Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун жаңы толкуну


Баткен, Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.
Баткен, Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат деп бири-бирин айыптады. Эки тараптын чек аралаш аймактарындагы шектүү кыймыл-аракеттер тууралуу жергиликтүү тургундар да байма-бай билдирип, коркунучтун алдын алууну бийликтен суранып жатат.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Тажикстан 25-сентябрдан тартып чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатканы жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталганы тууралуу билдирүү жарыялады.

19-октябрда таркатылган бул билдирүүгө далил катары сүрөттөр жана видеотасмалар тиркелген.

Анда “Тажикстан чек арага жакын аймактарга аскерлерин жана техникасын топтоп, бул үчүн “Тез жардам” машиналарын колдонуп, “Головной” деген жердин тушуна жарандык автомашиналар менен ок-дары ташып барып, “жалданмаларды даярдоо жана ок-дары топтоого мечиттерди пайдаланып жатканы” белгиленген.

УКМКнын Телеграм-каналынан алынган видео

"Жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ортодо жетишкен макулдашууларды бузгандыгын моюнга алып, аларды оңдоого сөз берет, бирок иш жүзүндө аткарылбай келе жаткандыгы көрүнүүдө. Чек арага канатташ аймактарда жагдайды турукташтыруу протоколуна кол коюлганына карабастан тажик тарап кезектеги чек аралык чыр-чатакка катализатор боло турчу иш-аракеттерди жасоону улантып жатканын Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы өкүнүү менен белгилейт. Чек ара кызматы тажик тарапты кезектеги чыңалуу очогуна алып келе тургудай болгон эки өлкөнүн калкын адаштырууну, жай тургундарды мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шыкактоону токтотууга чакырат", - деп билдирди Чек ара кызматыын өкүлү Жаныбек Турсунбеков.

Андан мурдараак тажик бийлиги Кыргызстанды "чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерди көрүп жатат" деп айыптаган. Коңшу өлкөнүн Чек ара аскерлеринин Согд облустук башкармалыгынын мындай өңүттөгү билдирүүсүн 19-октябрда улуттук “Ховар” агенттиги тараткан.

Анда "2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколдо бекитилген келишимдин талаптары сакталбай жатканы айтылып, кыргыз тарапка Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп, аскердик техниканы тартып, кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерин көрүп жатат" деген кине коюлду.

Тажик тараптын билдирүүсүнө да бир катар сүрөттөр тиркелген.

Эки өлкөнүн атайын кызматтары тараткан виде-сүрөттөр тууралуу маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тараптын жарыялаган сүрөттөрүндөгү техникалар 21-22-сентябрда тартылган кадрлар экенин белгилеп, тажик тарап маалыматты бурмалап жатканын билдирген.

Эки тарап бири-бирин "бузду" деп күнөөлөп жаткан №42 протоколго 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УККнын башчысы Саймумин Ятимов кол койгон. Документ кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде жайгашкан үч чек ара посту менен бир чек ара тозотун алуу, ал аймактарды макулдашкан каттамдардын алкагында кайтаруу, чыр-чатактар көп чыккан тилкелерге байкоо камераларын орнотуу жана тартылган кошумча күчтөр менен аскер техникаларын мурдагы жайына кайтаруу өңдүү пункттарды камтыйт.

Чек арадан чочулаган тургундар

Кыргызстандын чек аралаш айылдарында жашаган тургундар Тажикстандын коңшулаш аймактарында аскердик даярдык иштери байкалып жаткандыгы тууралуу кабарлап жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кооптуу кырдаал тууралуу 20-октябрда парламент депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков маселе көтөрдү.

Сүйүнбек Өмүрзаков
Сүйүнбек Өмүрзаков

"Кечээ менин кеңсеме Баткен менен Лейлектен жаш балдар келишти. Алар "окоп казып, даярданып атканын көрүп жатабыз, маалымат алып атабыз, оор техникалар алыска кеткен жок" деп айтып атышат. Протокол, келишимдерге кол койгондон кийин дагы бир жолугушуу өткөрүп "мындай маалымат алып атабыз, видеотасмалар чыгып жатат" деп айтыш керек. Унчукпай отура берсек, эртең эмне болот? Жарандар "окоп казып атат, курал-жарак алып келип атат" деп айтып жатса да өткөндөгү окуялар чыккан. Ушул боюнча тез арада сүйлөшүү жүргүзүш керек. Ал жакта эки мамлекеттин биргелешкен кайгуул кызматы жүрүп жатат. Ошого карабай ушундай нерселер болуп жатат".

19-октябрда Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, Баткен облусуна абадан коргонуучу аскердик техникалардын жайгаштырыларын айтып өткөн.

"Бүгүнкү күндө абадан коргонуу боюнча "БелТехЭкспорт" менен жакшы бир келишимге кол коюп жатабыз. Ушул айдын аягында "Печора 2БМ" деген абадан коргонуучу заманбап зениттик-ракеталык комплекси бул жакка келет. Кудай буюрса, аны Баткен облусуна коюп, ошол жерден абабызды жапканга чоң аракет кылып жатабыз".

Парламенттин экс-депутаты, атайын кызматтын отставкадагы офицери Улукбек Кочкоров коргоо министрин жашыруу маалыматты жарыялайт деп сындады.

"Дегеле ар бир мамлекетте кандай куралы бар, каякта жайгашкан жана анын саны боюнча өтө жашыруун маалыматтар да. Бүгүн ушундай жетекчилерге ээ болгонубузга мен аябай өкүнүп турам. Кантип ушунда жөнөкөй адамдын акылы жетип турган нерсеге ушундай чоң кызматта турган адамдардын акылы жетпей жатканына таң калып атам. Мына ошондой туура эмес иштерден улам Баткенде болуп өткөн акыркы эки окуялар чыкты. Жүз элүү миңдей адам темселеп, ар кай жакта жүрүп атат. Бүгүнкүгө чейин алты жүздөй үйлөр күйүп, ар ким ар жерде жүрөт. Аны сураган адам жок. Сөз жок!".

"ЖККУ арачы болсо..."

Эки коңшу бири-бирин чек ара аймактарына курал-жарак топтоого айыптап жаткан маалда министр Бактыбек Бекболотов Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кыргыз-тажик чек арасына аскер күчтөрүн жайгаштырууну сунуштаганын жарыялады.

Бул тууралуу министр Бекболотов ЖККУнун Баш катчысы Станислав Заска сунуш кылганын билдирди.

Бактыбек Бекболотов.
Бактыбек Бекболотов.

"Мен ага кыргыз менен тажиктин ортосунда арачы турбаса тынчтык болбосун айттым. Анткени ар кимисинин өз чындыгы бар. Маселен, ошол эле ЖККУнун чакан күчтөрү эки өлкөнүн чек арасындагы талаштуу тилкелерге жайгаштырылып, ага үч милдет жүктөлүшү керек. Биринчиси - ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө, экинчиси - оор аскердик техникаларды мамлекеттик чек арадан алып кетүүнү көзөмөлдөө. Ушул эки милдетти аткарган соң кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо боюнча кийинки саясий милдетти да аткарышы зарыл".

Өткөн аптада Астана шаарында Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмондун катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөн.

Путин кыргыз-тажик чек ара талашын жөнгө салууда Москванын колунда эки өлкөнүн өзүндө жок, ишенимдүү документтер менен карталар бар экенин айткан.

19-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын чечүү маселесинде Орусиядагы карталар карала турганын айтты:

“Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасында жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Аларды тастыктап беришсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча да макулдашууларга бир кадам жакындамакпыз. Биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз. Бардык маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди Жапаров.

Мунаса зарыл, бирок арачы бейтарап болобу?

Эксперттер ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн аймакка жайгаштыруу опурталдуу экенин, бирок Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүүдө бейтарап күчтөрдүн арачылыгына муктаж болуп турганын айтышууда.

Улукбек Кочкоров чек арадагы тутанган жаңжалдарга, жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылганына жана он миңдеген жай тургундун аргасыз качып жүрүшүнө кыргыз бийлигинин алаңгазарлыгы себеп болгонун айтат. Экс-депутат ЖККУну арачы кылып чакыруу сунушу кооптуу чечим экенине токтолду.

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

"Негизи чек ара маселесин ушул деңгээлге чейин жеткирбеш керек болчу. Колдон келбесе аны чечем деп далалат кылбай эле койсо жакшы болмок. Ушул күнгө, ушул абалга алып келген өздөрү. Бүгүнкү күндө ортомчу кылабыз, анын ичинде ЖККУну алып келебиз дегени, менимче, жакшылыкка алып барбайт. Себеби, биз көрүп атабыз, бул конфликттердин аркасында дагы үчүнчү күчтөр бар, алар кимдер экени дагы билинип турат. Анан ушундай жагдайда ушундай чечилиши, менимче, туура эмес".

Тажикстандагы Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин доктору Шокиржан Хакимовдун пикиринде, азыркы кырдаалда тараптар саясий эрк көрсөтүп, конфликттик аймактарда туруктуу иштеген координациялык борбор түзсө жакшы болмок. Эксперттин пикиринде, ал борборду чек ара маселелерин чечүүгө ыйгарым укугу бар комиссиялардын башчылары катары эки өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилери башкарышы шарт.

Шокиржан Хакимов
Шокиржан Хакимов

"Кандай болбосун, маселенин чечилбей турганы аскердик чыр-чатактарга алып барат. Эгерде Орусия өзүнүн таасири менен тараптардын талаш-тартышын чече албаса, анда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму же Бириккен Улуттар Уюмунун адистешкен институттары, Борбор Азияда тарыхый кызыкчылыктары бар Британия, Франция, Иран же коңшулаш Өзбекстан, Казакстан дагы өздөрүнүн арачылык кызматын сунуштаса болот. Башкы максат - тараптарды өз ара ыңгайлуу мунасага келтирүү болуш керек".

16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында тутанган куралдуу кагылышууга эки тарап тең бири-бирин айыптаган. Чыр-чатакка кийлигишип, жөнгө салууга ашыкпаганы үчүн Кыргызстан ЖККУга нааразылыгын жашырбай келет.

Кыргызстан аймактык уюмдун 10-октябрда Балыкчыда өтө турган аскердик машыгууларын бир тараптуу токтоткон. Ушу күндөрү Тажикстанда өтүп жаткан аскердик машыгууларына да катышкан жок.

“Кыргызстандын Коргоо министрлиги машыгууга катыша албай турганын расмий түрдө билдирген. Бул машыгууга кыргыз тарап катышкан жок. Бирок Кыргызстан ЖККУнун эң активдүү катышуучуларынын бири экенин, жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо боюнча бардык иш-чараларга дайыма катышып турарын өзгөчө белгилей кетким келет”, - деди “Азаттык” радиосуна уюмдун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов.

ЖККУнун “Чек-2022” деген аталыштагы машыгуулары 10-21-октябрь күндөрү Тажикстанда, Харбмайдан полигонунда өтүүдө. Ага миңдей адам, 300дөн ашуун техника, учактар, тик учактар жана учкучсуз учактар катышып, “мыйзамсыз куралчан топторго каршы күрөшүү ыкмалары" иштелип чыгууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG