Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:59

Бишкекте "Мыйзамдуулук үчүн" жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттү


"Мыйзамдуулук үчүн!" жүрүшүнүн катышуучулары. Бишкек. 4-апрель, 2021-жыл.
"Мыйзамдуулук үчүн!" жүрүшүнүн катышуучулары. Бишкек. 4-апрель, 2021-жыл.

Бишкекте бүгүн, 4-апрелде "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттү. Акцияда конституциялык реформага байланышкан талаптар коюлду.

Жүрүштүн уюштуруучусу Улан Үсөйүндүн “Азаттыкка” билдиришинче, бул марш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун алдындагы соңку иш-чара.

“Референдумду дайындоо чечимин кабыл алууда көптөгөн мыйзам бузууларга дагы бир жолу адамдардын көңүлүн бургубуз келет. Биз бийликти Венеция комиссиясынын пикирин эске алууга чакырабыз. Жарандарды укугунан ажыраткан, тең салмактуулукту бузган, бийликти бир колго топтогон эмес, биз сыймыктана турган Конституцияга ылайык жашоону каалайбыз”.

Тынч жүрүш Темир жол бекетинин алдынан башталып, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына чейин болду.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын октябрынан бери ар жекшембиде өтүп келаткан.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары жаңырып турат.

11-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өтөт.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды, анын 48и чет мамлекеттерде. (MiK)

XS
SM
MD
LG