Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Блогер кысымга кабылып жатканын айтты


Адилет Али Мыктыбек.
Адилет Али Мыктыбек.

Блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек ага карата жүрүп жаткан териштирүү тууралуу 31-майда “Азаттыкка” маалымат берип, Бишкектин Биринчи Май райондук милициясында үчүнчү жолу суракта болгонун билдирди.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр жазында козгогон иштен ага байланыштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп, милициянын тергөөсүнө өткөрүлүп берилген. Ал оппозициялык маанайдагы активдүүлүгү үчүн кысымга кабылып жатканын билдирди:

“Менимче, бийликти сындаганым, оппозициялык позициямдан кайтпагандыгым үчүн ушундай басмырлоо, кысым болуп жатат. Себеби “Чүй ынтымагы” кыймылына эч кандай тиешем жок. Эгер мен коомдук-саясий активдүүлүгүмдү билдирбесем, мага карата шылтоо таба турган эч нерсеси болмок эмес. “Фейсбуктагы” постторумду, кайрылууларымды мага карата иш козгоого жүйө катары көрсөтүп жатышат. Мен буга макул эмесмин”.

Активист 30-майда райондук милицияда беш сааттай суракта болгонун, анын социалдык түйүндөрдөгү жазгандарын мыйзамсыз деп тапкан экспертизанын жыйынтыгына каршы экенин кошумчалады.

Бишкектин Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгы 30-майда блогер Адилет Али Мыктыбек райондук милициянын Тергөө кызматына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Жапырт башаламандык”) негизинде тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жеткирилгенин билдирген. Бирок кайсы башаламандык окуя тууралуу сөз болуп жатканын тактап айткан эмес.

30-майда Бишкектин Эски аянтына ишкерлердин көзөмөл-кассалык аппаратка каршы акциясы өткөн. Адилет Али Мыктыбек “Фейсбукка” ошол акция жана казиного каршы акция да болорун жазган.

УКМК блогердин айткандары боюнча комментарий бере элек.

2021-жылы ноябрь айыларында бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган бир катар саясатчы, үй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрү ар кандай шарт менен бошотулган.

Президент Садыр Жапаров быйыл 25-апрелде мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде өлкөгө оппозиция керектигин, бирок алар жеке кызыкчылык үчүн элди дүрбөтпөшү керектигин белгилеген болчу. ​(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG