Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Түлөбаев Кумтөр боюнча депутаттык комиссиядан маалымат алууну сунуштады


Кумтөрдүн алтыны, архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны, архивдик сүрөт.

Парламентте депутат Балбак Түлөбаев 23-ноябрдагы жыйынында Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасынан маалымат алууну сунуштады. Ал иликтөө иштери кечеңдеп жатканын сынга алды.

"Кумтөр боюнча, алтын боюнча оппозиция дагы, позиция дагы айтты эле, коомчулук дагы күтүп жатат. Депутаттык комиссиянын төрагасын угуп койбойлубу? Баягыда "Кумтөрдүн алтыны кайда" деп кырылып, талашып жаттык эле. Эч нерсе жок, иликтөөнү баштай элекпиз. Төраганы шайладык, анын орун басарларын талашып-тартышып жатып шайладык. Ошондон бери иш жок. Биз комиссияны анын төрагасын, орун басарын шайлоо үчүн гана түздүкпү? Кумтөрдүн алтыны каякта деген жоопту эл күтүп жатат. Быйылкы алтын кайда? Ошону тактап, коомчулукка ачык жарыялап койбойлубу. Бүгүнкү жыйында ушул комиссияны угуп коелу",-деди Түлөбаев.

Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депуттык комиссиянын төрагасы сессияда жок экенин айтып, ал келген маалда маалымат алууну снуштады.

"Кумтөр голд компани" ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия сентябрь айынын аягында түзүлгөн жана бир айдан кийин анын төрагасы болуп депутат Исхак Масалиев шайланган.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде бул депутаттык комиссия анын демилгеси менен түзүлгөнүн билдирген. Анда кенден казылган алтын учурда Улуттук банкта сакталып турганын айткан.

Анын алдында Улуттук Банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканы, анын 700 миллиондой доллары акчанын курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшалганы белгилүү болгон. Бул жагдай Жогорку Кеңеште сөз болуп, сын айтылган.

Ушул жылдын август айында “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

Мындан көп узабай Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачык айтылбай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Өткөн айда Кумтөр кениндеги соңку жагдайды жана алтындын сатылышын иликтөө үчүн коомдук комиссия дагы түзүлгөн жана анын төрагасы болуп саясатчы Азимбек Бекназаров шайланган. Бекназаров учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурат.

XS
SM
MD
LG