Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:43

Армения: ЖККУдан чыгуу талабы, Пелосинин Ереванга сапары


Армениянын ЖККУдан чыгышын талап кылгандардын митинги. 8-сентябрь, 2022-жыл. Ереван.
Армениянын ЖККУдан чыгышын талап кылгандардын митинги. 8-сентябрь, 2022-жыл. Ереван.

Ереванда Армениянын Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуусун талап кылган митингдер өттү. Тоолуу Карабактагы соңку куралдуу кагылышууда армян бийлиги аскердик бирикмеге жардам сурап кайрылган. Бирок уюмдун атайын миссия жиберүү менен гана чектелген кадамы армяндардын нааразылыгын жаратты. Ал арада Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси Ереванга барып, Азербайжанды жаңжалдын тутанышы үчүн айыптады. Баку бул дооматты "негизсиз" деп четке какты.

18-сентябрда Ереванда митингдин катышуучулары Орусия башында турган аскердик бирикме Арменияга эч кандай колдоо көрсөтпөй жатканын айтып, бийлигин Батыш мамлекеттери менен кызматташууга чакырды.

"Кандай жаңжал болбосун бул уюм Арменияга эч кандай жардам көрсөтпөйт. Андан эч кандай пайда көрө элекпиз. Биз бул бирикменин туткунунда калгандайбыз. Анын алкагында өзүбүздүн коргонуубузду өнүктүрө албай, толук эркин болбой, өнүккөн мамлекеттер менен кызматташтыгыбызды чыңдай албай атабыз", - дейт акцияга чыккандардын бири Арам Геворакян.

13-сентябрда Тоолуу Карабакта чыңалуу башталганда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян ЖККУга кайрылып, жардам сураган. Андан соң уюм кырдаалга жеринен байкоо салуу үчүн атайын миссия жөнөтүү чечимин кабыл алган.

ЖККУнун Бириккен Штабдарынын жетекчиси Анатолий Сидоров башында турган алгачкы топ Армения менен Азербайжандын чек арасындагы бир нече тилкеде өз байкоолорун жүргүзүштү.

Сидоров армян-азери жана кыргыз-тажик чек араларындагы соңку куралдуу кагылышуулар уюм үчүн жагымсыз экенин белгиледи. Кийинки аптада бул бирикменин баш катчысы Станислав Зась дагы Ереванга барары күтүлүүдө.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян жана "Азаттыктын" армян кызматынын кабарчысы. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян жана "Азаттыктын" армян кызматынын кабарчысы. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Бирок армян эли ЖККУну убагында аскердик жардам көрсөтпөгөнү үчүн айыпташууда. Мындай дооматтар жогорку деңгээлде дагы айтылды. Маселен, Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян "Азатутюн" радиосуна курган маегинде "Жамааттык коопсуздук келишим уюму Еревандын өтүнүчүн канааттандырган жок", - деп билдирди. Ал ошондой эле Еревандагы митингдер Армениянын эмес, дал ушул уюмдун "баш оорусу" болушу керек экенин кошумчалады.

"Биз Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылганда Арменияга аскердик жана аскердик-саясий жардам көрсөтүүнү суранганбыз жана ошону күткөнбүз. Болгон максатыбыз Армениянын суверендүүлүгүн коргоо жана азербайжандык аскерлердин өлкөбүздүн суверендүү аймагынан чыгарылышы эле. Бирок биздин талабыбызды аткарышкан жок", - деди Григорян.

Орусия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген уюмдун дарегине кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулдан кийин да сын-доомат күчөдү. Айрым эксперттер ЖККУ, ШКУ сыяктуу бирикмелер өз функцияларын аткара албай калды деген пикирин айтышууда.

Ереванга барган Пелоси Азербайжанды айыптады

Ал арада Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси Азербайжанды Тоолуу Карабактагы соңку куралдуу жаңжалдын тутанышы үчүн айыптады. Бул тууралуу ал 18-сентябрда Ереванда Армениянын президенти Никол Пашинян менен жолуккандан кийин өткөргөн маалымат жыйында айтты.

"Азербайжандын Армениянын аймагына жасаган мыйзамсыз жана кан төгүү менен коштолгон чабуулунан кийин өткөн биздин жолугушуубуз өзгөчө мааниге ээ", - деди ал.

Пелоси Армения 1991-жылы Советтер Союзунан көз карандысыздыкка жеткени Ереванга келген биринчи жогорку даражадагы Американын расмий өкүлү болду. Баку Пелосинин билдирүүсүн "кабыл алынгыс" деп айыптады.

"Пелосинин Азербайжандын дарегине айтылган негизсиз жана адилетсиз айыптоолору кабыл алынгыс. Бул Армения менен Азербайжандын алакаларын калыбына келтирүү аракетине жасалган олуттуу сокку", - жазылат Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси жана Армениянын президенти Никол Пашинян. 18-сентябрь, 2022-жыл.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси жана Армениянын президенти Никол Пашинян. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти кийинчерээк билдиргендей, мамкатчы Энтони Блинкен Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен сүйлөшүп "атышууну токтотуу режимин сактап, куралдуу күчтөрдү артка кайтарып жана эки тарап ортосундагы бардык чечилгис маселелерди тынч жолдор аркылуу жайгарууга" чакырды.

Пелоси туулуп-өскөн Калифорнияда АКШдагы этникалык армяндардын коому отурукташкан. Аны Ереванга армян тектүү америкалык аткаминерлер жана Нью-Жерсиден конгрессмен Фрэнк Паллоне коштоп барды.

Пашинян менен жолугардын алдында Пелоси 107 жылдан ашуун мурда Осмон султандыгы маалындагы коогалаңда кыргынга кабылган 1,5 миллион чакты армяндын элесине арналган Еревандагы монументке гүл чамбар койду.

АКШнын Конгресси Осмон империясынын тушунда жүз миңдеген армян "тукум курут болгонун" тааныган резолюцияны 2019-жылы кабыл алган.

Ал эми Американын президенти Жо Байден бул окуяны 2021-жылдын апрель айында "геноцид" деп мүнөздөгөн.

Пелоси май айында Киевге барып, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан. Өткөн айда ал ошондой эле Тайванга барып, бир топ чуу жараткан. Анда Кытай Пелосинин сапарын кескин айыптаган.

Пелосинин сапарынын алдында Армения менен Азербайжан ортосундагы кезектеги кагылышуу болуп, эки тараптан 200дөн көп кишинин өмүрү кыйылган.

Тоолуу Карабактагы жаңжалдын тарыхы

Армения менен Азербайжандын жаңжал жүрүп жаткан аймакка байланыштуу талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен армян тектүү тургундар жашаган Тоолуу Карабак автономдук облусу Армян ССРинин колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаган, 1991-жылдын сентябрында болсо өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Республикасы” деп жарыялаган.

Ортодо чыккан согуштан улам 1988-1994-жылдары 30 миңдей адам өлгөн. Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этникалык азерилер качкын болгон же жер которгон.

“Тоолуу Карабак Республикасын” расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бир да өлкө, анын ичинде Армения да тааныган эмес. 1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда эки тараптан 6500 адам мерт кеткен. Орусиянын ортомчулугу менен аяктаган кыска согуштун жыйынтыгында Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон.

Кесилишкен тилкени Орусиянын 2 миңдей тынчтык орнотуучу аскерлери кайтарып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG