Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өтөт?


Кемпир-Абад суу сактагычы. 2021-жыл, Өзгөндөгү митинг учуру.
Кемпир-Абад суу сактагычы. 2021-жыл, Өзгөндөгү митинг учуру.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жабык жыйында Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады.

Комитеттин жыйынына журналисттер, блогерлер, активисттер чакырылганы менен залдын ичине телефон менен кирүүгө, видеого тартууга же үн жаздырууга уруксат берилбеди. Бул чечим бир катар депутаттардын нааразылыгын жаратты. Отурумда маалымат берген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тыюу салууну чек ара боюнча жашыруун маалыматтар айтыла турганы менен байланыштырып, тиешелүү документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыгарын белгиледи.

Атайын кызматтан башчысы алгач кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү деген жерлерди тизмектеп, бир аз маалымат берген соң жыйын жабык уланып, анда келишимдин долбоору добушка коюлду.

Алтоо макул, төртөө каршы добуш берди

Жыйынга тармактык комитетке мүчө болгон 14 депутаттын 10у катышты. Депутат Айбек Осмоновдун ооруп келбей калганы айтылса, Эрулан Көкүлов, Улан Бакасов жана Таалайбек кызы Жылдыз залда көрүнгөн жок. Ошол эле учурда кимдердин кандай добуш бергени белгисиз бойдон калды. Анткени депутаттар чечим кабыл аларда жыйындар залынан чыгып кетишкен.

Отурумдун жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов келишимдин долбоорун ачык колдосо, Адахан Мадумаров катуу сындап сөз сүйлөдү.

Комитеттин төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков өзү документке каршы добуш бергенин жыйындан кийин журналисттерге билдирди.

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

"Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Ошондуктан, мен каршы добуш бердим. Эл аралык тажрыйбанын негизинде жана биздин мыйзам боюнча эки тарап кол коюшат. Андан кийин келишим мыйзам менен ратификация катары Жогорку Кеңешке келет", - деди ал.

Тармактык комитет колдогон долбоордун келишимине эки өлкөнүн президенттери качан кол коеру белгисиз. Эки тараптуу жолугушуу ушул айда болушу мүмкүн.

Айдарбеков делимитацияга байланыштуу кагаздар 10-октябрга гана келип түшкөнүн, ал эми тиешелүү протокол берилбегенин билдирди.

Буга Камчыбек Ташиев "документтердин көпчүлүгү жашыруун, ратификацияга алып келингенде ачыкталат" деген жооп кайтарды.

Кыргызстанга өтөрү айтылган жерлер

Жогорку Кеңештин комитетиндеги жыйын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев берген маалыматтын айланасында гана жүрдү. Ал баяндама жасап, жыйындар залына орнотулган экрандан Кемпир-Абаддын жана Кыргызстанга өтүп жатканы айтылган аймактардын карталарын көргөздү.

Ташиевдин маалыматы боюнча Кыргызстанга өттү делген жерлер төмөнкүлөр:

  • Гавасай (Ала-Бука) 12 849 гектар,
  • Көк-Серек (Ала-Бука) 105 гектар,
  • Баястан (Ала-Бука) 212 гектар
  • Унгар-Тоо (Аксы) 35 гектар,
  • Кара-Белес (Ала-Бука) 25 гектар,
  • Ак-Таш (Кара-Суу) 100 гектар,
  • Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).
  • Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Жыйындын жүрүшүндө көп сан айтылды, Ташиевдин айрым сөздөрүндө 50-60 гектар айырма болгону байкалды. Мындан улам жогоруда көрсөтүлгөн сандарды так деп айтууга болбойт.

Жыйындан кийин депутат Марлен Маматалиев журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берди.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

"Талаш жерлердин 99% бизге өтүп жатыптыр, - деди ал. - Мисалы, ошол эле Унгар-Тоо бизге өтүп атат. Буга биз бүгүн күбө болдук. Бирок аныкталган айрым жерлер Өзбекстанга кетип, андан көп жерлер бизге келип атат. Аны убактысы келгенде жарыялашат деп ойлойм. Бүгүн бизге маалымат берилип отурат".

Ташиев келишимдин долбооруна ылайык, Кыргызстандын картасы 15 806 гектар жерге кеңейерин айтып жатат. Мындан тышкары Кыргызстан 1965-жылы Кемпир-Абад курула баштаганы Өзбекстандан Ала-Бука (1307 га), Аксы(571га), Ноокен(1088га), Араван(148га) жана Кадамжай (1013га) райондоруна 4127 гектар жер алганын, аларды кошкондо жалпы жонунан 19 699 гектар жер Кыргызстанга өтүп жатканын билдирди.

"Суунун башында Өзбекстан туруп калат"

Кыргызстандын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Мамбетжунус Абылов жыйында Ташиев келтирген жүйөлөрдү жокко чыгарган билдирүү жасады. Ал отурумдан кийин Кыргызстанга өтүп жаткан жерлер боюнча "Азаттыкка" мындай ою менен бөлүштү:

Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.

"Бизге берилип жатканы айтылган жерлер мурда Кыргызстандыкы болгон. Ошол эле Гавасайдагы 12 миң гектар кыргыздарга карап турган. Убагында райондун деңгээлиндеги чечим менен Өзбекстанга өтүп калган. Убактылуу колдонууга берилген жерлер болгон. Эми кошуна өлкө биздин жерлер менен эле соода жүргүзүп атышат. Алардын ар биринин тарыхы, таржымалы башка. Кемпир-Абадга кошпой караш керек болчу. Анын үстүнө Кемпир-Абад азыркы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү болчу. Эми Өзбекстан суунун башы болуп калат. Суунун баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп атат. Кишинин саны көбөйгөн сайын баасы өсүп жатат".

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кемпир-Абад маселеси

Камчыбек Ташиевдин айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтө турган болду. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалады.

Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет. Ташиев суу астындагы жерди алып калууга аракет кылганын, бирок Өзбекстан тарап мындай шартка 19 699 гектар жерди кайтарып алган учурда гана макул болорун айтканын кошумчалады.

Мындан тышкары суунун жогорку чеги 900 горизонт деп белгиленгенин, Өзбекстандын төмөнкү чекти аныктоо боюнча сунушуна макул болбогонун да айтты.

Атайын кызматтын башчысынын сөзүнө караганда, Өзбекстан суу сактагычтын айланасына эч кандай курулуш жүргүзбөйт жана анын айланасы тосулбайт.

Маселе тармактык комитетте каралар алдында Өзгөн райондук администрациясынын алдына бир нече киши чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишимдин парламентте ачык каралышын талап кылып турушту.

4-октябрда президент Жапаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушкан. Ошол жерде чогулган айрым тургундар президент менен жолугушууга кире албай калганын айтып, жыйынды сыртта өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп берүүнү талап кылышкан. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өткөнүн кабарлаган.

Мурда да Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өткөн.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу бийликтин чечимине айылдык кеңештин айрым депутаттары каршы болуп жатканын 6-октябрдагы жыйында айтып чыккан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG