Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:56

Кемпир-Абад: бийликтин жолугушуусу, Өзгөн элинин талабы


"Кемпир-Абад" суу сактагычы.
"Кемпир-Абад" суу сактагычы.

Президент Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл менен жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушууга Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым депутаттар, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы катышты. Акимчиликтин сыртында ондогон адам топтолуп, президенттин эл менен жолугушуусу сыртта, ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу толук, ачык-айкын маалымат берилишин талап кылып турушту.

Өзгөндөгү жолугушууга барган эл залга батпагандыктан, алгач биринчи топ кирип чыгып, андан кийин экинчи топ кирди. Алар өлкө жетекчилигинен Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырына байланыштуу суроого так жооп алууну талап кылышты.

Жарандык активист Жумалидин Сопуев көйгөйгө айланып жаткан Кемпир-Абад плотинасынын тагдырын чечүүдө кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатат деген пикирде:

“Камчыбек Ташиев бир жыл мурун эл менен жолугушкан учурда «эл макул болбосо бир метр жер да берилбейт" деп айткан болчу. Биздин элдин бир гана талабы бар. Бул жерде эч кандай саясатташтыргандын кереги жок. Кемпир-Абаддын маселесин козгобосун. Бул талаш жер эмес. Ушул күнгө чейин талашкан эмес. Эмне үчүн Садыр Жапаровдун тушунда келип, маселе козголуп, көйгөйгө айланып жатат? Кемпир-Абад плотинасынын 60% Өзбекстанда, 40% Кыргызстанда турат. Ошо бойдон тура берсин. Биздин суубузду пайдаланып жатабы Өзбекстан, пайдалана берсин. Качан гана бизден сабаттуулар келгенде чечишип алат. Ага чейин ушул бойдон эле турсун. Элдин талабы ушундай”.


Эшикте кезек күтүп турган жарандар колдорундагы плакаттарына «Протоколдор жокко чыксын!», «Кемпир-Абад - ата мурас», «Кемпир-Абаддан колуңду тарт, бийлик!» деп жазып алышкан. Алардын бири Бектур Исаков:

«Бир жыл мурда Ташиев элге жер эмес, сууну бергенбиз деп айткандарына жана Баткенде айткан сөздөрүнө жооп берсин. Жер бергенче, жан бергенибиз артык. Чындыкты билейин деп мен да келдим. Бул көйгөй кантип чечилип жатат, канча жер берилди баарын билишибиз керек».

Чогулгандардын айрымдары жолугушууга кире албай калган, кирсе да күч кызматкерлеринин тоскоолдугуна туш болгонун билдирип жатышты. Өзгөндүн тургуну Венера Мурзаева жолугушууда суроо берип жаткандарды ичкеридегилер көзөмөлдөп, айрымдарын эшикке чыгарып салгандарын айтып, мындай кодулоого өзү учураганын айтып берди:

“Күч органдары эшикке сүрүп чыгарды. Бул бийлик күч органдарына убактылуу эле, түбөлүк берилген эмес. Ошол балдарды да мага окшогон эне төрөгөн. Президент да, 20 депутат да Кемпир-Абад маселеси боюнча келишкен. Эң өкүнүчтүүсү, ушул жерде да чындык болбой жатат. Кемпир-Абад деп келгендин баары эшикте калып, ички залда жарымы "дежур", жалданма адамдар экен, акча менен кирген... Жарымы кызматкерлер экен. Кемпир-Абадды бербейбиз дегендин баары эшикте калды. Бийликке кайрылат элем: Кемпир-Абад мурун кандай болсо, ошондой калтырып коюнуздар. Эл каршы”.

Президент Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Өзгөндөгү жолугушуудагы дооматтарга Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

"Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычынын маселелери тууралуу кеңири маалымат, суроолорго жооп берилүүдө. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Мамлекет башчы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө", - деп жазды Султанбаев.


Өзгөндөгү эл менен жыйынга Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым депутаттар да катышты. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров буларды билдирди:

"Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да".

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев талкууланып жаткан чек ара маселеси парламентте да дыкат каралат деп айтты. Ал жолугушуу курч мүнөздө өтүп, бийликти сынга алгандар көп болгонун билдирди.

"Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Алар бир метр дагы жерибиз башкаларга кеткен жок деп жооп беришти. Тескерисинче, 1965-жылы картада Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү, утуш жолу менен чыктык дешти. Жолугушууга келгендердин арасында аларды колдогондор да болду. Бирок ишенбей, "андай эмес" деген дагы тараптар болду. Эми ратификацияга келсе бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы ак же көк деп айта албайбыз. Анткени колубузда бир дагы кагаз жок. Бирок жалпы алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген ойдомун. Казакстан, Кытай менен чечилген. Мына, Өзбекстан, Тажикстан менен калган. Азыр айтылып жаткан чек ара маселесин парламентте да ийне-жибине чейин карап чыгабыз. Кандай болгондо да бардык тарабы эске алынып, чечкиндүү кадамдарга барып, маселеге чекит коюлуш керек".


Эртең мененки саат 10до башталган жолугушуу саат 17ден өтүп аяктады. Кезектешип президент менен жолугушуп жаткандар жыйындын соңунда Кемпир-Абаддын тагдыры элде эки ача пикир калтырганын билдиришти. Жыйынга катышкан Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Абдылда Авазов мындай маалыматтарды айтып берди:

"Кемпир-Абад башка аймактардагы жерлерге алмашуу жолу менен суунун астындагы 6 миңдей гектар жерди берип жатыптыр. 80 пайыздай эл колдоду. Бирок, бул аймакта жашагандардан суроо бергендер аз болду. Көбүнчө жаштар, ал жерди жакшы билбегендер макул болушту. Маселен, жанымдагы киши ошол Кемпир-Абадды курган кишилердин бири болчу. Ушундайлар сүйлөйүн деп кезеги жетпей койду", - деди Авазов.

Өзгөндө өткөн аптада Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу нааразылык акциясы өткөн. Анын алдында бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Былтыр 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны болуп, ага Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Ал 26-мартта Бишкекте маалымат жыйын куруп, эки коңшу Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, андагы сууну чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ташиев кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп билдирген.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдирип чыгышкан.

25-апрелде Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айткан:

"Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз", - деген Ташиев.

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу жалпысынан 1378 чакырым. Анын 98% жакыны такталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG