Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:41

"Сындап жазып, эскертүү алдым". Суракка чакырылган блогерлер


Иллюстрация сүрөт.

21-июнда блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов социалдык тармактарда бийликти сындаган пикири үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Буга чейин дагы бир катар блогерлер суракка чакырылып, айрымдары камакта отурат.

Блогер Бакмурат Токтогулов УКМКдагы сурак анын "социалдык тармактарга жазган 20дай билдирүүсүнүн айланасында жүргөнүн" билдирди. Ал соңку кезде азыркы саясий абалга байланыштуу бийликти сындаган постторду Фейсбуктагы баракчасына жазып жүргөн.

Бакмурат Токтогулов.
Бакмурат Токтогулов.

“Азыркы болуп жаткан саясий кырдаал, экономика боюнча ачуу сынды камтыган постторду жазып турам. Ошого оозеки эскертүү берүү үчүн чакырып, сүйлөшүү болду. Кокутуп-үркүтүү болгон жок, мыйзам чегинде түшүндүрүштү. Муну жаз, аны жазба деп чектеген жок. Түшүндүрүү иштерин жүргүздү десек болот. Бирок менин посторумда улут, дин жана аймак аралык кастыкты козуткан сөздөр жок. Болбойт дагы, мыйзам чегинен чыкпайм".

Токтогулов УКМКда бир жарым сааттай болгонун, атайын кызматтын өкүлдөрү кайра суракка чакырбаганын кошумчалады. Атайын кызмат блогердин айткандары боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу социалдык тармакка жазган пикири үчүн журналист Канат Каниметовго эскертүү берген. Атайын кызматтын бөлүм башчысынын колу коюлган эскертүүнү журналист Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган эле. Анда Каниметов серепчи Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактарда мамлекеттик мекемени негизсиз айыптаганы жазылган. Анын билдирүүсү чындыкка дал келбей турганы жана кандайдыр бир далил фактылар жок экени айтылган.

Соңку кезде социалдык тармактарга жазган сөздөрү үчүн укук коргоо органдарына суракка барган Токтогулов жалгыз блогер эмес. Фейсбуктагы баракчасынан Адилет Балтабай деген ысым менен Бишкекте өткөн ар кандай митинг, акцияларды түз эфирде көрсөтүп жүргөн блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Бишкектин Биринчи май райондук милициясында үч жолу суракта болуп чыкты. Ал муну оппозициялык маанайдагы активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

Адилет Али Мыктыбек
Адилет Али Мыктыбек

“Менимче, бийликти сындаганым, оппозициялык позициямдан кайтпагандыгым үчүн ушундай басмырлоо, кысым болуп жатат. Эгер мен коомдук-саясий активдүүлүгүмдү билдирбесем, мага карата шылтоо таба турган эч нерсеси болмок эмес. Фейсбуктагы постторумду, кайрылууларымды мага карата иш козгоого жүйө катары көрсөтүп жатышат. Мен буга макул эмесмин”.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө 30-майда блогер Адилет Али Мыктыбек райондук милициянын Тергөө кызматына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Жапырт башаламандык”) негизинде тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жеткирилгенин билдирген. Бирок кайсы башаламандык окуя тууралуу сөз болуп жатканын тактап айткан эмес.

Быйыл март айында "Батма-бат" YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип камакта жатат. 50 миңге жакын катталуучусу бар каналдын ээси Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерүү учурундагы видеолорун жарыялап турган. Мындан сырткары ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген.

Социалдык тармактарда курч билдирүүлөрдү жазып жүрүп суракка барган блогерлердин катарында журналист Семетей Талас уулу да бар. Бирок ал кайсы ишке суралганын так айткан эмес.

Быйыл март айында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, партиянын саясий акцияларын чагылдырып, курч пикирлерди айтып-жазып жүргөн Мирлан Ураимов да кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен бошотулган.

Ошондой эле 2019-жылы активист, блогер Афтандил Жоробеков да камалып чыккан. Бул укук коргоо органдарынын тизмесине илинген активисттердин, блогерлердин толук эмес тизмеси.

Коррупцияга байланышкан темаларды иликтеп, аны Ютубдагы каналы аркылуу жайылткан блогерлердин бири Ыдырыс Исаков алешем иштерди ашкерелөө үчүн аймактарда жарандык журналистиканы өнүктүрүш керек керек дейт.

Ыдырыс Исаков
Ыдырыс Исаков

“Мен өзүмө карата коркутуп-үркүтүүнү сезбейм. Бирок акчага азгыруу, сатып алуу деген нерселер дайыма болуп турат. Башкысы сатылбашың керек. Аймактардагы жарандык журналистиканы өнүктүрүш керек деп эсептейм. Анткени көпчүлүк редакциялардын кеңсеси Бишкекте жайгашкандыктан, аймактарга көп көңүл бурулбайт. Мисалы, Ошто аймактык журналисттер аз. Блогерлер деле бирин-серин. Баткенде жок десек да болот. Ушундай кырдаалдан пайдаланган чиновниктер каалаганын кылып жатат. Тендерде, жер маселесинде каалагандай алешемдик кылышат. Ошондуктан эркин журналисттер керек”.

Медиа эксперт Азамат Тынаев жарандык активисттер менен блогерлердин айырмасын ажыратуу керек деп эсептейт. Ошондой эле блогерлер бутүндөй бир журналисттер жамааты көтөрө албаган курч коомдук көйгөйлөрдү козгоп жатканына көңүл бурду.

“Фейсбукка пост жазып койгондордун бардыгы блогер эмес. Мен билгенден өздөрү контент жараткан үч блогерди эле билем. Алар Ыдырыс Исаков, Майраш Базлакунова жана Лена Нечаева. Булар Ютуб каналынан тынымсыз видеолорду жарыялап турат. Ал эми башкаларды жарандык активист деп эле айтсак болот. Блогерчилик бизге аябай керек. Анткени кайсы бир редакция айта албаганды блогерлер элге жеткирет. Ошол эле кезде алардын иши кооптуу. Сынды ар бир киши эле көтөрөт деп айта албайбыз".

Юрист Клара Сооронкулова блогерлердин коомдогу ордуна токтолду.

“Блогерлер эркин ойду айтып жатышат. Бийлик алардын оозун баскандын аракетин көрүүдө. Бирок бул тескери таасирин берет. Биздин коомдо сөз эркиндиги болуп жаткандан кийин блогерлер сыяктуу ачык пикирди элге жеткирип тургандар керек”.

Блогерлер Фейсбук, Ютуб, Инстаграм сыяктуу социалдык платформаларда контент жаратышат. Бирок айрым медиа эксперттер сөз эркиндиги менен катар эле анын жоопкерчилиги дагы сакталышы керектигин эске салып, айрым блогерлерди ушул жаатта сынга алып жүрөт. Ушундай мамиледен улам сөз эркиндигине чектөө кирип калышы мүмкүн деп кооптонгондор бар.

“Кыргызстанда блогерлер бар, бирок жарандык журналистика өтө чабал. Жарандык журналисттер эрежелерди эске алып, калыс, тараптардын пикирлери менен эмгегин элге алып чыгат. Ал эми блогерлер смартфонун көтөрүп алып эле кайсы чыр-чатак болуп жаткан жерге барып, түз эфирде бир тараптуу кылып көрсөтүп коюшат. Азыр блогерге элдин пикири жакшы эмес. Мен аларды жарандык журналист дегенден алысмын”,-деди Prevention media платформасынын негиздөөчүсү Алмаз Исман.

Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG