Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Дүйшөбаев: Июнь коогасы толук иликтенген


Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2010-2011-жылдардагы төрагасы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдагы июнь окуясы толук иликтенген деп эсептейт. Ал мындай оюн “Азаттык” радиосуна 4-апрелде билдирди.

“Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча ошол кездеги атайын өкүлү Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык комиссия иликтеген. Андан кийин Абдыганы Эркебаев баштаган мамлекеттик, Токон Мамытов төрагалык кылган депутаттык комиссия иликтеген. Мындан тышкары Башкы прокуратура да текшерди. Анын жыйынтыктары чыгып, Жогорку Кеңеште, соттордо, эл аралык деңгээлде каралып жооптору берилген. Текшерүү жетиштүү эле болгон. Эми азыркы бийлик кайра текшеребиз десе текшерсин. Жаңы бир нерсе табарына көзүм жетпейт”.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 2010-жылы болгон июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү тапшырганын президенттин басма сөз кызматы "Азаттыкка" 3-апрелде билдирген.

2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жаракат алганы, 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19унун тагдыры дале белгисиз экени айтылып келатат. Башкы прокуратуранын буга чейинки маалыматына ылайык, 2010-жылкы июнь окуясы боюнча жалпы 5642 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 360 иштин бети ачылган. Мунун 319у сотко жөнөтүлүп, 511 кишиге айып тагылган. 3919 иш убактылуу жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда иликтөө баскычында турган кылмыш иштери жок. (MiK)

XS
SM
MD
LG