Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

Директор тандоо же көйгөйү көп билим берүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мектептеринин директорлору мындан ары конкурстук негизде тандалып, беш жыл иштей турган болду. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгондугу 12-июлда кабарланды. Буга чейин мектеп жетекчилерин конкурстук негизде шайлоо демилгеси кызуу талкууланып жаткан.

“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун алкагында уюштурулган тегерек үстөлдө Жогорку Кеңештин депутаты директорлорду кызматынан аша чаап пайдаланып жатат деп сындаганы директорлор ассоциациясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуусун шарттаган.

Мектеп директорлорунун сынга кабылышына эмне себеп болду жана директорлор эмнеге нааразы? Директорлорду конкурстук негизде тандоо эмне үчүн керек? Мектепте билим берүү тармагы кандай реформага муктаж?

“Азаттыктын” мектептеги билим берүүнүн жана мектепти башкаруунун оош-кыйыштарын талдаган “Арай көз чарай” талкуусунун айрым өңүттөрүн сунуштайбыз.

Талкууга Бишкек шаарындагы №68 мектеп-лицейдин директору, жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана билим берүүчү мекемелердин директорлор ассоциациясынын мүчөсү Канымжан Оморова, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Токтокан Ашымбаева, Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков катышты.

Канымжан Оморова: -Мектеп директорлорунун айланасындагы тескери пикирлер жакында эле пайда болгон жок. Көп жылдан бери келатат. Бир тарап директорлор акча алып жатат деп нааразылыктарын билдирип келет. Экинчи тарап унчукпайт. Унчукпаган тарап – директорлор, мектептер. Бул мектеп менен коомдун, ата-эненин ортосундагы эң чоң ажырым деп эсептейм. Мектептин абалын түшүнбөгөндөй сезилет. Ошол тыгыз кызматташтыктын жоктугу мектептин күнөөсү деп ойлойм. Биримдик болсо ата-эне мектептин ар бир жасаган ишин көрүп-билип турат эле, тескери пикир жаралбайт эле.

Унчукпаган тарап мамлекеттик мектепте иштегени үчүн, тарбиячы катары мугалимдик этиканы сактаган үчүн жаакташууну, өзүбүздү өзүбүз актоону туура көрбөдүк. Биздин каныбызды кызытканы - Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин директорлорду миллиондогон долларды чөнтөктөрүнө салып, ар бир окуучудан 500 доллардан алат деген өңдүү коррупционерлерге теңеген пикири болду. Депутат деле шайлоочулардын айткандарына таянып атса керек. Конкреттүү фактылар келтирилген жок. Ошон үчүн жагдайды тактап көрөлү деп директорлор Жогорку Кеңешке кайрылдык.

Адамдарда ата-эне директорго келип эле акча берет деген түшүнүк калыптанган экен. Андай эмес. Биз азыр мындан 20-30 жыл мурдагы каржылоонун тартыштыгынын залдары менен күрөшүп жатабыз. Мектептер 52 беренеге ылайык каржыланышы керек. Ушунун мурда сегиз гана беренеси иштеп келген (азыр 17си иштейт). Бул – мугалимдердин эмгек акысына, пенсиялык фондго, коммуналдык төлөмдөргө, байланыш телефонуна, окуу китептерге, санитардык кызматтарга белгиленген беренелер. Калган 44 берене иштеген эмес.

Ошондо ата-энелердин арасынан позитивдүү адамдар өздөрү шаардык мектептерде коомдук бирикмелерди, фонддорду түзүп, юридикалык тарап катары каттоодон өтүп, банк эсептерин ачкан. Ошол жакка ата-энелер акчасын сала баштаган. Ошонун натыйжасында шаарда гүлдөгөн мектептер пайда болгон. 20 жыл ичинде айлык албай иштеген, эмгек өргүүнүн акчасын сентябрда алган күндөрүбүз болгон. Ошондой абалдан алдыңкы директорлор алып чыкты. Ошол мектептер азыр - техника менен жабдылган гимназия-мектептери. Балдар үчүн шарттар түзүлгөн. Мугалимдер алдыңкы технологияны пайдаланып сабак беришет. Ата-энелердин эмгегине ыраазычылык билдирем.

Ата-эне төлөмдөрү мыйзамдуу жолго түшүрүлгөн. Каалабаган ата-эне - төлөбөйт. Мисалы, биздин мектепте ата-эне айына 221 сом төлөйт. Ага фирмалар менен келишим түзүп, күзөттү кармайбыз, техникалык кызматкерлердин айлыгына кошумча төлөп беребиз, эмерек, техникалар алынат, ремонт иштери жасалат. Алар боюнча фонддун директору, бухгалтери ата-энелерге ай сайын отчет берип турат. Чыгымдардын бардыгы сайтта, мектептин кире беришиндеги дубалда илинип турат.

Айрымдары ошол фондго төлөнгөн акчаны директор алып атат деп ойлошот окшойт. Жаманатты болгондон кийин тазалаш кыйын экен. Кээ бир ата-энелер кыйытып, опузалап, муну жөн койбойм деген өңдүү мамиле жасашат.

Токтокан Ашымбаева: - Бардык эле директорлорду “бир шыпыргы менен шыпырууга” болбойт. Бирок, Бишкек эмес, республиканын бардык тармактарынан жарандар көбүнчө терс ой-пикирлерин жазып атат. Мындан да министрлик жыйынтык чыгарышы керек. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, иштин көзүн жакшы билбеген, директор катары компетенттүү иштей албаган, ата-энелерден акча топтогон директорлор да жок эмес. Тигиге жетпейт, буга жетпейт деп тынымсыз акча чогулткан мектептер да бар. Көбүнчө мындайлар - шаар мектептеринде. Айыл мектептеринде андай жок.

Асылбек Жооданбеков: - Билим берүү тармагына сындардын көп болуп жатканы – ар бирибиздин билим берүү тармагы менен байланышыбыз бар. Ошол эле мезгилде бардыгыбыз сезип турабыз, Билим берүү министрлигинен, депутаттардан тартып мугалим, ата-энеге чейин билим берүү тармагы реформага муктаж экенин сезип турабыз. Министрлик жашоону кубалап жете албай жатат. Бекер окутат деп кепилдик бергени менен, мамлекет 17 берене боюнча гана каржылайт экен. Жетишпейт. Мамлекет муну моюнга алышы керек. Ата-эне бүгүн баласын сабаттуу, жакшы окуткусу келет. Ошондуктан, мамлекет дүңүнөн эмес, даректүү саясат жүргүзүшү керек.

Менежментти караңыз, 20-30 жыл отурган директорлорду баалоонун механизми так иштелип чыккан эмес. Мисалы, мен мектеп директорун дайындоого каршымын. Демократиялык нукта жашаганыбызга 30 жыл болсо деле мугалимге ишенбей, аны министрлик аркылуу басып атабыз. Шайлоого мүмкүнчүлүк бериш керек же жергиликтүү бийликти күчтөп, камкорчулар кеңеши, ата-энелер комитети сыяктуу тараптар аркылуу шайлоо, конкурс сыяктуу жолдорду караштырыш керек. Коррупцияны чектеш үчүн министрлик тандоону көз карандысыз уюмга бергени туура болмок.

Токтокан Ашымбаева: - Билим берүү министрлиги дагы жетекчилерди конкурстук негизде тандоо саясатын колдоп жатат. Мен ошол жумушчу топтун мүчөсү катары айтып койсом болот, ал жерде коррупциялык элементтерге жол бербеш үчүн адам факторун жоюу маселесине көбүрөөк басым жасалып жатат. Себеби, бул замандын талабы. Директорлор конкурстук негизде тандалышы керек. Бирок, комиссия аркылуу тандоодо тобокелдик болушу мүмкүн. Аны адам факторун жоюп, онлайн жана ачык тандоо шартын түзүү аркылуу чектөө жагын жумушчу топ караштырып жатат.

Канымжан Оморова: - Директорду конкурстук негизде тандоо түрдүү пикирди жаратып атат. Анда адам фактору катышса, ал сөзсүз обьективдүү болбойт.

Талкуунун толук версиясы бул жерде:
Мектеп директорлоруна эмнеге сын көп?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:42 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG