Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Каржы пирамидасын жарнамалаган блогерлер жазаланат


Чымкент шаарында митингге чыккан жабырлануучулар. 2020-жыл.
Чымкент шаарында митингге чыккан жабырлануучулар. 2020-жыл.

Казакстандын мажилиси каржы пирамидаларын жарнамалаган блогерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Эми тармактык сооданы жарнамалагандар акчалай айыпка жыгылып, же жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

15-июнда казак парламенти "Тармактык соода жана каржы уюмдарын жөнгө салуу, көзөмөлдөө, каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча" мыйзам долбоорун жактырды. Бул мыйзам каржы пирамидаларын түзүүгө жоопкерчиликти күчөтүү жана блогер, вайнерлерге алардын жарнамасы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүгө багытталган.

"Кароого сунушталган мыйзам долбоорлорунун негизги максаты - каржы пирамидасын түзүүгө жоопкерчиликти күчөтүү. Ошондой эле аларды жарнамалагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартып, жарандардын укуктарын коргоо механизмин иштеп чыгуу", - деп билдирди Мажилистин депутаты Юрий Ли "Власть" басылмасына курган маегинде.

Жаңы мыйзам долбоорунда, Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренесине ылайык айыпталуучуга 6 миллион теңгенин тегерегинде же болбосо 14 миң доллардай айып пул салуу, же 600 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бул берененин төртүнчү бөлүгүнө ылайык, айыпталуучунун мүлкү толугу менен конфискацияланып, 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Коңшу Казакстанда каржы пирамидаларын жарнамалаган блогерлерге кылмыш ишин козгоо сунушу быйыл жыл башында айтыла баштаган.

Мейржан Туребаев.
Мейржан Туребаев.

20-апрелде Mudarabaн Capital компаниясынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов камалган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, блогерлер тармактык сооданын жарнамасына катышып, анын теңата ээси катары киреше алып турган.

Инстаграмда үч миллиондон ашык катталуучусу бар Туребаев камакка алынардан мурун видео тартып, анда ал "өзү дагы жабырлануучу" экенин жана "компаниянын ишмердүүлүгүнөн эч кандай пайда албаганын" айткан.

"Сиздер билгендей мен режиссер, сценарист, актер катары белгилүүмүн. Сериал, жарнамаларды тартам. Mudarabaн Capital компаниясынын эки жарнамасына актер катары тартылгам. Бирок экспертизада бул жарнамалар каржы пирамидасына элди жапырт чакыруу болгон эмес деп табылган".

Ал эми 11-апрелде Казакстандын башкалаасы Нур-Султандагы Ички иштер министрлигинин алдына каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койгон. 32 жаштагы Багила Досмаилова оор абалда реанимицияга түшкөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Досмаилованын үй-бүлөсү каржы пирамидасына 45 миң доллардай акча салып, ала албай калган.

8-апрелде ал башка жабырлануучулар менен Алматыда пикет өткөрүп, "иликтөө ишин жакшы жүргүзбөй жатат" деп полицияны айыптаган.

"Мен бул иштин башынан бери адилеттүүлүккө ишенип келгем. Мага ички иштер башкармалыгынан Абрахманов "бул кыңыр ишке блогерлер күнөөлүү" деп ишендирип келген. Көрсө, ал блогерлерди жашырып жүрүптүр".

Көп өтпөй кылмыш ишине шектүү катары блогерлер Туребаев менен Шерниязов аныкталган. Алматы полициясынын башчысы Рустам Абдрахманов бул иш боюнча 14 адам шектелип, алардын алтоо кармалганын, экөө эл аралык издөөдө экенин, бирөө үй камагында экенин, үчөө күрөө менен бошотулганын билдирген.

Апрелдин соңунда Алматы шаардык соту каржы пирамидасы боюнча шектелген блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязовду камоо мөөнөтүн эки айга узартты.

Казакстандын Финансылык мониторинг агенттигинин 15-июнга карата маалыматы боюнча, быйыл 17 миңден ашык казакстандык каржы пирамидаларына 27 миллиард теңге (62 млн. доллардын тегерегинде) акча салган.

Ал эми Кыргызстандагы жагдайга келсек, Ички иштер министрлигинин март айында тараткан маалыматында, былтыр биринчи жарым жылдыкта каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сомго жеткен. Министрлик кайрылуу таратып, жарандарды жеңил, тез аранын ичинде киреше убада кылган каржылык пирамидаларына катышпоого чакырган. Мекеме өлкө ичинде каржылык пирамидалардын бир нече түрү бар экенин эскертип, алардын тизмесин жарыялаган эле.

Көп өтпөй 16-мартта S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Алиев Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, акча алып, бирок аны аткарбай жүргөн деп шек саналып кармалган. Кийин үй камагына чыгарылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы S-LINE кооперативине каршы 24 киши арыз жазганын билдирген. Келтирилген зыян 40 млн. сом деп эсептелген.

Азырынча Кыргызстанда тармактык компаниялардын кайсынысы ишенимдүү же шылуун экенин аныктаган атайын мамлекеттик орган жок. Алар жеке ишкер катары каалаган багытта иш алып барышат. Юридикалык жактан бул компанияларга эч кандай чектөө жок.

Тармактык маркетинг түшүнүгү 1945-жылы АКШда ишкер Ли Майтингер менен Уильям Кэсселбери Nutrilite Products компаниясынын улуттук таркатуучусу болуп дайындалгандан кийин башталган.

Бизнестин бул түрү Орусияга 1990-жылдары келип, андан Кыргызстанга да жеткен. Түштүк Корея, Кытай жана АКШда маркетингдин бул түрүн чектеген айрым мыйзамдар бар.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG