келгенден кийин айылын эстеп куса болчу. Сагынычы күчөгөндө үйүнө кетип калгысы келчү. Чоочун жерде, бейтааныш адамдар арасында жүрүп аябай жүдөп кеткен экен.

Ошондой күндөрдүн биринде Ваня абасынын машинесине отуруп тамак-ашын алып, сагынычтан куса болгон уулун көргөнү апасы келип калды. Наны менен картошкасын көтөрүп, районго жөнөп аткан Ванянын машинесине түшүп келе бериптир. Баланын кубанычында чек жок эле.

“Сентябрь айынын акырында апам келди, менин арыктаганымды көрүп байкуш апам түтпөй кетти. Аябай чөгүп кетипмин. Апамын алдында өзүмдү бекем кармап, арыз-арманымды айтпадым, атүгүл ыйлабадым. Бирок да апам машиненин үстүнө чыгып жүрө бергенде чыдай албай көзүмүн жашы он талаа артынан чымын-куюн түшүп чуркадым. Апам машиненин үстүндө тик туруп бараткан, артынан чуркаган мени көрүп түтпөдү окшойт, колун булгалап, кой, өзүңдү бекем карма, уят кылба дегендей ишара кылды. Сагынычка берилип буулугуп алган же мен басылсамчы, көзүмүн жашын тыя албайм. Апам чыдабай кетти окшойт, машинени токтотту:

– Болуптур, жыйыштыр, – деди мага буйрук кылып. – Окуу бүттү, кеттик!

Ал ирет эсимди жыйып кайра артка кайттым".

Баланын сүлдөрү кетип арыктаганы айылдагы үйдү сагынгандан эле эмес эле, Ваня абасы район борбордогу эгин кампага буудай ташып келгенде апасы баласына аш-тамагын маалынан кечиктирбей жөнөтүп турчу. Анысы нан менен картошка. Кээде кошуналардан сурап быштак жөнөтчү, өзүндө ую болбосо кайдагы ак? Анан ошол бир жумага жетерлик азык эки күндөн кийин азайып калчу. Бала бекем катылган азыгын ким уурдаганын башында билбей жүрдү. Апасына алысыраак тууган болуп кеткен Надя таежеси уурдабайт, байкушум үч баласын эптеп багыштын камында жанын жанга уруп иштеп жүрөт. Айылдык алыс тууганын апасы келгенде эле айтып, тамак-ашын өзүнчө бөлүп койгон. Шек алганы Федя, бирок аны апасына айтпайт, айтканда ал эмне кылмак.

Айылда күн жылууда кара курсакты тойгузуунун толгон амал-айласы бар, картошка казып, токойдон жей турган бирдеме терип, балык кармап, иши кылып, ачка калбайсың. Бул жерде баарысы чоочун. Бир жолу бала сайдан балык кармайын деп чыгып кечке жүрүп иймейген үч балыкты тутуп келгенден кийин ал ишти да токтоткон. Апасы жөнөткөн аш-тамакты жаңы келгенде ынтыкканча тоё жеп, калганын бекем катчу болгон. Федядан катыш кыйын, таап алат. Ошол Федька бир күнү “чик” ойногондорго ээрчитип барды. Тыйын коюп ойногон кызыктуу оюн экен, баланын акчасы жок эле, сырттан байкап карап турду.

Тыйын ойномой

Оюн азгырыгы да жаман, каның аз деп апасы нан менен картошкага кошуп биртике тыйын жөнөтчү. Ошонун беш тыйынына жума сайын кичинекей базардан сүт сатып алып иччү. Сүткө деген тыйынды кошуп ойносо болорун ойлоп койду. Жаңы оюнда бала утарына кадиксиз ишенип турду. Айылда курбалдаштары менен ойногон оюндардын баарында утушка ээ болчу. Бул ирет деле ийгилик аны жандап жүргөнүнө ишеними чоң болчу. Апасы жөнөткөн тыйындарды чогултуп ойносо болчудай.

“Апам үч ирет жөнөткөн беш тыйындарга сүт албай, майдалатып алдым да оюн ойноочу таштанды аянтка чуркадым. Бул өзү да жашыруун оюнга дыкат тандалган жер болчу, адыр-жондор айланасын курчаган тайпаң сырт көздөн далдоо жер. Эгер биздин оюнубузду кыштактагылардын бирди-жарым көрүп калса баарыбызды кубалап милиция, мектеп директорун чакырам деп коркутмак. Бул жерде бизди эч ким көрбөйт, жат көздөн далдоо жер. Анан да үйдөн анчалык алыс эмес, чакырып калса келе коёсун.

Биринчи ирет токсон тыйын, кийинкисинде алтымыш тыйын сайдым. Албетте, акчама ичим ачышты, бирок улам ойногон сайын колум көнө баштаганын туйдум. Жалпак ташты болжогон жерге ыргытыш үчүн канча күч керек болорун билип калдым, көз да каныгып, таш кайсы жерге түшсө канча тоголонуп барарын, утушка жетиш үчүн кандай ыкма колдонуш керектигин, ыргытылган таш түшкөн жеринен канча тоголонуп барарын алдын-ала чамалашты үйрөндүм. Кечқурун аянтта эч ким калбай калган учурда оюн ойноочу жерге кайтып келип, Вадик жашырып кеткен ташты алып, чөнтөгүмдөгү чакаларды чыгарып караңгы киргенче оюн ойнойм. Бара-бара колум көнүп он жолу ыргыткан ташымдын үчөө-төртөө тыйынга жетчү болду.

Соңунда, оюнда мен ута турган күн да келди".

Оюн кумары жаман, эми бала мектептен чыгып тыйын ойноочу майданга шашылчу болду. Оюнчулардын башчысы Вадим, ошону күтүшөт, ойногондордун көбү утулуп кетишет. Вадим анан класстан көчпөй калган Птаха экөөнүн мөрөйү үстөм чыгып, балдардын баарын утуп алышат.

Жагдай өзгөрүп, айылдан келген бала аз-аздан баарын ута баштады. Балага көп утуштун кереги жок эле, күнүгө бир сом утуп, акчасын чөнтөккө салып сүт алып ичкени базарды көздөй чуркайт, башы мурдагыдай айланбай калды.

Башында анын утуштарына анчалык ичи тарыбаган Вадик бир сом утуп жылт койгон жаңы баланы достору менен бир ирет катуу сабап койду. Ага ким болушмак, башкалары кайдыгер карап турушту. Бети-башы көгөрүп, шишип “жарадар болуп келген” баланы биринчи сабакта эле Лидия Михайловна байкады. Сабактан кийин алып калып окуучусунан “чын эле тыйынга ойнойсунбу?” деп сурады. Жашырууга болбой калган, “ойнойм” деди. “Утасыңбы” – “утам”. Бала бир сом гана утарын, ага сүт сатып ичерин айтып берди. Эжекеси бет алдында отурган жүдөө, кырк жери жамачы салынган эски кийимчен окуучусун аяды окшойт, “акчага ойногон болбойт” деди.

Ошол кезде колхоз буудай тапшыруу планын эрте аяктап, Ваня абасы районго машинеси менен каттабай калган. Байкуш апасы эмне кылар айласын таппай жаткан болуу керек. Оюндан четтетилип, аш-тамактан кыйналган баланын түшүнө тамак кирчү. Ойгонгондо курсагы курулдап, бүгүн кайдан тамак таап жейт экенмин деп жүрчү.

Айла жок таяк жеп куулган жерге - тыйын ойноочу аянтка барышка туура келди. Бул ирет сүткө эмес нанга тыйын табыш керек болчу. Оюн улантылды, бирок да төртүнчү оюндан кийин аны дагы токмоктоп коюшту. Ошондон кийин Лидия Михайловна аны сабактан кийин алып калып кошумча сабак өтүп, кийин убактысы жоктугун шылтоо кылып үйүнө чакырууга өттү. Бул чыныгы кыйноо эле. Андан да оор кыйноо мугалим эжесинин ачка окуучусун кечки тамакка чакыруусу эле. Андан көп өтпөй эжекесинин дагы бир калпы чыгып калды, ал кыйналган окуучусуна алма, макарон, анан аз кандууларга жакшы дары делген гематоген салып ийгени билинип окуучусунун алдында уялганычы.

Лидия Михайловна гана баланын жашоо-турмушуна кызыгып, сабакты мыкты окуган таланттуу өспүрүмдүн кыйынчылыктарга карабай ач калганына кайыл болуп билимге умтулуп жатканына ыраазы болчу. Акыры ал балага жардам берүүнүн ыңгайлуу жолун тапты, окуучусу экөөнүн тыйын ойномойу башталды. Бирок мунусу да узакка созулбай, мектеп директоруна билинип калып мугалимдикти таштап өз жерине кетүүгө мажбур болду. "Кетеринде мен эми Кубанга кетем, сен окууңду жакшы оку, эч ким сага катылбайт" деди.

Ошол кышта бала почтадан баалуу посылка алды. Посылканын ичинде иреттүү тизилген макарондор, анан калың кагазга оролгон чоктой кызыл үч алма бар экен. Бала ага чейин алма жеген эмес эле. “Башында мен алмаларды сүрөттөн гана көрчүмүн, ушундай болот тура деп ойлодум”.

Валентин Распутиндин кызыктуу аңгемеси 1973-жылы жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG