Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

ЕККУ: Укук коргоочулар чек ара маселесин көтөрүп, тажик бийлигин сындашты


Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

Варшавада өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча жылдык жыйынына Кыргызстандан “Бир дүйнө Кыргызстан” бейөкмөт уюму да катышууда. Уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова менен байланышып, жыйында козголгон маселелер тууралуу суроо бердик.

- Варшавадагы жыйында Кыргызстандан бир нече уюмдун өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Алардын бири, "Интербилим-Ош" борборунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды токтотуу үчүн ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар чек араны аныктоо боюнча көз карандысыз комиссия түзүп, эки өлкөгө көмөк көрсөтүүсү керек деген сунуш айтты. Буга эл аралык уюмдар кандай пикирин билдирди?

- Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада болгон окуяларга байланыштуу ар тараптуу анализ камтылган билдирүү жасап, кесепеттери кандай болду, тынчтык учурда Тажикстан тарап минометтор менен айылдарды атып, чек араны бузуп, тынч жаткан адамдардын өмүрүн алганын мисал келтирди. Чек арадагы чырда курман болгондордун ичинде жаш балдар болгонун баса белгиледи. "Бул кырдаал ЕККУну тынчсыздандырышы керек" деп, 57 мамлекеттин дипломаттарына кайрылды. Үй-жайсыз калгандар, ата-энесинен айрылган балдар тууралуу да баяндап берди.

Эл аралык коомчулук ага чейин да бул окуяга байланыштуу реакция кылып жаткан. Себеби, Кыргызстандан барган укук коргоочулар чек ара маселесин улам көтөрүп чыгып турду. Эгемендик алгандан бери эле чек ара чечилбей келатканын, кагылышуулар барган сайын күчөп баратканын айтып, буга чейин 144төй чек арада кагылыш болуп, акыркы эки жылда ондогон адам өмүрү кыйылганын далил катары айттык.

Эмнеге кырдаал ушул абалга жеткиче эл аралык уюмдар көңүл бурбай жатат деген суроону койдук. ЕККУнун мандатынын алкагында "Москва механизмине" да чара көрүлүшү керектигин “Бир дүйнө Кыргызстан​” уюмунун өкүлдөрү да билдиришти. Эл аралык соттун алкагында азыркы тапта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин кароосунда турган Рим статутуна байланыштуу мыйзамды ратификациялоону колдогонубузду эскертип, аны кабыл алууда ЕККУнун колдоосун сурадык.

- Европадагы тажик оппозициячыл топторунун башын бириктирген Тажикстандын улуттук альянсынын лидери Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Дүйшөмбүнү бир тараптуу айыптоого болбосун айтты. Тажикстандын укук коргоочуларынын Мамасалиеванын билдирүүсүнө карата реакциясы кандай болду?

- Гүлгаакы Мамасалиеванын билдирүүсүн белгилүү дипломаттар жана күчтүү эксперттер колдоду. Биз негизи буга чейин деле Тажикстандагы укук коргоочулар, активисттер менен тыгыз иштеп келгенбиз. Себеби, бул кырдаалда Тажикстандын жана Кыргызстандын карапайым тургундары ыплас саясаттын айынан өз өмүрүнөн ажырап жатпайбы.

Баш мыйзамда өлкөнүн атуулдарынын өмүрүн сактоо - мамлекеттин башында турган кызматкерлердин жоопкерчилиги деп белгиленген. Чек ара маселесин чечүүдө чиновниктер өз ара эле сүйлөшпөй, жергиликтүү элдин да үнүн угушу керек экени айтылды. Элдин пикири менен эсептешпеген тажик бийлигине бир кыйла сын айтылды.

Тажикстандын оппозициясынын өкүлдөрү, укук коргоочулары, эксперттери бул жыйынга көп санда катышууда. Алардын көпчүлүгү коңшу өлкөнүн бийлигин абдан сындап, Тажикстанда ушул тапта адам укугун сактоого эч кандай шарт жок экенин белгилешти.

"Биз ушундан улам ар кайсы мамлекеттерге кеткенбиз, ошентсе да бул режим менен катуу күрөшүп жатабыз" деген билдирүүлөрдү жасашты. "Тажикстанда ЕККУнун алкагында кызматташуу принциптерин иштетиш керек" дешип, алар да чек ара чырынан тынч жашаган айылдагы калк курман болуп жатканына нааразы экенин айтышты.

Мындай кылмышты эң жогорку бийлик тепкичинде турган президент жана анын айланасындагы адамдар элге каршы жасап жатканын, Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Орусия өзүнүн согуштук таасирин Борбор Азияга тийгизип жатканы тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

- Аймактагы коопсуздукка жана чек ара чырын жөнгө салууга байланыштуу дагы кандай маселелер козголду? Кырдаалдын глобалдык коопсуздукка тийгизген таасири тууралуу сөз болдубу?

- Чек ара чырын жөнгө салууда бүгүнкүгө чейин жетиштүү иш-чаралар болгон жок. Ушундан улам трагедия кайталанып жатпайбы. Жаш балдар, аскерлер, энелер, жөнөкөй жарандар курман болууда, бул көрүнүштөр эки өлкөгө тең чоң сабак болуп, эч качан кайталанбасын деген сөздөр айтылды. Бул багытта биз өз күчүбүздү жана эл аралык деңгээлдеги адистердин потенциалын пайдаланып, ЖККУ же Шанхай кызматташтык уюмунан алыстап, эгемен Кыргызстан өз тажрыйбасын колдонуусу зарыл дедик.

Айрыкча кесипкөй, тажрыйбага бай адистерди Баткенге алып баруу зарылдыгын белгилеп, чек арадагы көзөмөлдөө жараяндарын IT-технологиялар аркылуу күчөтүш керек деген сунуш бердик. Чек ара чырына глобалдык деңгээлде көңүл бурулбаса, Ооганстандан дүйнөгө кеткен баңгизат соодасы өрчүй турганын, дал ушул Ооганстандагы талибдердин таасири аймакка түздөн-түз тийип жатканын айтып өттүк.

Бул кайрылууларды биз былтыркы жыйында да дүйнөлүк коомчулукка айтканбыз. Анткени, бул кагылышуулар жеке эле суу же жер үчүн болуп жаткан конфликт эмес, анда Ооганстандын таасири да чоң. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да акыркы чек ара чырында башка топтор да катышканын айтып жатпайбы.

Талибдердин адам укугуна каршы ураандары аймакка сөзсүз таасирин тийгизүүдө, маселен Түркмөнстанда кудум ошол талибдердикиндей аялдарга каршы эреже, мыйзамдар кабыл алынбадыбы. Ооганстан өзү менен чектешкен Өзбекстан, Түркмөнстан же Тажикстанга эле эмес, бүтүндөй аймакка коркунуч жаратып жатканын, акыркы кыргыз-тажик чек ара чырлары менен Ооганстандагы абалдын байланышын айттык.

- Варшавадагы жыйында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов да сөз сүйлөп, Борбор Азияда кыйноолорго каршы абалды жана адам укуктарын коргоого эл аралык уюмдар анчейин көңүл бурбай жатканын, буга өзгөчө мамиле керектигин айткан экен. Бул багытта кандай иш-чаралар жетишсиз болуп жатат?

ЕККУнун Варшавадагы жыйыны.
ЕККУнун Варшавадагы жыйыны.

- Белгилүү музыкант Викрам Рузахунов өз сөзүндө Борбор Азиядагы кыйноолорго байланыштуу бир катар маселелерге токтолду. Быйыл январь айында Казакстандагы башаламандык маалында кармалып, ал жактан кантип кыйноого кабылганын мисал келтирип, бул боюнча кыргыз бийлиги алгач ирет коңшу өлкөнүн күч органдарына кылмыш ишин козгоп, акыйкаттыкты талап кылганына токтолду.

Эгерде коңшулаш өлкөлөрдүн атуулдарына карата мындай кыйноолор болсо, Рим статутунун алкагында Казакстан, Тажикстан же Кыргызстан болобу, эң жогорку чектеги кызматкерлер кылмыш жообуна тартылышы керек деген талап койду. Азыркы тапта Кыргызстанда парламентте экстремизмге каршы мыйзам долбоору иштелип чыгып, бул процесске Ички иштер министрлиги да тартылууда.

Сөз эркиндиги, блогерлерди камоо сыяктуу көрүнүштөрдү азайтуу талабын коюп, адам укугун коргоо, сөз эркиндиги, сын-пикир билдирүү сөзсүз түрдө жемкорлук менен күрөшүүгө жардам берерин белгиледик. Азыр бизде коррупцияга каршы ишмердик деп, 19 жаштагы блогерди камап коюп жатпайбы.

- "Артикл9" укук коргоо ассоциациясынын мүчөсү Айдар Сыдыков убактылуу кармоочу жайлар жана абактагы аялдардын укугун да көтөрүптүр, азыркы тапта жабык жайларда 250дөй аял бар. Айдар Сыдыковдун бул билдирүүсүнө кайсы фактылар негиз болду? Маселени чечиш үчүн кандай чукул иш аракеттер талап кылынат?

-
Айдар өзү белгилүү адвокат, укук коргоочу, Кыйноолорго каршы коалицияны да жетектеп келген. Ал ЕККУнун жыйынында жабык жайлардагы аялдардын абалына байланыштуу билдирүү жасады. Мындай билдирүүнү "Бир дүйнөнүн" атынан мен да жасадым. Себеби, ЕККУнун көмөгү менен Ички иштер министрлигине жардам берип, реформаны баштабаса, адамдардын, айрыкча аялдардын жабык жайлардагы акыбалы аябай оор.

Айдар Сыдыков өз сөзүндө ушул тапта жабык жайларда канча аял кыйналып жатканын сан менен көрсөтүп, жабык жайларга түшкөндө аялдардын укугу эки эсе басмырланып, аларды коргоочу механизмдер иштебей жатканын айтты. Маселен, Кыргызстанда аялдар тергөө абагына же абакка түшсө, алар менен иштешкен аял психологдор же аял милиция кызматкерлери жок.

Биздин жабык жайлардагы кызматкерлердин баары эркектер. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан же тергөөдөгү аялдарды сурамжылап көрсөк, алар кемсинтүүдөн тышкары сексуалдык да зомбулукка кабыларын Айдар Сыдыков ЕККУнун отурумунда белгилеп өттү.

Бул абалды укук коргоочулар, биз, какшап айтып, ал тургай президент Садыр Жапаровго чейин каттарды, кайрылууларды жазып, ооруп жаткан аялдарды түрмөдөн бошотуу керек деген талап койгонбуз.

Совет мезгилинде аялдардын абактагы абалы ушундай кейиштүү эле. Айдар Кыргызстанда кырдаал жакшы жагына өзгөрбөй жатканын айтып, ички иштер органдарында иштеген аялдардын санын көбөйтүүнү сунуштады. Темир тор артында адам өлүмү да катталып жатканын, камактагылардын коопсуздугуна мамлекет кепилдик берерин жана аны аткарышы зарылдыгын да белгилеп кетти.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG