Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Баткенде курман болгон аскерлердин жакындарына 1,2 миллион сом, батир берилери айтылды


Баткен. 2022-жылдын 20-сентябры. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. 2022-жылдын 20-сентябры. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1,2 миллион сом кенемте төлөнөт жана батир берилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда президент Садыр Жапаров чек ара маселесине байланыштуу жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен өткөргөн жыйында билдирди.

Ошондой эле Жапаров жараат алган аскер кызматкерлерине 100-200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин айтты.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун, 200дөйү жараат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, каза тапты делген 81 кишинин тизмесин жарыялады, тажик тарапта да талкаланган турак жайлар бар экенин жазды. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Садыр Жапаровдун бүгүнкү жолугушуусу жабык өттү. Анын басма сөз кызматы "Жапаров 20-октябрда президенттин администрациясынын имаратында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага жакын айылдарынын тургундары, өлкөнүн активдүү жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, чогулгандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аларга толук жооп алышты" деген маалымат таратты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG