Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

"Ташкент Кемпир-Абад боюнча берген убадасын аткарган эмес"


Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыяласа, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан соң сүйлөшүүлөрдүн келечеги белгисиз болуп турат.

Улуттук Илимдер академиясынын бөлүм башчысы, профессор Саламат Аламанов чек араны чечүүнүн тарыхына токтолду.

"Жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында канал салынмак"

- Ушул күндөрү кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чер арасын аныктоо, тактоо маселелери абдан орчундуу болуп жатат. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы, ал боюнча принципиалдуу макулдашууга келишкендигин өлкө бийлиги кыйытып өткөндөй болду. Бирок мындагы талкуу жараткан нерсе Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы абал болууда. Президент Садыр Жапаров баш болгон өкмөт өкүлдөрү Өзгөнгө барып жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүүдө. Менин сизден сурайын дегеним, Кемпир-Абад суу сактагычынын таржымалы кандай, андагы сууну чогуу пайдалануу, бөлүштүрүү иштери боюнча сиздин маалыматыңыз барбы?

- Эми бул өзү, жалпы эле чек ара маселеси бүгүнкү күндө эле чыккан маселе эмес. Бул Советтер Союзунун учурунан бери эле бүтпөй келе жаткан, улам жаңы сүйлөшүүлөргө жем таштаган маселе болуп эсептелет. Ошонун ичинде жанагы Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеп турган тилке өзгөчө көңүл бура турган маселе болууда. Себеби бул жерде Кыргызстандын суулары топтолуп, Фергана өрөөнүнүн көп жериндеги элди бага турган эң бир чоң булак болуп жатпайбы. План боюнча суу сактагычтан төмөн карай суунун сол жээгиндеги аймактарды суу менен камсыз кылуу жана Сохтун жанындагы он миң гектарга жакын жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында канал салынмак. Оң жак жээктеги Кыргызстандын жерлерин суу менен камсыз кылуу үчүн да канал салынмак. Мындан тышкары, өзбек тарап суу сактагычтын жанындагы айылдарды сыртка көчүрүп, аларга ошол учурдун талабына жооп берген заманбап кыштактарды куруп бермек болгон.

Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Суу сактагычтын тосмосу курулат, суу топтоло баштайт, ал пайдаланууга берилип, Өзбекстан, Тажикстандын төмөн жагы, Казакстандын төмөн жагындагы күрүч айдаган талаалар суу менен жакшы камсыз боло баштайт. Ал эми Кыргызстанга тиешелүү болгон жанагы курулмалар курулбай калган.

- Демек, убадалар аткарылбай калган экен да.

- Ооба, убадалар аткарылган эмес. А жанагы көчүрүлгөн айылдар дагы ошол учурдун талабына ылайык келген айылдарга айланган эмес. Суу сактагыч курулду, анын пайдасы тийип жатты, бирок Кыргызстан үчүн аткарыла турган иштер аткарылбай калды. Сүйлөшүүлөрдө биз ушуну далил катары пайдаланчубуз. "Суу сактагычтын пайдасын канча жылдан бери көрүп келе жатасыңар, курулган тосмодон бир топ эсе чоң пайда көрдүңөр, бул өзүн актады. Ошондуктан биз эми сүйлөшүүнү башка нукта жүргүзүшүбүз керек. Силер аткарбай койгон милдеттенмеңер тууралуу сүйлөшүүбүз зарыл" дечүбүз. Алар ошол убада кылынган неселерди аткарып берели деген да сөз чыгарган. А биз ишенген жокпуз. Советтер Союзунун учурунда, ошончолук көп мүмкүнчүлүктөр болуп турганда убаданы аткарбадыңар, эми аткара албайсыңар дегенбиз, ошентип бул маселе чечилбей келген.

- Эми азыр эки тарап аталган маселе боюнча мунаса тапкандыгын айтышууда, бирок кандай чечилгендиги жөнүндө расмий ачык маалымат чыга элек. А сиз кандай чечилиши керек деп ойлойсуз?

- Мындай маселеге баа берүү жана бизге пайдалуу жагын аныкташ үчүн жанагы чечимди билиш керек. Азыр көрүп жатабыз, абдан көп талкуулар болууда, тигиндей болуп калыптыр, мындай болуп калыптыр деп ар ким өз оюн айтып жатат. Менин өзүмдүн башымдан ушундай абдан көп окуялар өтпөдүбү. Болбогон нерсени эле ойлоп таап жабыштырышып, күнөөлөгөндөр болду. Ошол себептүү азыр бир нерсе деп айткандан дайыма этияттанам. Документти көрбөй, анын ичинде кандай чечимдер камтылгандыгын билбей туруп баа берүү кыйын. Негизи ал документте эки тараптын бири-бирине болгон милдетттенмелери болушу керек. Мындай кылалы, тигиндей кылалы деп.

- Бирок бул жерде аткарылбай калган убадалар, милдеттенмелер жөнүндө айтып өтпөдүңүзбү, мына ошолорду чек араны чечүүдө эске алуу зарылбы?

- Зарыл, себеби бул өзү ошол учурда элге ошондой түшүндүрүлгөн. Бул жерге канал курулат, бул жерлердин суу менен көп камсыз болуп түшүмү жогорулайт, айрым жерлерди жаңы өздөштүрсө болот. Ал эми жанагы 10 миң гектар жер жаңы жер, бул жерди өздөштүргөндө айыл түшөт, жаштар отурукташат. Бул жерлерден биз да чоң пайда көрөбүз деп айтылган да. Оң жээктеги канал курулса, ошол жактагы эл да өз пайдасын көрмөк. Мунун баары учурунда түшүндүрүлгөн, бирок аткарылбай калбадыбы. Бул эми доомат коюуга негиз берет да, туурабы? Карапайым кишилердин түшүнүгүндө да ушундай болуш керек эле да. Эмне үчүн убадаңды аткарган жоксуң деген сөздүн төркүнү ушунда жатат.

Биз сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаткан бир учурда алар ушул каналды куруп беребиз деп айткан. А биз ал жерде мурдатан жер жана суу менен иштеген адистер менен кеңешип, буга ишенген эмеспиз. Анткени алар бул абдан чоң акча, Советтер Союзунун учурунда өздөштүрбөгөндөн кийин азыр булардын кудурети жетпейт, алардын сөзүнө алданбай туралы дешти. Куруп беришсе качан да болсо маселени чечсе болот дегендей сунуштар болгон. Ошондуктан биз талкууну токтотуп койгонбуз. Биздин бир сунушубуз ушул, жанагы Советтер Союзунун учурундагы чек араны калыбына келтирели, ошондо эки тарапка тең бирдей пайдалуу болот дегенбиз.

"Чек араны чечүү оңой эмес, бирок дүйнөлүк тажрыйба бар"

- Азыр кыргыз-өзбек чек арасын аныктоодо принципиалдуу макулдашууларга жетиштик деген сөздөр болууда, мындай жагдайда эмнелерди эске алыш керек? Мисалы, расмий бийлик өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасын чечүүнүн убагы келди, эки өлкөнүн жетекчилиги бирдей пикирде болуп турган учурда бул маселеге чекит коюу зарыл деген пикирлерди айтса, айрымдар аталган маселеде шашпаш керек, кылдат ойлонуп дагы да такташ абзел дешүүдө. Сиздин көз карашыңыз кандай?

- Принципиалдуу турум – чек ара маселесин чечүү, аягына чыгуу. Аны чечүү жолдорун издөө зарыл. Чечүү оңой эмес, бирок дүйнөлүк тажрыйба деген бар, эл аралык укук деген бар. Дүйнөлүк тажрыйбага таянып, эл аралык укуктун ченемдерин пайдаланып чечүү керек. Анүчүн биздин чек аралардын калыптануу тарыхын билүүгө тийишпиз. Сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилет. Бул эң негизги принцип. Себеби биз сүйлөшүүлөрдөн четтеген учурда эле согуш чыгып кетип жатпайбы.

"Бири-бирибизге ишенбей, ишибиз жүрбөй жатат"

- Учурдагы эң негизги маселе кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу болууда. Жакында эле өтө чоң куралдуу кагылышуу жүз берип, ондогон адамдар каза тапты, жүз миңдеген кишилер качууга аргасыз болду, айылдар талкаланды. Анан ушул жаңжалдан кийин эки тарап протоколго кол коюп, үчтөн күзөттү жана бирден чек ара бекеттерин алууну макулдашышты. Бул маселе да коомчулукта өтө көп талкууланып, кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Ошол эки тарап алууну макулдашкан күзөттөрдүн мааниси кандай эле жана аларды алып салгандан кийинки кесепети кандай болот?

- Ал жактагы абалды билем, күзөттөрдүн жайгашкан ордун дагы билем. Себеби ошол жерлерди кыдырып иштеп жүрдүк да. Ворухтун айланасындагы чек ара кандай болуш керек, кайсыл жерлерден өтөт деген маселелерди адегенде жеринен иликтеп, ошол жердеги адистер менен чогуу иш алып барганбыз. Кошуналар биздин жайлоолорго малын мыйзамсыз чыгарып, мурдатан эле арчаларды кыйып, отунга пайдаланып жүрчү. Мына ушуларга тыюу салуу максатында аталган күзөттөр коюлган. Кыскасын айтканда, биздин аймакта чарбалык иштерди жүргүзүүгө жол койбоо үчүн коюлган. Негизги максаты ошол болчу. Кийин маалыматтарга караганда тажиктер дагы биздин күзөттөрдүн тушуна өздөрүнүкүн коюп алыптыр. Менин булактардан окуганыма караганда, ал жерлерде абдан көп жоокерлерди топтоп алган экен.

Бизде көз салып туруу үчүн штаттык ченем боюнча керектүү сандагы эле аскерлер болсо, кечээки жаңжалда тигилердин беш жүзгө жакын кишиси жана оор техникасы келди дейт. Бул жагдай тиги кошуналардын бизге болгон начар мамилесинен кабар берет. Чындыгында эле ошончо кишини, жанагы куралчан адамдарды ошол жерге алып келип алганбы? Аскердик формачанбы же формасы жокпу, бирок ошончо киши келди деп атышпайбы.

Мына ошентип, чарбалык иштерди эле көзөмөлдөй турган биздин чек арачыларды алар душманга айландырып атып, биздин чек ара күзөттөрүн талкалаганга чейин барып жатышпайбы. Бул жерде көп түшүнүксүз жагдай бар. Эмне үчүн алар бул кадамга барды жана эмне үчүн ошончолук курал-жаракты топтогонго мүмкүнчүлүк болду? Мен эле эмес, көпчүлүк ушул суроону коюп жатат. Мындай суроолор абдан көп.

Мен адегенде ошол күзөттөрдү алдык дегенде эки тарап жакшы мунасага келген окшойт деп сүйүндүм. Анткени күзөттөрдү алып салуу бири-бирине болгон ишеничтин артып баратканынын көрсөткүчү го деп эсептеген болчумун. Кийин бөлөк саясатчылардын пикирлерин окуп, уккан соң мен жаңылып жаткан жокмунбу? Ушулардын айткандары туура болуп жүрбөсүн? Ишенчээктерди ишендирип коюп, кайра баштагысын баштабасын деген күмөнсүү пайда болду. Бүгүнкү күндө кошунага ишенүүгө болбой калды деген ой менде бар.

- Эгерде ал жерлер кайтаруусуз калса, кесепети Ворух анклавынын кеңешийине алып келиши ыктымал деген чочулоолор болуп жатпайбы. Ошондо бул канчалык деңгээлде негиздүү жана чындыгы бар?

- Менимче, ошондой ойлоого негиз бар. Себеби улам айткан сөзүнөн кайтып, болбогон жүйөлөрдү келтирип жана кечээкидей баскынчылыкка барып жатса сөзсүз күмөн пайда болот. Негизи, кол коюп такталбаса да, чек ара сызыгы белгилүү. Аны биздин кароолдор кайтарып турса болот. Эгер биздин кошунанын ниети жаман болбосо, жаз келгенде малыбызды тиякка чыгарабыз деп күчкө салбаса, анда бир чети жакшы. А эгер кайра эле көнгөн адатын баштаса, куралдуу кагылышууга барса, аягы жаман болот.

- Коомчулукта былтыр кол колган №39-протоколду, быйыл кол коюлган №42-протоколду ачыкка чыгаруу талабы айтылып жатат. Мындай кырдаалда Ворух анклавына коридор алуу, кошуна мамлекеттин өз аймагын кеңейтүү максаты жаткан жокпу деген чочулоолор да айтылып жатат. Сиз ушул тобокелчиликтер менен коркунучтардын канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз?

- Бул өтө терең талдоону талап кыла турган иш болуп жатат. Бул жерде аскердик адистер, чек ара адистери стратегиялык маанилерин кошо чечмелеш керек. №39 жана №42-протоколдор негизинен жарыяланды. Алардын мазмунуна караганда жакшы протоколдор. Биздин чөлкөмдө протокол ишке ашпай, кагаз бойдон калып жаткандыгы өкүндүрөт. Мен бир маселени баса белгилегим келет. Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө протокол бейформал түрдө эле мыйзамга айланып калчу. Кол коюлдубу, ал аткарылчу. Бизде андай болбой жатпайбы. Кол койдуң, эртеси кайра эле ошол протоколду жоктой эсептеп, башкача аракеттерге өтүп кетип жатышат. А азыркы протоколдордун мазмуну, мааниси, максаты жакшы. Экөөндө тең мунасага алып келе турган ойлор камтылган. Тилекке каршы, биз бири-бирибизге ишенбей, ишибиз жүрбөй жатат.

Талаштуу документтер

- Мындай чек ара жаңжалдарынын чыгышына чек ара сызыгынын такталбаганы себеп болуп жатканы айтылып келет. Бирок чек араны тактоо аракетинде эки тарап эки башка картаны көтөрүп, эки бөлөк далилдерди келтирип жаткандыгы белгилүү. Жакында кыргыз тарап, президент Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө тажик тарапты 1991-жылкы келишимди да бузуп жаткандыгын айтты. Айрым депутаттар да ушул документти негизги документ катары колдонуу керек деген жүйөлөрдү айтып келет. Сиздин көз карашыңызда бул канчалык туура мамиле?

- Негизги КМШнын түзүлгөнү боюнча документ, Алматы декларациясы, Минск декларациясы дегендерди укуктук тилде алкактык документ дейт жана бул негизги багытты аныктайт. Эгерде алкактык документ бүт баарын чече ала турган болсо, эчак баары чечилмек. Ушул багытта иш алып барыш керек, ушул багытта аракет кылыш керек деп, ал багытты гана көрсөтөт. Ал эми чечүүгө келгенде конкреттүү документтер менен иштөөгө туура келет.

Учурдагы чек арабыз үч түрдүү эволюциядан өткөн чек ара. Эң акыркы, орчундуу дегенибиз, 1925-жылы 17-мартта Бүткүл орусиялык аткаруу комитети (ошол кездеги парламент) бекиткен документ. Аталган документти тариздөө үчүн 1924-жылы атайын комиссия түзүлүп, 1924-октябрда ал комиссияга Борбордук Азиядагы элдердин чек араларын бөлүү керек деген тапшырма берилген. Комиссия 10-декабрда, бир жарым айда ишти бүтүрүүгө тийиш болгон. Андан бери бир кылым өттү. Аларды күнөөлөөгө болбойт, ошол кездеги түшүнүк ошондой болгон. Алар антип-минтип бүтүрүп, тез эле баарын жайгарып коёбуз деген. Бирок чек араны тактоо иштери башталганда, чыр кошо башталат. 1924-1925-1927-жылкы документтер убакытты көрсөткөн эле документтер, реалдуу документ – 1925-жылкы 17-марттагы токтом. Ошол токтомдо чек аралар чийилип, кол коюлганда, ал документ боюнча ошол замат элүүдөн ашуун доомат түшкөн. Мен бул тууралуу дайым айтып келем. Анын ичинде кыргызстандыктардан (ал кезде биз Автономиялуу облус болчубуз) көп доомат түшкөн.

Мен китебимде жазгандай, дооматтарда жыйырмадан ашуун айыл аттары бар. Демек, ал документ өзү чийки. Эгерде тыкыр иштелип чыккан документ болсо, жанагындай дооматтар коюлбайт эле да, туурабы? Бул бир. Ал эми 1924-жылкы документтерди негиз кылабыз дегендик, бул жагдайлар тууралуу кабардар эместик. Мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө тигил тараптагыларга 1924-жылкы документ чийки иштелип чыккан, чыр-чатактын баарына себепчи болгон документ деп айтчумун. Ошондуктан аны пайдаланып, ага таянууга болбойт, муну чек араны тактоодогу бир баскыч катары карасак болот дечүмүн. Эгерде ошол документ чын эле жакшы документ болсо, эмне үчүн кийин паритеттик комиссиялар иш алып барган?

Эң орчундуусу – 1955-жылкы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы, 1958-59-жылдардагы Тажикстан менен болгон, 1989-жылкы Тажикстан менен болгон өкмөттүк паритеттик комиссиянын иши. Бул абдан чоң жумуш. Эгер 1924-жылкы документ туура болсо, жанагы паритеттик комиссиялар эмненин үстүнөн иш алып барды? Ошол туура эмес болгондуктан, чыр-чатак токтобой жаткандыктан, жанагыдай алешемдиктерге жол берилгендиктен, бири-бирине дооматтар коюлгандыктан, ал дооматтар боюнча аталган комиссиялар иш алып барбадыбы.

- Демек, бүгүнкү күндөгү тажик тараптын 1925-жылдагы документке таянабыз деген туруму сиздин пикириңизде кайсы бир деңгээлде жаңылыш турумбу?

- Ооба, жаңылыш турум. Биз сүйлөшүүлөр жүргүзүп жүргөндө алар тараптан делегация башчысы катары тарых илимдеринин доктору сүйлөшүүлөр жүргүздү. Ошондо биз жакшы натыйжаларга жетишкен элек. Себеби биз далилдерди келтиргенде ал макул болчу, анын жүйөсүн да мен макул тапканмын. Азыркы чек ара сызыктары ошондо аныкталган. Тилекке каршы, кийин бөлөк кишилер башкача ой жүгүртүп, күчкө салып башташты.

"Алардын дооматы суу кечпейт"

- Акыркы учурда тажик тарап өз риторикасын өзгөртүп, Бириккен Улуттар Уюмуна чейин 2000деп ашуу чарчы километр жер жөнүндө айта баштады. Кеп Тажикстандын Тышкы иштер министринин Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөгөн сөзү тууралуу болуп жатат. Алардын айтканы канчалык деңгээлде негиздүү жана опурталдуу? Бул тууралуу сөз болушу керекпи?

- Болушу керек эмес. Мен угуп алып таң калдым. Себеби биздин көп жылдык сүйлөшүүлөрдө бир да жолу мындай маселе козголгон эмес. Алар эч далилсиз доомат коюп жатат. Жана мен айтып өткөн чек аранын тарыхый калыптануу учурунда биз тараптан элүүгө жакын дообуз болуп жатпайбы. Мына ошол доолор такталып отуруп, азыр аймактардын түзүлүшүнө алып келди да. Маселе эмнеден келип чыгып жатканын алар билбейт экен. Ал кезде тажиктер Өзбекстандын автономия облусу, биз Орусиянын автономия облусу болчубуз. Бирок субъект болгонубуз менен баары бир өзүбүздүн таламды талашканга укугубуз бар эле.

1926-жылдагы паритеттүү комиссиянын Петровский деген жетекчиси жазган кагазында: "Кыргыз тарап өз дооматтарын Бетегелүү, Кой-Таш чөлкөмүнө, Варзык айылына, Орто-Токой чөлкөмүнө, Үч-Коргон темир жол бекетине, Ак-Сай, Каланташ, Жалдалды, Улак-Ойнор, Кочкор-Ата чөлкөмдөрүнө, Ханабад, Айым болуштуктарына, Кара-Суу темир жол бекетине, Мөнөк, Булак-Башы, Мархамат болуштуктарына, Авал болуштугунун Үч-Коргон айылына, Фергана уездинин Вадил, Чимиён айылдарына, Кокон уездинин Сох, Исфара болуштуктарына, Кожент уездинин Бахсы, Исфана, Чапкылдык болуштуктарына, Сүлүктү шаарына, Мөксү өрөөнүнүн жогорку бөлүктөрүнө коюшкан жана Лейлек, Жоокесек, Бостон болуштуктарынын төмөн жагындагы чек араны Кыргыз автономия облусунун пайдасына өзгөртүүнү талап кылган" деп жазат. Мына ошол кездеги биздин талаптар. Тигил айтып жаткан 2000 чарчы чакырымды ушул талаптарды коюп отуруп алганбыз.

- Тарыхый жактан алганда кыргыздар ээлеген жер турбайбы?

- Ооба, кыргыздардын жери. Кайсы жерде кайсы эл көп жашаса ошол ээлик кылыш керек деген принципти карманып, биздин ошол кездеги эл башчыларыбыз аталган дооматтарды койгон да. Бул маалыматтардан тигилер кабардар эмес окшойт.

- Алардын дооматынын опурталдуулугу эмнеде?

- Эгерде укуктук жактан караса алардын дооматы суу кечпейт. Анткени эки мамлекеттен бөлөк да эл аралык коомчулук бар, эл аралык укук бар. Меники деп койсо эле алардыкы болуп калбайт. Ал эмненин негизинде айтып жатат, далилдеши керек. Эгер алар ошол 1925-жылкы документти бетке кармай берсе, аны жокко чыгарууга бизде далилдер толуп жатат. Биз муну кабыл албай келгенбиз. Кийинки, 1958-59-жылдардагы паритеттик комиссиянын иштерин изилдеп чыксак, алар дагы кабыл алган эмес экен. Ошол себептүү алар жаңы иш алып барган да. Азыркы анклавдардын чеги 1958-59 жана 1989-жылдардагы комиссиянын ишинде чийилген. Бул туура эле чечим болгон, себеби Ворухтун да, Сохтун да төмөн жагында кыргыз айылдары жайгашкан.

"Чек араны сөзсүз тактап алышыбыз зарыл"

- Сиз белгилеп өткөндөй, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардын таржымалына көз салып көрсөк, алгач турмуш-тиричилик чатактары чыгып келсе, акыркы учурда оор техника катышкан жаңжал чыгып, ондогон кишилердин өмүрүн алган кагылышууга, кол салууга чейин жетип жатат. Бир эле учурда эки тараптын жетекчилигинин кайым айтышуусу уланууда. Мындай кырдаалда чек араны тактоо аракеттери кандай уланышы керек? Сиз учурдагы кырдаалды кандай көрүп жатасыз?

- Кырдаал өтө оор. Чындыгында жанагыдай оор техникаларды колдонуп, миномёттор менен аткылаганы – бул согуштук аракет. Муну жымсалдабаш керек, бул – анык кол салуу. Бул эми болуп өттү, азыр тынчыды. Ылайым кайра кайталанбасын! Бирок чек араны сөзсүз тактап алышыбыз зарыл. Ырас, кыйын болуп жатат. Негизи чек араны тактай турган адистер бири-бири менен жаман-жакшы айтышпайт, жаңжал чыгарган бөлөктөр болуп жатпайбы. Ошондуктан эксперттик деңгээлде чек араны чечүү жолун издей бериш керек, ишти улантыш керек.

Кытай менен Индия да 300 чарчы чакырым жерди талашып аткылашып жатат, бирок сүйлөшүүлөрдү да улантып жатат. Алардын ортосунда чек аранын чечилбей жатканы эки тараптуу мамилени бузбаш керек деген эреже бар.

Биз дагы Кытай менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканда ошол эрежени эске салчубуз.Чек арабыз чечилбей жатат, келгиле саясий-экономикалык, маданий мамилелерибизди уланта берели. Чек ара маселеси баары бир бир күн чечилет деп айтчубуз. Азыр да ошол эрежени колдонуш абзел.

Эртеби-кечпи башчылар бир мунасага келет жана эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындай чыңалууну көпкө созгонго болбойт.

Маектин видеосун бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG