Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Дале: Баткенде орус аскерлеринин турганын элестетүү мүмкүн эмес


Норвегиянын Хелсинки комитетинин өкүлү Ивар Дале баткендиктер менен. Сентябрь 2022-жыл
Норвегиянын Хелсинки комитетинин өкүлү Ивар Дале баткендиктер менен. Сентябрь 2022-жыл

Сентябрдын этегинде Норвегиянын Хельсинки комитетинин делегациясы Кыргызстандын Баткен облусуна барып кетти. Укук коргоочулар чек ара жаңжалында жапа чеккен айылдыктар менен баарлашып, арыз-муңун угуп кайтышты.

Уюмдун саясий кеңешчиси Ивар Дале "Азаттыкка" курган маегинде Баткендеги абал, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу демилгеси, ушул өңдүү кагылышууларда өзгөчө аялдар менен балдардын укуктарынын тебелениши, көз карандысыз булактардан маалымат алуунун маанисине жана башка маселелерге токтолду.

Комитеттин өкүлдөрү аймакка башка максаттар менен барып, бирок чек арада жаңжал тутангандан кийин, Баткен тарапка өтүүнү чечкен экен.

- Баткенге чет жактан караган киши катары кандай таасирде калдыңыз? Жеринде эмнелерди байкадыңыз?

- Мен Баткенге ар кайсы жылдары бир нече жолу барып кеткем. Ошол кездеги, айталы, 2006-2007-жылдар менен бүгүнкү Баткенди салыштыра алам. Тилекке каршы, ал жактагы кырдаалдын начар жагына өзгөргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Биз Баткендин жака белиндеги мектепке барып, куралдуу жаңжалдан улам чек ара аймагындагы үйлөрүнөн качууга, жер которууга мажбур болгон эл менен жолуктук. Балдар абдан көп экен. Алар капа, көңүлдөрү чөккөн, өзүнчө бир чоң травманы башынан кечирген.

Ал жердеги аялдар менен балдардын баштан кечиргенин айтып бергиси келгенин, ичиндеги муң-зары, санаасы менен бөлүшүп, ошол окуяларды калың эл да билсе экен деген каалоосун сездим. Азырынча ал жерге чет өлкөлүктөр көп барган деп ойлобойм. Там-ташынан, өлөң төшөгүнөн ажыраган адамдар кайгылуу окуяларды айтып беришти. Мен кепке тарткан аялдардын бири күйөөсү кагылышууда каза тапкан экен. Бир нече бала атасынан айрылыптыр. Айтор, алар менен баарлашып жатып, балким, өмүр бою ошол чек ара аймагында жашаган эл кандай кыйын кезеңди башынан кечирип жатканына күбө болдук.

- Чындап эле бул жаңжалга жетиштүү көңүл бурулган жокпу?

- Менимче, жергиликтүүлөрдө өз көйгөйүбүз менен жалгыз калдык деген сезим бар. Биз ал жерде Кыргызстандагы Кызыл чырым уюмунун жергиликтүү кызматкерлерине жолуктук. Алар жакшы иш жасап жатыптыр. Эртеден кечке чейин баш калкалоочу жайга айландырылган мектепте отурган балдар үчүн иш-чараларды уюштурушуптур.

Гуманитардык жардам берип, эң керектүү нерселерди сатып беришиптир. Менин билишимче, Human Rights Watch уюмунун кызматкерлери бизден эки-үч күн мурда барып кеткен. Албетте, баткендиктерге көңүл бурулууда. Ал эми эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда азыр Украинадагы уруш кала берүүдө. Согуш абдан маанилүү болгондуктан, дүйнөдөгү башка чоң окуялар көлөкөдө калып келет. Албетте, Фергана өрөөнүндөгү жаңжал Украинада согуш болуп атат деп тынчып калбайт да. Анын үстүнө Баткен алыс, машине менен жетсе болот деңизчи. Бирок бишкектиктердин көбү ал жерге барып деле көрбөсө керек. Ош, Жалал-Абадга барышса да, Баткенде болуп көргөн эмес. Бул жагынан алганда, айрым кыргызстандыктар үчүн да Баткен жердин түбүндө орун алган.

- Бул ирет Тажикстанга баруу планыңыз болбоптур. Бирок жалпысынан сиздердей эл аралык уюмдарды ал өлкөгө оңой-олтоң коё беришеби?

- Норвегиянын Хельсинки комитетинин өкүлдөрүнө Тажикстанга баруу мурда татаал эмес болчу. Биз жарандык коом менен жыйындарга, шайлоолорго байкоо салуу үчүн барып эле жүрдүк. Балким, беш жылдан бери Тажикстандагы кырдаал өзгөрдү. Бийлик оппозицияны куугунтуктап, эң чоң оппозициялык партияга тыюу салынган, көз карандысыз маалымат каражаттары жабылган. Мунун бардыгы чек ара жаңжалы чыкканда оркоюп көрүнүп калды. Ишенимдүү маалымат алууда эркин медиа канчалык маанилүү экени даана билинди. Тажик тарапта ошол маалда болуп жаткан окуялар тууралуу көз карандысыз маалымат бергидей журналисттер жок болду. Бийлик билдирүүлөрдү жасап, мамлекеттик маалымат каражаттары аларды андан ары таратып жатты. Бирок Кыргызстандагыдай медианы ал жерде көрө алган жокпуз. Көз каранды эмес агенттиктер кабарчыларын Баткенге жөнөтүп, бийликтегилер айтып жаткан кабарлардын чын-төгүнүн текшере алышат.

- Ушул өңдүү жаңжалдарда ишенимдүү, бурмаланбаган маалымат алуу абдан маанилүү болсо керек?

- Ооба, абдан маанилүү. Менимче, бул жаңжалда ушул жери чоң маселе жаратты. Анткени, маалымат бир эле тараптан - Кыргызстандан келип жатты. Ал эми Тажикстандан андай болгон жок. Мындай абалда кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу кыйын. Таяна турган маалыматың жок болсо, кантип ушундай, тигиндей болуптур деп бир бүтүмгө келе аласың?

Баткенде жүргөнүмдө дагы бир нерсе оюма келди. Ушул өңдүү чыр-чатактардын хронологиясын түзүүдө бай тажрыйбага ээ укук коргоо уюмдары бар. Мен биринчи кезекте орусиялык “Мемориал” борборунун өкүлү Виталий Пономарев жана Human Rights Watch уюмунун аймактык жетекчиси Мира Ритманды ойлоп атам. Экөө тең бир нече жыл мурда Кыргызстанда персона нон-грата деп жарыяланган. Кыргыз өкмөтүнө аларды "кара тизмеден" чыгарыш керек, бул жүйөсүз деп айтып келатабыз. Чек ара жаңжалында Нобель тынчтык сыйлыгынын быйылкы лауреаты, “Мемориал” уюмунда иштеген Пономарев өңдүү эксперт жерине барып, далилдерди чогултуп, системалаштырып, иликтөө жүргүзсө жакшы болмок. Биз болсо андай иш менен алектенген эмеспиз, эки эле күнгө барганбыз.

- Куралдуу жаңжалдарда кайсы топтор өзгөчө аярлуу болуп эсептелет?

Чек ара жаңжалынан жабыркагандар башкалкалаган мектеп. Кыргызстан, Баткен. сентябрь, 2022-жыл.
Чек ара жаңжалынан жабыркагандар башкалкалаган мектеп. Кыргызстан, Баткен. сентябрь, 2022-жыл.

- Биринчи кезекте жер которууга аргасыз болуп, мектепте башкалкалаган балдар оюма келет. Окуу жараяны үзгүлтүккө учураган. Ушундай жапжаш болуп алып, баштарына оор мүшкүл түшүп атат. Андан тышкары кошуна эл, тажиктер жөнүндө көптөгөн терс нерселерди угуп келатышат. Аркы тарапта ушундай эле сөздөр кыргыздардын дарегине айтылганынан күмөн санабайм. Балдар кичинекей кезинде ушул өңдүү окуялардан көп жабыркайт, бул абдан аянычтуу.

- Сиз кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эч кимге кереги жок жаңжал деп атагансыз. Ушундай кагылышуулардын алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл?

- Кыргыз жана тажик маданияттары, тилдери айырмаланганы менен алар жүздөгөн, миңдеген жылдан бери жанаша жашаган, бири-бирин жакшы билген элдер. Мындай чыр-чатактардын бардыгы эки өлкө тең бир кездери жашаган советтик доордо чийилген карталардан улам тутанып отурат. Менимче, тараптардын чогуу-чаран отуруп маселени жөнгө салуу аракетин көрүүгө даремети жетет. Алсак, 2010-жылы эле Кыргызстанда улуттар аралык жаңжал чыкпады беле. Буга карабай, Кыргызстан менен Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстанга караганда чек аралардын делимитациясына келгенде жакшыраак иштешип жаткандай. Мунун себебин айта албайм. Менин көз карашымда советтик мезгилде чийилген карталардын айынан ушунча кишинин каза болушу таптакыр акылга сыйбаган иш.

- Азыр жаңжалды жөнгө салууга ЖККУнун контингентин тартуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Сиз мындай кадамга кандай карайсыз?

- Ооба, мен Кыргызстандын Коргоо министрлигинен болсо керек, ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Баткен облусуна алынып келиши мүмкүн деген сунуш түшүп жатканын уктум. Менимче, бул абдан туура эмес идея. 2007-жылы аймакка барганымда, тажиктер менен кыргыздардын өз ара мамилелери канчалык чиеленишкенин, эл бири-бири менен аралашып-жуурулушканын көргөм. Андай мамилелерге ушундай аскердик жол менен кийлигишүүгө зарылчылык жок. Баткенде туш-тушта орус, беларус аскерлеринин текшерүү пункттары жайгашканын, эки жакка каттагандардын документтерин текшерип турушканын элестетсеңер. Менин пикиримде, бул абдан акылга сыйбаган идея. Бул Кыргызстандын да, Тажикстандын да кызыкчылыгына каршы келген жаңжалдын “тоңдурулушуна” гана алып келет. Ошол чет элдик аскерлер чөлкөмдөгү кырдаалды жакшы түшүнүшпөйт. Менимче, жаңжалдын ырбашына, узарып кетишине салым кошушу ыктымал.

- Жергиликтүү эл чет элдик аскерлердин жайгашуусуна кандай карашы мүмкүн?

- Эл менен сүйлөшкөндө толгон-токой конспирология теориялары аралап жүргөнүн түшүндүм. Мисалы, Украинадагы согуш башталгандан кийин Путин биринчи жолу сыртка чыкканда эмне үчүн Тажикстанга барды деп айтышат. Тажиктердин Телеграм-каналдарында чек арадагы чырга орустар аралашкан деген өңдүү ойлорду окууга болот. Айтайын дегеним, ушундай абал түзүлүп жатса, ЖККУнун күчтөрү жаңжалды жөнгө салууга кантип жардам берет? Орусия, Путин ушу тапта абдан кыйын абалда экенин да эстен чыгарбоо зарыл. Орус бийлигинин бүт санаасы азыр Украинадагы согушта. Путиндин Фергана өрөөнүндөгү кыргыздар менен тажиктерге жакшылык кылайын деген ою деле жок болсо керек. Ал биринчи кезекте өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөйт. Чынын айтсам, бул идеядан оң бир нерсе күтпөйм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG