Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 18:35

«Нарын» эркин экономикалык аймагы «Хоргос» менен кызматташат


Нарын шаары.

«Нарын» эркин экономикалык аймагы жана Казакстандагы «Хоргос» эл аралык чектеш кызматташтык борбору ортосунда кызматташуу тууралуу биргелешкен меморандумга кол коюлду. Ошондой эле аймактар аралык форум өткөрүү макулдашылды. Мындай маалымат өкмөттүн сайтында жарыяланды. Бирок кызматташуунун жол-жобосу тууралуу кенен маалымат берилген жок.

2020-жылдын башында “Нарын” эркин экономикалык аймагынын демилгеси менен Ат-Башыдагы Кытай менен чектеш аймакка бажы-логистикалык комплекс куруу пландалган. Айрым экономисттер «Ат-Башы» терминалы Казакстандын Кытай менен чектешкен жериндеги «Хоргос» соода борборуна атаандаш хаб болорун белгилешкен.

Долбоордун жалпы наркы 280 миллион долларга бааланып, ага кытай ишкери түз инвестиция салары айтылган.

Долбоор ишке ашса, Кытайдын товарлары ошол жерден бажылык тариздөөдөн өтмөк. Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгы менен келишимдер жокко чыгарылган. (MiK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG