Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Тоолуу Карабак: Баку менен Ереван күч колдонбоону макулдашты


Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. Сочи, Орусия. 31-октябрь, 2022-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. Сочи, Орусия. 31-октябрь, 2022-жыл.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабак жаңжалын чечүүдө "күч колдонбоо" тууралуу макулдашты. Алар мындай келишимге Орусиянын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүдө жетишти.

Ушундай эле форматтагы үч тараптуу жолугушуу эки жыл мурдагы жаңжалдан кийин да өтүп, ок атышпоо келишимдери кабыл алынган. Бирок анын артынан кайрадан кагылыш катталды.

Үч тараптуу жолугушуу

Сочидеги 31-октябрдагы үч тараптуу кездешүүнүн алдында алгач Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжан жана Армения лидерлери менен өз-өзүнчө жолукту. Анда алар эки тараптуу кызматташуудан сырткары Тоолуу Карабактагы жаңжалдарды да учкай кеп кылып, өз жүйөлөрүн келтиришти.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Путин менен кездешүүдө буларга токтолду:

“Өткөн аптада Валдай дискуссиялык клубунун аянтчасында сиз Армения менен Азербайжандын ортосундагы ыктымал тынчтык келишими тууралуу кеп кылдыңыз. Анда Тоолуу Карабакка байланыштуу процесстин айрым параметрлерин белгилеп өткөнсүз. Анын ичинде сиз армян тараптын кызыкчылыгындагы айрым принциптерди колдой турганыңызды да бышыктагансыз. Мен ушул жерден мурдагы келишимдерге карабай, Азербайжан Арменияга каршы кеңири масштабдагы агрессия жүргүзгөнүн белгилеп коёюн”.

Азербайжан менен Армения 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкон. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Тараптар 2021-жылы да үч тараптуу кездешүү өткөргөн.

Алиев, Путин жана Пашинян. Сочи, Орусия. 26-ноябрь, 2021-жыл.
Алиев, Путин жана Пашинян. Сочи, Орусия. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Бирок быйыл сентябрда Тоолуу Карабактан тутанган чыр армян-азербайжан чек арасындагы жаңжалга алып келди. Анда Армения чек арадагы кагылышууда 207 киши курман болгонун же дайынсыз жоголгонун билдирди. Азербайжандын бийлиги соңку кагылышта 79 аскерин жоготконун кабарлаган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев эки тараптуу кездешүүдө мындай деди:

“Карабак жаңжалы – бул эми тарых, ал эки жыл мурда чечилген. Ошондуктан ал контекстте талкуулай турган деле нерсе жок. Ал эми азербайжан-армян чек арасында мамилелерди калыбына келтирүү – албетте, олуттуу кадамдарды талап кылган формат”.

Соңунда лидерлер жаңы сүйлөшүү айлампанын алкагында үч тараптуу үстөлгө отуруп, маселени талкуулашты. Андагы сөздөр толук жарыяланган жок. Бирок алар башында сунушталган келишимдин долбооруна кол коюшпаганы белгилүү болду. Андагы бир катар пункттарды алып, андан соң гана кабыл алышты.

Мында эки өлкө "жаңжалды бири-биринин эгемендигин, аймактык интеграциясын сыйлоого таянып чечүүгө", Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставдарына жана 1991-жылдагы Алматы декларациясына жараша жөнгө салууга макул болушканы белгиленген. Башкысы Тоолуу Карабак жаңжалын чечүүдө "күч колдонбоо" тууралуу макулдашуу болду. Кабыл алынган документте азырынча чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо сыяктуу маанилүү маселелер камтылган жок.

Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында суроолорго жооп берип жатып, буларга токтолду:

“Макулдаша албай калган маселелер жөнүндө кеп кылсак, ал тууралуу айтууга мүмкүнбү? Мүмкүн. Бирок кереги жок. Анткени, эгер алар ушул мезгилге чейин жөнгө салынбай жатса, ага прессанын, коомчулуктун көңүлүн буруунун зарылчылыгы жок. Аны жабык режимде, акырын талкуулап, макулдашуу керек. Бул эки тарап үчүн тең сезимтал, өтө кылдат нерселер. Мен аларды өнөктөштөрдүн макулдугусуз жарыялоого укугум жок деп эсептейм”.

2020-жылкы биринчи сүйлөшүүнүн алкагында Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Ал эми кесилишкен тилкени Орусиянын 2 миң адамдан турган тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Ереван орус аскерлеринин мандатын дагы беш-он жылга узартууну, же болбосо чек арага Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик аскерлерин киргизүүнү демилгелеген. Бирок бул суроолордун башы ачык бойдон калды.

Эммануэл Макрон, Никол Пашинян, Илхам Алиев, Шарль Мишель. Прага, Чехия. 6-октябрь, 2022-жыл.
Эммануэл Макрон, Никол Пашинян, Илхам Алиев, Шарль Мишель. Прага, Чехия. 6-октябрь, 2022-жыл.

Армения менен Азербайжан Орусиядан сырткары Европа Биримдигинин ортомчулугунда да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Армян премьер-министри Никол Пашинян менен азербайжан президенти Илхам Алиев 6-октябрда Прагада Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин арачылыгында да кездешкен. Анын жыйынтыгында Европа Биримдигинин жарандык миссиясы жаңжалдашкан эки өлкөнүн чек ара тилкелерине жөнөтүлдү.

Тоолуу Карабактагы кырдаал

Үч тараптуу жолугушуунун алдында – 30-октябрда Тоолуу Карабакта өзүн-өзү республика жарыялап алган жикчил түзүмдүн борбору Степанакерте (Ханкенди) шаарында көз карандысыздык үчүн митинг уюштурулду.

Өзүн мамлекет деп жарыялаган “Тоолуу Карабак Республикасынын” өкмөт башчысы Артак Бегларян митингге бул чөлкөмдүн калкынын үчтөн бири экенин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Армяндар аталган аймакты Арцах деп аташат.

“Арцахтын эли Улуттук жыйындын кезексиз сессиясына тушташ өтө чоң митинг өткөрдү. Дээрлик 40 миңдей адам (жалпы калктын 33%) Степанакерте жана анын райондоруна чогулуп, Улуттук жыйын менен чогуу өз тагдырыбызга өзүбүз ээлик кылууга жана Ата Мекенибизди коргоого эркибиз жетерин бышыкташты. Арцах эч качан Азербайжандын курамында болгон эмес жана болбойт дагы”.

Степанакерте (Ханкенди) шаарындагы митинг. 30-октябрь, 2022-жыл.
Степанакерте (Ханкенди) шаарындагы митинг. 30-октябрь, 2022-жыл.

Степанакерте шаарындагы митингдерге тушташ эч бир өлкө тааныбаган республиканын парламенти чөлкөмдүн Азербайжандын көзөмөлүнө өткөрүлүшүнө каршы кайрылуу жарыялады. Алар үч тараптуу жолугушууларда жаңжалды жөнгө салуунун өзөгүн куду ушул маселе түзүшү керек экендигин белгилешти.

Бирок Азербайжан Тоолуу Карабакты өзүнүн бир бөлүгү катары карайт жана ал эч качан өз алдынча республика болбой турганын, Арменияга берилбесин билдирип келет. Ошол себептүү жаңжалга бүгүн-эртең чекит коюлушу реалдуу болбой турат.

“Азаттыктын” азербайжан кызматы 31-октябрдагы макаласында соңку сүйлөшүү боюнча Азербайжандагы “Атлас” изилдөө борборунун эксперти Эльхан Сахиноглунун төмөнкүдөй талдоосун келтирди:

“Тараптардын көз караштары бири-биринен 180 градуска айырмаланат. Бул Сочиде же башка жерде бир күн жолуга калуу менен эле чечилбейт. Соңку сүйлөшүүдө макулдаша албай калдык деген маселелер, менимче, бизге басым катары колдонулчу нерселер окшойт. Анткени Валдай форумундагы сөзүндө президент Путин Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн сыйлабай турганын көрсөткөн жана Карабакты талаштуу аймак катары сүрөттөп койгон. Менимче, Европа Биримдигинин арачылыгында өтүп жаткан сүйлөшүүлөр Азербайжанга пайдалуу. Ага Азербайжандын президенти да, Армениянын премьер-министри да канааттанып жаткан. Азыр анын алкагында төрт жолугушуу өткөн, бешинчиси эми болот. Анын алкагында да тынчтык макулдашуусу даярдалууда. Бирок Орусия ага тоскоолдук кылып жатканы байкалып калды. Ошентсе да кечээги сүйлөшүүдө Илхам Алиев да, Никол Пашинян да Путиндин ортомчулугуна кызыкдар эмес экенин көрсөтүшкөндөй болду”.

Армения менен Азербайжандын кеп болуп жаткан аймакка байланыштуу талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен армян тектүү тургундар жашаган Тоолуу Карабак автономдук облусу Армян ССРинин колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаган, 1991-жылдын сентябрында болсо өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Республикасы” деп жарыялаган.

Армения менен Азербайжандын картасы. Тоолуу Карабак ортодо ачык көк түс менен белгиленип турат. "Настоящее время" телеканалы түзгөн карта.
Армения менен Азербайжандын картасы. Тоолуу Карабак ортодо ачык көк түс менен белгиленип турат. "Настоящее время" телеканалы түзгөн карта.

Ортодо чыккан согуштан улам 1988-1994-жылдары 30 миңдей адам өлгөн. Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этникалык азербайжандар качкын болгон же жер которгон.

“Тоолуу Карабак Республикасын” расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бир да өлкө, анын ичинде Армения да тааныган эмес. 1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG