Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Ооганстан: БУУ Роза Отунбаевага ишеним артты


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп дайындалды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде туңгуч айым президент болуп Кыргызстанды жетектеген Роза Отунбаеваны Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы кылып дайындаганы уюмдун расмий сайтына жарыяланды.


Кыйын кырдаалдагы жоопкерчилик

Байкоочулар Отунбаеванын бул кызматка дайындалышы БУУ жетекчилигинин анын адискөйлүгүнө артылган ишенич менен катар эле Ооганстанда гуманитардык кризис курчуп турган учурга туш келгенин да белгилешүүдө.

2007-2008-жылдары Ооганстанда болуп, ал жактагы кырдаалды иликтеген соң "Ислам жана саясат" деген китеп жазган саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын аткарган эмгегин эске салды.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

"Роза Отунбаеванын чыр-чатактуу кырдаалда иштеген чоң тажрыйбасы бар. 2000-жылдары Грузияда кырдаал тынчыбай турган кезде иштеген. Үч жолу Тышкы иштер министрлигин жетектеген тажрыйбалуу дипломат, Жогорку Кеңеште депутат болду. 2010-жылы президент болду. Роза Отунбаева эл аралык саясий айдыңда тажрыйбалуу, адискөй жетекчи катары белгилүү. Ошондуктан, аны Вашингтонго барганда АКШнын мурдагы президенти Барак Обама өзү чакырып, жолугушканы да Отунбаеванын дүйнөлүк саясатта урмат-сыйы бар экенин көрсөткөн".

Мурдагы тышкы иштер министри, дипломат Аликбек Жекшенкулов да Отунбаеванын дипломатияда бай тажрыйбасы бар экенин айтты.

Роза Отунбаеванын эл аралык саясий тажрыйбасы бай: ал ЮНЕСКОдо иштеди. Грузияда, Абхазияда БУУнун өкүлү катары иштеген. Бул жооптуу кызматта азыркы абалда иштөө оңой эмес. Бирок Роза Исаковнанын дипломаттык, инсандык сапаты, чоң тажрыйбасы, дүйнөлүк аброю, аягында талыкпаган энергиясы бул кызматты да ийгиликтүү аркалап кетишине жардам берет".

Жекшенкулов Отунбаевага артылып жаткан ишеним артында Кыргызстандын дүйнөлүк, аймактык саясаттагы орду да бар деп эсептейт.

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

"Мен муну баса белгилеп айтып коеюн, эл аралык мамилелерде Кыргызстандын кадыры бар. Кыргызстанды демократия аралчасы катары жана башка айрым кадамдары үчүн кичинекей болсо да дүйнөлүк коомчулук сыйлайт. Роза Отунбаева ушул себептен да - Кыргызстандын, Ооганстанга жакын өлкөнүн өкүлү катарында, чөлкөмдү жакшы билген адис катары тандалды деп ойлойм".

Роза Отунбаевага чейин бул кызматта Дебора Лайонс иштеп келген. Отунбаеванын кызматка дайындалышы аймакты жакшы билгендиги, чөлкөмдө абройлуу жетекчи болгонуна байланыштуу деген пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Ал Отунбаевага артылган ишенич жалпы Кыргызстан үчүн жакшы бир үмүттү пайда кылат деп эсептейт.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

"Роза айымдын эл аралык дипломатиядагы чоң тажрыйбасын эске алып, мындай абройлуу кызматка дайындалышы баарыбызга сыймык алып келди. БУУнун өзү үчүн да. Анткени сырттан эмес, Борбор Азияны ичинен билген адамга, болгондо да аялзатына ишеним көрсөттү. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да - Отунбаева аймакты аябай жакшы билет. Үчүнчүдөн, Роза Отунбаеванын Борбор Азиянын кызматтан кеткен президенттеринин ичинен эл аралык аброю жогору".

Роза Отунбаева Кыргызстан эгемендик алгандан кийин тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан кийин Британияда элчилик кызматты аркалаган.

2005-жылы Жогорку Кеңешке Бишкектин №1 Университет округу боюнча талапкерлигин койгон. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары каттоодон баш тарткан. Март ыңкылабында оппозициянын алдында жүргөн.

2007-жылы социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиев качып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеген. Жалпы элдик Референдумдун натыйжасында өлкөнүн президенти болуп шайланган.

Убактылуу өкмөт. Июнь окуясы

Убактылуу өкмөт бийликте турган кезде кырдаал кыйындап, өлкө түштүгүндө улут аралык жаңжал тутанган. Июнь окуясы учурунда айрым эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин геноцидге айыптаган билдирүүлөрдү жасаган учурда, Роза Отунбаева Кыргызстанга эл аралык эксперттердин келип, иликтөө жүргүзүүсүнө шарт түзгөн.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев БУУнун жетекчилиги Отунбаеваны бул кызматка тандоодо анын Июнь окуясындагы конфликтти жайгаруу жөндөмүн да эске алган болуш керек деп боолгойт.

"Ошондо БУУнун эле айрым кызматкерлери ачык эле кыргыз бийлигин геноцидге айыптап чыгышкан. Ошондо Роза Отунбаева эл аралык бедели өтө жогору экенин көрсөтө алды. Ал жети өлкөнүн мүчөлөрүнөн турган эл аралык комиссиянын Ошко, Жалал-Абадга барып, иликтөө иш жүргүзүүсүнө уруксат берген. Мисалы, айрым коңшуларыбыз андай комиссияларды өлкөсүнө жолотпой эле коюшканы белгилүү, бирок Отунбаева антпей, алардын ачык-айрым иштеп, иликтөө жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Азыркы Ооганстандагы оор кырдаалды жөнгө салууга Роза Отунбаеванын дарамети жетет деген ишенич артылып жатат".

Июнь окуясын жети мамлекеттин мүчөлөрүнөн турган эл аралык комиссия иликтеп, бир жылдан кийин жарыяланган корутундусунда Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогада эки тарап тең жабыркаганын, бирок өзбек коомчулугунун өкүлдөрүнүн укуктары көбүрөөк бузулганын белгилеген.

Ошол кездеги кыргыз өкмөтү бул корутундуну бир тараптуу деп сындап, кыргыз парламенти комиссиянын төрагасын, финляндиялык саясатчы Киммо Кильюненди «персона нон грата» деп жарыялап, ага Кыргызстанга келүүгө тыюу салган.

Роза Отунбаева Кыргызстанды бир жыл башкарып, 2011-жылы Баш мыйзамга ылайык президенттикти бошотуп берген.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылы Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгарылышы менен катар трагедиялуу окуянын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа бериле турганын билдирген.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кылмыш иши козголорун маалымдаган. Бир жылга жакын убакыт жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Исмаил Исаковго, Кеңешбек Дүйшөбаевге, Бектур Асановго жана Бактыбек Алымбековго кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда жүрүп жатат.

Отунбаеванын дайындалышы - Бишкектин Кабулга көз карашына байланыштуу

Ооганстандагы бийлик былтыр 15-августтан бери “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) колуна өткөн. Андан берки аралыкта өлкөдө гуманитардык кризис курчуп, ачарчылык жайылды. Кыз-келиндердин жана улуттук азчылыктардын укугу тебеленип жатканы айтылып келет.

Быйыл, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинде Ооганстан маселеси көтөрүлгөн. Анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Талибан" башкарган өлкө боюнча Борбор Азия мамлекеттери бирдей жолду тандап, анын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу керектигин айткан. Бишкектин ооган өкмөтү менен эки тараптуу кызматташуу жаатында байланышы бар экенин белгилеп, ал жакка гуманитардык жардам жеткирилгенин эске салган.

Мындан улам БУУнун Ооганстандагы өкүлү катары Роза Отунбаеванын тандалып алынышы расмий Бишкектин ооган бийлигине карата позициясынан көз каранды деген пикирлер да жок эмес.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай кызматка дайындоодо талапкердин мамлекет жетекчилигинин да көз карашы эске алынарын белгиледи.

"Биринчиден, Ооганстан өкмөтүнө каршылык көрсөтүп турган болсок, анда бизден өкүл дайындалбайт болчу. Экинчиден, Ооганстан бийлигине да бул жакпашы мүмкүн эле, туура эмес кабыл алмак. Роза Отунбаеванын эл аралык аброю, тажрыйбасы жана мамлекеттин Ооганстанга карата жалпы позициясы эске алынат. БУУда атайын эксперттер талдап, анан гана кызматка дайындалат".

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасына "Отунбаева президент Садыр Жапаровдун сунушу жана активдүү колдоосу менен БУУнун Ооганстандагы өкүлү болуп дайындалды" деп жазды. Бирок кандай сунуш жана колдоо болгону тууралуу так маалымат берген эмес.

Дагы бир мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ооганстан Борбор Азиядагы коопсуздук маселесинде башкы ролдо турганын белгилеп, ал жактагы кырдаалдын туруктуулугу жалпы аймактын коопсуздугу үчүн чоң мааниге ээ деген пикири менен бөлүштү.

Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

"Ооганстан биз үчүн тарыхый, маданий жана диний жактан окшош өлкө. Биздин аймактагы жалпы тарыхыбыз жана орток достук мамиле бар. Ооганстанда кырдаалдын турукташуусу, гуманитардык кризистин алдын алуу, бүт дүйнө көңүл буруп турган адам укуктарынын корголушу боюнча Кыргызстан да кайдыгер эмес. Ооганстандагы "Талибан" кыймылын расмий тааныбасак да, экономикалык жагын, коопсуздук жагын эске алып, алар менен байланышты үзбөшүбүз керек. Роза Отунбаеванын бул жаатта тажрыйбасы мол болгондуктан, ал Борбор Азия жана башка дүйнө мамлекеттеринин көңүлүн буруп, Ооганстанда саясий туруктуулук тез арада орношуна жана гуманитардык кризистен чыгышына көптөгөн чоң иштерди жасай алат деп ишенем".

"Талибан" бийлигин дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да тааныган эмес. Эл аралык укук коргоочулар Ооганстанда бийлик алмашкандан кийин өлкөдөгү кыз-келиндердин укугу бузулганын коңгуроо кагып келишет. Мындан улам Отунбаеванын дайындалышы кырдаалды оңдоого жардам берет дегендер да жок эмес.

БУУнун аялдар фонду – ЮНИФЕМде иш тажрыйбасы бар, гендердик маселелер боюнча тажикстандык эксперт Марьям Давлатова Отунбаеванын дайындалышын “мусулмандар жердеген Чыгыштагы аялдардын статусу жагынан абдан маанилүү” экенин белгиледи.

"Отунбаева гендердик көйгөйлөрдүн чечилишин, аялдардын укуктарынын корголушун камсыздоо жолун издеп жаткан өлкөнүн өкүлү. Аялдардын көйгөйлөрү ага аябай тааныш. Ушул көз караштан алганда ал ооган аялдардын көйгөйлөрүн көз жаздымда калтырбайт жана аларга колдоо көрсөтүүгө олуттуу көңүл бурат. Экинчиден, ал саясатта эркин көрсөткөн аял. Демек, анын кайраты жетиштүү. Бирок талибдер жетишилген келишимдерди аткарбайт жана консультацияларга кулак салбайт. Ошол себептүү БУУнун сыналган ыкмалары аларга иштебейт", - деди Давлатова.

Кыргызстандын экс-президенти, коомдук ишмер Роза Отунбаева 72 жашта.

Ал Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1975-жылы окуп бүткөн. Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп эмгек чыйырын баштаган, 1986-89-жылдары Кыргыз СССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болгон. 1989-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине ишке чакырылып, ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, андан кийин төрагасы болуп иштеген. 2000-жылдары БУУнун Грузиядагы байкоочулар миссиясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2011-жылы президенттик кызматын өткөрүп берген соң, коомдук иштер менен алектенип келди. Анын "Роза Отунбаеванын демилгелери" коомдук фонду билим берүү, миграция, адам укуктары жаатындагы долбоорлорду ишке ашырып келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG